“ПЕЙИЛДИ КЕНЕН САЛЫП, КЕНЕН ЭЛЕ ЖАШАСАК...”

– Коомдук унаада бараткам. Арткы орундукта бир келин телефон менен сүйлөшүп баратат. Үнүн бийик чыгарып сүйлөшүп жаткандыктан, анын сөздөрүн кулак сыртынан кетирүү мүмкүн эмес эле. Сыягы, апасы же эжеси менен сүйлөшүп баратат. Үйүнө айылдан кайын сиңдиси жана күйөө баласы балдары менен келиптир. Төшөктөрүнүн баарын сийдик кылып, үйүн чачып жатканын айтып нааразы. Балдары ойноп жатып телевизорун да бузуп салышыптыр. Аа, байкуш дедим. Бир чети, бала-чакасы менен конокко келгенден кийин аларды жакшыраак карап, тигилери деле тыңыраак болбойбу деп да ойлодум. Анан бир кездеги өзүмдүн жашоом көз алдыма тартылды. 1-курстун студенти элем. Байкемдин үйүндө жашап жүргөнүмдүн өзү эле жүк болчу жеңем үчүн. Ага кошулуп кызы да тирешип турчу. Болбосо, өзүмдүн сиңдим. Балким, мен дагы жеңеме жакпагандай бир иштерди кылгандырмын. Жууган идишимди кайра жууп, шкафтарын тарактатып чаңын аарчып калчу. Көзүм жашылданып, тамагым буулуп сүйлөй албай кала берчүмүн. Канча ирет буюмдарым, бут кийимдерим сыртка ыргытылды. Анын баарын сиңдим кылчу. Бирок моюнуна алчу эмес, аны жеңем да, байкем да көрчү эмес. Анан жөн жерден мен уруш чыгаргандай күнөөлүү болуп кала берчүмүн. Бир жолу эртең менен шашып сабакка жөнөп жаткам. Кыш мезгили эле. Бут кийимимди кийсем эле ичи чылгый суу. Чынында, кышкы бир эле өтүгүм бар болчу. Жазгы жука өтүгүмдү кийип кеттим, сабакта бутум тоңуп отурдум, көзүмдөн жашым токтогон жок. Ошол күнү кечинде чоң жаңжал болду үйдө, сиңдим менен кадимкидей мушташтык, тытыштык. Ошондон 2-3 күн өтпөй кечкисин иштей турган жумуш таап, кыздар менен батирге чыгып кеттим. Үйдөгүлөргө эч нерсе айткан жокмун, дарегимди дагы.

Эми ойлоп көрсөм, мен деле анчалык балтай-шалтай эмес экенмин, жеңем деле тим эле жылтыраган таза аял эмес экен. Болгону мээдеги “таракандардын” айынан эле келише албай жүрүптүрбүз. Ал “таракандар” бала кезден эле психикага сиңип калган – “кайындар” темасы. Ооба, кыз балдар жашоону түшүнүп-түшүнгүчө эле “кайнене минтет, тигинтет” деген ойлорду мээсине сиңирет экенбиз. Байкасаңар, турмушка чыга элек кыздардын көпчүлүгү келечекте кайын сиңди, кайын эжелери жок болушун каалашат. А эмнеге? Алдын ала эле кайын эже, кайын сиңдилер менен урушууга моралдык жактан даярданып барышат. Кайын эже-сиңдилер деле периште эмес. Алардын мээсине да келин туугандыкты алыстатат деген бир түшүнүк сиңип калган. Албетте, баарында эмес. Ушинтип болбогон бир түшүнүктөрдүн айынан урушуп-талашып, эртең эле керектен чыкчу дүнүйөнү кызганып жүрүп бул дүйнөдөн өтүп кетет турбайбызбы. Андан көрө, келгиле, ушул чынжырчаны үзөлү дегим келет. Пейилди кенен коюп, кенен эле жашайлычы. Айтмакчы, азыр жеңем менен мамилем жакшы, барган сайын жадырап-жайнап тосуп алып, узатат. Мен да баарын кечиргем...

Жылдыз

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1065, 5-11-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан