МАЙЫП ЖИГИТТИ СҮЙҮП КАЛДЫМ...

Жашоо сен күтпөгөн сюрприздери менен кызыктуу деген чын окшобойбу. Буга мен жакында дагы бир жолу ынандым. Жашым 29да, 1 кызым бар. 18 жашымда жаштык кылып чоң сүйүү менен турмушка чыгып жатам деп ойлогом. Бирок жолдошум экөөбүз 2 ай жашап эле ажырашып кеттик. Андан кийин окуумду уланттым... Кесипке ээ болдум... Чакан компанияда өз кесибим боюнча иштедим. Кызым да чоңоюп 11ге чыгып калды. Үйүм, автоунаам, кызым, сүйгөн кесибим болсо да эмнегедир бактым бөксөдөй туюла берди. Бир күнү интернеттен таанышуу сайттарын карап чыктым. Жашырганда эмне, бир сыйра таанышууну каалаган мырзалар менен сүйлөшүп да көрдүм. Бирөөсү да жаккан жок... Баары эле жыныстык мамилени сунушташат. Бир мырза “30га чыгып калыпсың, ден соолук үчүн деле жыныстык мамиле керек да” деп күлкүмдү келтирди. Окшош күндөр өтүп жатты, курбуларым менен түнкү клубдарга барып башы бош мырзалар менен таанышууга аракет кылып көрдүм. Жакшы эркектин баары үй-бүлөлүү деген чын экен. “Жакшы мырзадан кантип аял кетмек эле, сен деле 30 жашыңда жигит издеп айныдың” деп коём өзүмө ичимден. Бир күнү жумушта отурсам банкка майыптар арабасында отурган бир жигит кирип келди, сүйлөгөнү орду менен, көз карашы олуттуу, өзүнө майыптыгы боюнча жөлөк пул чыгартуу үчүн кайрылыптыр. Документтери да баары ордунда экен. Бат эле жумушун бүтүрүп бердим. Мен да көз айнекчен, тиги жигит да көз айнекчен болгондуктан көз айнегин каяктан сатып алганына кызыгып сүйлөшүп калдым.

– Сиздин көрүүңүз плюспу же минуспу?

– Экөө тең эмес...

– Кандайча?

– Бул компьютерден коргоочу көз айнек, көрүүм жакшы эле. Көзүм бүркүттүкүндөй, чоң кыз, сиздин жүзүңүздөгү ар бир сепкилди санап бере алам...

Анын көзүмө тике карап сүйлөгөнүнөн уялып жер карап күлүп жибердим. Ошентип таанышып кеттик. Аты Адилет экен, менден 1 жаш улуу. Алгач телефондон сүйлөшүп, кийин жолугушууга өттүк. Экөөбүз 9 ай достук мамиледе сүйлөшкөнбүз. Бирок жакындан бери Адилет сезимин билдирип, баш кошуу сунушун киргизди. Чынында ага, анын тамашаларына кадимкидей көнүп калыптырмын. Арабада отурганы гана болбосо калган жери соо, дарыгерлер да балалуу болсоң болот дешиптир. Өзү IT-адиси болуп иштейт, жакшы табат, кызым экөөбүздү багууга кудурети жетерин айтып жатат. Муну жакындарыма, ата-энеме айта албай кыйналып жүрөм. Ата-энем сүйүктүүмдүн майып экенин билсе чалкасынан кетери анык. Бирок убакытты созбой эртерээк угузуп ары же бери болуш керек. Адилет да “ата-энеңе качан айтасың?” деп күндө шаштырууда. Кантем эми, ата-энемди укпай майып жигитке турмушка чыксам ал экөөбүз ажырашпай жашап кете алабызбы?..

Айнур

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1063, 21-27-апрель, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан