Бээжин Олимпиадасында медаль алып берип, кыргызды бүт дүйнөгө даңазалаган балбаныбыз Руслан Түмөнбаев акыркы күндөрү көрүнбөй кеткен. Жыл жаңырары менен ага байланыштуу түрдүү кептер тарады.
Апта башында кыргыз тилдүү бир гезит Русландын “Республика” партиясына киргендигин жазып чыкты. Мунун чын-төгүнү белгисиз (партиялар рейтингин көтөрүү үчүн катарына белгилүү адамдарды тартуу модага айланбадыбы), бирок биз козгоочу кеп башка...
Бизге балбандын достору Русланды укук коргоо органдарынын кызматкерлери катуу сабап коюшканын, эми кандай айла кылуу керек деп ойлонуп тургандарын кабарлашкан. Алардын айтымында, балбанга балбан достору болушуп, ал эми шаардык прокуратура Финполдун таламын талашкан өңдүү. Натыйжада Руслан ооруканага түшкөн. “Руслан тартип бузса бузгандыр, бирок ал мыйзам чегинде каралышы керек. Погондорго таянып күч колдонуу, сабоо – мыйзамсыз иш. Финполдун катардагы кызматкерлери ким да, Руслан ким? Руслан Түмөнбаев – элибиздин сыймыгы, келечекте да кыргыздын туусун желбиретчү спортчу. Токмок жеп ооруканага түшсө, ден соолугу кандай болду экен? Карьерасына залалы тийбейби?” деп бир топ бушайман болдук.
Учурда Русланга байланышуу мүмкүн болбой турат. Балким, дарыланып жүрөт же бул тууралуу ооз ачкысы келбейт чыгар?.. Мүмкүн, кысым болуп жатат? Бизди кызыктырган суроолорго грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Эмил Алыкулов жооп берди: “Русландын саясий партияга кирген-кирбегенин билбейм. Анткени спорттон тышкаркы жашоосун ал өзү билет. Ал эми спорт боюнча айтсам, эмки аптада боло турган КРнын чемпиондугуна катышат”.
Ошентип, бардык суроолорго жоопту 19-20-январда Бишкектеги Спорт Ордосунда өтө турган грек-рим күрөшү боюнча өлкөбүздүн кезектеги чемпиондугунда алат окшойбуз.
Эльвира Караева
politika@super.kg