АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Ажал менен беттешип туруп, кайра бери кайтуу оңой болбосо керек. Ажар дагы деле аты жаман оорудан айыгып кеткенине бирде ишенсе, бирде ишенбей жатты. Уулу дайыма жанында. Апасынын көзү али жакшы көрбөй жатканы үчүн ага китеп окуп берет. Баласынын коңур үнүн угуп жатып уктоо кандай гана бакыт. Апасы мыйыгынан жылмайып алганын байкады Эмир.

– Эмнеге жылмайып жатасыз?

– Карачы, кичине кезиңде мен сага уктап бара жатканда дайым китеп окуп берип уктатчу элем. Азыр болсо сен мага китеп окуп уктатып жатасың. Бат эле орун алмаштырып койду убакыт. Ошол кезде кандай бактылуу болсом, азыр да бактылуумун.

– Аз калды, апа, жакшы болуп кетсеңиз китепти өзүңүз окуйсуң.

– Билем, сенин китеп окуп берген убагыңды сагынам го, ээ?

– Баса, апа, сиз, буюрса, жакшы болуп калдыңыз. Эми жаңылыктарды айта берейин, ээ?

– Ии?

– Жакшысынан баштайынбы, же жаманынанбы?

– Жакшысынан...

– Биз фестивалда биринчи орунду камсыз кылдык. Элестетиңиз, канча өлкө катышкан фестивалда бизге биринчилик берилди. Уулуңуз менен сыймыктансаңыз болот. Чындыгында менин талантыма эң биринчи ишенгендердин бири сизсиз да. Сиз жанымда болсоңуз кандай сонун болмок!

Ажар жылмайып гана койду.

– Сүйүнгөн жоксузбу?

– Сүйүндүм. Сенин чоң сахнада ырдап жатканыңды өз көзүм менен көргөндө кандай сонун болмок!

– Видео бар, анан көрсөтөм, ээ? Айдай эже аябай ыраазы болду. Ыйлады дагы. Менден көзүн албай ыйлай берди. Бир гана мен, анан ал жеңишке жеткендей болуп...

– Хм, бирок сен музыка меники эмес дедиң эле... Таштайм дедиң эле.

Эмир ойлоно калды. Башын чулгуй берди.

– Экинчи жаңылыкты айтайынбы?

– Ооба.

– Атам мага сиз менен ажырашам деп сөз берди. Мен фестивалга барбайм, сиздин жаныңызда болом дегем. Бирок атам эгерде фестивалга барып утуп келсем, анда сиз экөөбүздү өз жайыбызга коём деп сөз берди.

Апасы кашын жыйрып гана койду. Ишенген жок. Эмилден кутулуу мүмкүн эмес экенин билет да. Эмир да анын сөздөрүнө апасы ишенбегенин байкады.

– Атаң ажырашпайт, балам. Сага мени операциядан соо чыкпайт деп эле эки коёнду бир ок менен атып сөз берип койду болуш керек.

Ажар ошентип айтты. Ал күйөөсүн окуп эмес, жаттап бүткөн эле. Анын кайдан болсо да пайда тапкысы келерин билет. Айдайга кызыгып калганын анын көздөрүнөн эле билген болчу. Айдайга жаккысы келген үчүн да Эмирди колдонгонун билди.

– Ал мага сөз берди,- деди Эмир өжөрлөнө. – Менимче, сөзүнө турат. Анан да бир нерсени байкадым. Ал мени биринчи жолу мээрим төгө карады. Көз карашында мурункудай жек көрүү жок болчу. Мени эми кабыл алгандай карады. Билесизби, апа, атам, балким, мени өзүндөй ийгиликтүү адам кылгысы келгендир. Биринчи жолу жеңишке жеткенимде ал мага жакшы мамиле жасады. Ачыгы, бул нерсе мага жакты. Кандай болгон күндө да атам сөзүнө турат, апа. Анан экөөбүз жакшы жашоону баштайбыз. Уруш-талаш жок, атамдын ызы-чуусу жок жашайбыз.

Ажар көзүн жума берди. Уулу чындыкты билсе, ээ... Өз эрки менен Эмилди эч качан бошото албай турганын билсе... Азыр ал апасын курмандык деп ойлоп жатат. Чыныгы курмандык ким экенин билгенде эмне демек болду экен? Бул ойлорунан Ажар өзү да коркуп кетти.

Эртеси эле Ажарга күйөөсү келди. Чын эле “аман калдыңбы?” дегенсип бүшүркөй карады. Таң калганын да жашырган жок.

– Өлөт деп аябай кубанган чыгарсың,- деди Ажар.

– Койчу ай, кайдагыны айтпай... Бирок чын эле таң калдым. Кереметти жасаган адамдар болот экен, ээ? Болбосо канча доктурга бардык. Баары баш чайкап туруп алды эле. Эмнеси болсо да куттуктайм. Көйнөкчөн төрөлүпсүң деп койчу беле орустар...

– Мени койчу, сенин кандай пландарың бар? Эмирге ажырашам деп айтыпсың. Чынбы?

– Айтып койдубу ээ?..- деп жаагын ушалай берди Эмил.

– Ооба, айтты.

– Айттым.

– Мени өлөт деп ошентип айттың. Бирок Кудайдын буйругу менен аман калдым. Эми кантесиң?

Эмил ойлонуп калды.

– Чын эле ажырашалы, Ажар.

Ажар уккан кулагына ишенген жок. Башын чайкай берди. Ал баарына көз жумбады беле? Башка аял алганына, андан бала-чакалуу болгонуна көз жумган. Ал балдары үчүн да ажырашалы деп айткан эмес. Эмне болгон буга?

– Сен чын эле ажырашам деп ойлоп жатасыңбы?

– Ооба.

– Эмнеге?

– Сүйүп калдым!

Ажар дирт эте түштү. Ортолорунда толтура жагымсыз окуялар да, көптөн бери күйөө-аял катары жашабай калса да күйөөсүнүн жүрөгүнүн бир бурчунда орду бар экенин билчү эле. Кандай болгондо да Эмил ага башканы сүйүп калганын айткан эмес. Ага эрки жетип көргөн эмес.

– Айдайбы?

– Эмне Айдай?

– Сен сүйүп калган аял?

Бул жолу Эмил таң кала карап калды.

– Айдай!

– Андай аялдар сени сүйө албайт. Алар кооз болуп эл алдында чыкканды гана билишет. Сага башкача аял керек.

– Ал сахнада эле жаркыраган адам эмес, Ажар. Ал чыныгы аял. Кумарлуу, акылдуу, кээде күчтүү, кээде алсыз. Кээде наристедей таза, кээде жезкемпирдей айлакер. Үйдө мыкты кожойке, мышыктай жумшак. Кыскасы, эмне издесең баары Айдайда бар.

– Андай Айдайлар сенин жашооңдо толтура болду го, эмнеге ажырашам деген жоксуң?

– Жок, андай Айдай бирөө эле. Башында мен да сага окшоп көптүн бири дегем. Убакыт өтүп ага байланып калганымды байкабай калдым. Байланып деп да айта албайм. Менде мындай сезим болгон эмес, жаш кезимде да. Сени жактыргам. Бирок анда деле мындай алып учкан сезим болгон эмес. Аны менен жашоо аябай кызыктуу. Сенин өтмүшүң, ким экениң да эсиңден чыгып кетет. Жөн гана аны менен бейпил жашагың келет. Аны менен бардык темада сүйлөшө аласың. Барактаган сайын азгырып турган кызыктуу китептей. Кыскасы, Ажар, мен ал үчүн баарын кечкенге даярмын.

– Компаниядан дагыбы?

– Жок, ал жактан өз үлүшүм менен чыгам. Кайнагама айт. Жөн жай гана экиге бөлүнүп кетели.

– Ал эч качан макул болбойт.

– Сен айтсаң макул болот. Мени коё бер, өжөрлөнбө. Ушинтип жатып ажалдын алдына чейин барып кайттың. Сен да өз алдыңча бактылуу бол. Сен акылдуу аялсың!

Ажар аны тиктеп турду. Мурункудай көкүрөгү коё бербей турса да, акылы аны коё бериш керек экенин айтып жатты.

– Макул,- деди ал бир жерди тиктеген боюнча.

Эмил палатадан чыгып кетти.

ххх

Айдай дагы деле эки оттун ортосунда. Илимге баргысы келет, аны менен мурункудай сүйлөшүп, чер жазыша каткырып, болгон сырларын айткысы келет. Бирок Эмир үчүн карманып жатты. Бир жаңылыш кадам таштаса эле уулунан ажырап калчудай сезим коё бербей турду. Мындай олку–солку абалда Эмил ага тез-тез жолуга баштады. Жыланды көргөндөй сестенип кетсе да, айла жок аны менен сүйлөшкөнгө аргасыз. Жылмайганга аргасыз. Ал болсо сурап отурбай эле болгон жашоосуна кирип, болгон убактысын алып жатты. Бул эки акылдуу адамдын түлкү кууш оюну өлүм менен аяктаарын эч ким билген эмес...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1066, 12-18-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан