АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Жашоосунда өзүнүн дилине жакын, жан дүйнөсү менен сүйгөн бир адамды тапты. Эч нерсеге карабай бири-бирин жакшы көрүштү. Эми ага калп айтканга аргасыз. Айдай Илимди жалдырап карап тура берди. Илимдин шектүү көз карашынан кыйналып кетти.

– Үйгө кирбейсиңби?

– Жок.

– Анда жакшы эс ал.

Башка эч нерсени айтпай бурулуп жанынан өттү. Илим артынан карап кала берди. “Тиги адамдын эмнесине кызыкты, акчасынабы? Жок, жолунан мындан көп акчалуулар чыккан. Айдайдын өзүнүн деле акчасы жок эмес. Эмнесине? Бул аял дегенди түшүнүү мүмкүн эмес” деди итатайы тутула. Машинесине отурду да жөнөп кетти. Айдай жалгыз калды. Ушул учурда телефонуна видео келди, Эмилден экен. Жанагы коркуткан видеосу окшойт. Колдору калтырап жатып араң ачты. 17 жыл мурунку Айдай! Халат кийип отурат. Жанында уулун уурдап кеткен Нурдан! Жүзү деле бир аферисттикине окшобогон акылдуу, интеллигент жигит. Жүрөгү оозуна тыгыла берди. "Бул акмактын жүзүн көрбөй өлүп калсам кана" деди ичинен.

– Билимиң, эч кимиң жок экен. Жаш бала менен эмне кыласың?

– Билбейм.

– Эгер баласыз, колунда бар адамдардын бири сенден балаңды сураса эмне кылмаксың? Балаңдын келечеги үчүн аларга берет белең? Өзүң минтип жүрсөң...

– Баламдын келечеги үчүнбү?

– Ооба, экөөбүз үйлөнгөндөн кийин дагы балалуу болобуз. Бул баланы, балким...

– Алар жакшы адамдарбы?

– Ооба.

– Билбейм, Нурдан, балким, баламдын келечеги үчүн макул болом.

Видео ушул жерден үзүлүптүр. Айдай жүзүн жаап отура калды. Нурдан аны качан видеого тартып алганын билбейт. Дегеле ушундай темада сөз болгону эсинде жок. Бирок баланы бирөөгө берем деген ой башына эч качан келген эмес. Бирок чарасыз абалда калганы, эч бир жакын тууганы жок шаарга келип алганы менен корккону эсинде. Тиги ошол абалынан пайдаланган тура. Кантип бул капканга түшүп калган? Видеонун калган бөлүгүндө эмне деди экен? Ушул учурда телефонуна билдирүү келди. “Калган бөлүгүндө отуруп алып жайма-жай “баламды сатам” деген өз сөзүң бар. Муну Эмир биле турган болсо...”

Айдайдын денеси муздай түштү. Эмир аны жек көрүп карап жатканын элестеткенде баарына даяр болуп кетти. Эмилдин ойношу эмес, үй кызматчысы болгонго да даяр эле. Болгону Эмир билбесин. Эмир аны жашоосунун калган бөлүгүндө жек көрүп жүрүп өтпөсүн. Апасын жек көрүү өз башынан өткөргөн бир сезим. Анын кандай кыйын экенин Айдай жакшы билет. Ушул учурда Эмил эмне кааласа аткара турганын Айдай сезип турду. Эмне болсо ошол болсун. Уулун жоготпош үчүн ал баарына даяр!

ххх

Эмир Ажарды өзү тапкан профессорго алып келди. Ал бардык анализдерди карап туруп “аз болсо да үмүт бар” деди.

– Кандайча?- деди Ажар таң кала. – Мен далай доктурда болдум. Баары бир ооздон...

– Аз болсо да үмүт бар. Ал үчүн тез арада операция жасашыбыз керек. Бирок операция үчүн организм аябай алсыз. Алгач күчтөйлү.

– Кантип?

– Азыр ичип жаткан дарынын баарын токтотуңуз. Мен сизге башка дары жазам. Ал тез арада организмди күчкө толтурат.

Профессор сүйлөп жатты. Ажар чындап эле караңгы жерден бир шоола тапкандай үмүт кыла баштады. Эмирдин көздөрү жайнап кетти. Экөө ал жерден жакшы маанайда чыгышты.

– Мына, апа, айттым эле сизге. Бир жол табылат деп айтпадым беле? Бул адамды кыйын деп уктум. Көп кишинин өмүрүн сактап калган экен. Өх, апа, мен буга ишенип турам. Сиз жакшы болуп кетесиз.

– Тентегим десе, чын эле менин да үмүтүм жана түштү. Болгону, Эмир, атаңа эч нерсе деп айтпа, бул тууралуу билбей эле койсун.

– Мен дагы сизден ушуну суранайын деп тургам. Ал жаман сөздөрү менен кайра үмүтүңүздү өчүргөнгө аракет кылат.

Ажар уулуна сүйөнө берип жылмайып алды. Күн жаркырап тийип турганын байкады. Айлана жапжашыл. Аалам таптаза, супсулуу көрүндү. Бул ааламда бир мүнөт болсо да узак жашаган кандай жакшы. Өзүн бактылуу сезди. Азыркы кирип чыккан профессор айткан аз пайыз болсо да “жашайсың” деген ыктымал чын чыгышын каалап жатты.

ххх

Айдай кирип келип Эмирдин жок экенин байкады. Көрүшпөгөнүнө аз болсо да аябай сагынганын байкады. Ичи тызылдап, улам эшикти карай берди. Өчөшкөнсүп күндө рюкзагын артынып кирип келчү баласы бүгүн жок. Сабакты араң бүтүрдү. Бүгүн уулун көрбөй калса жашоосу токтоп калчудай сезим ээледи аны. Телефону өчүк. Жинди болуп кете жаздады. Кайда бул бала? Эч нерсени ойлогусу келбей Ажардын үйүнө жетип барды. Дарбазасы ачык экен. Үйдө Эмил жалгыз эле. Айдайды көрүп алгач таң кала түштү да, мыйыгынан жылмайды.

– Оо, күн мынча жаркырап тийип жатканы эмнеден десе, Айдай өзү келген тура. Мынча эрте сагынып кетет деп ойлогон эмес элем.

– Эмир кайда?

– Эмир кайда? Хм, ойлонуп көрөлүчү. Чынын айтсам, ал бала кайда экенин билбейм, мага отчёт бербей калганына көп болду.

– Ажар кайда?

– Аны да билбейм. Ойгонсом, экөө тең үйдө жок экен. Эне-бала аз калган убакытты чогуу өткөргүсү келгендир. Аларды эмне кыласың, биз тууралуу сүйлөшпөйлүбү?

Жылмайып турган бул адамдын бетин тытып салгысы келди Айдай. Бирок ага карабай жароокер жылмайды.

– Биздин дагы көп убактыбыз болот деп ойлойм.

– Оо, ошондойбу?

– Алгач Эмир кайда экенин билишим керек. Мага жардам бер.

Эмил жылмайды. Бул аялга алгач жөн эле кызыкса, эми белгисиз бир күч менен тартылып бара жаткан эле. Ойлосо оюнан чыкпай, көргөн сайын көргүсү келген бир кумар пайда болгон. “Сүйүүнү түбүнө чейин даамдадым” деген адам буга чейин мындай кумары болбогонун сезди. Айдайга жакындай берди. Аял артка чегинди.

– Алыс ...

– Мен сени...

– Биздин дагы толтура убактыбыз бар,- деди жылмайганынан жазбаган Айдай. Эптеп муну тизгиндеп туруунун бир жолу – калп эле жакшы сүйлөө. Эмил болчудай эмес. Көзүнө эч нерсе көрүнбөй бара жатты. Айдайды кучактап жыгылгысы келди. Ушул учурда дарбаза ачылып Ажар менен Эмир кирип келди. Экөө тең буларды шектене тиктеп калышты.

– Саламатсызбы?- деди Эмир суз гана. “Уулум, мен сени абдан сагындым. Дагы бир күн көрбөсөм өлүп калмакмын” деп жатты Айдайдын көздөрү. Ажар болсо шектүү көздөрүн албай тиктеп турду.

– Жакшы. Эмир, сен эмнеге сабакка келген жоксуң?

– Апам экөөбүздүн ишибиз бар эле.

– Эмнеге телефон чалып айтып койбодуң?

– Мен...

– Эмир мындан ары сиздин тайпада ырдабай турганын айтты, Айдай эжеси. Бүгүн ошол үчүн барбады,- деди Ажар. Анын үнүндө бир нааразылык турганын байкады.

– Эмнеге?- деди ыйлагысы келип.

– Мен убактымдын көбүн апам менен өткөрүшүм керек болуп жатат. Азыр апамдын жанында болушум керек. Башка максаттардын баарын жыйыштырып турушум керек.

– Бирок жакында фестиваль го?

– Балдар менсиз деле сонун барып келишет.

– Көп ырлар сенин аткарууңда болмок. Биз буга көп убакыт кетирип даярдандык. Мындай болбойт да...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1062, 14-20-апрель, 2023-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан