КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Ошол президенттер бийлеп, ырдап, уурдап жүрүп эле акырында биздей мигрант болуп калбадыбы...

– Бирок алар биздей болуп пол жууган жок да. Уурдаган акчаларына кыйналбай эле жашап жатышат.

– Биз азыр кыйналабыз, алар кийин кыйналат, эже. Тарыхта ууру, качкын атыгып калат да. Алардын жанында биздин жүзүбүз жарык, абийирибиз таза. Биз каалаганда мекенибизге бара алабыз. Уялбай бара алабыз. Алар бара албайт!

– Аның да чын... Сенин кыргыз экениңе өкүнгөн учурларың болобу?

– Чынын айтайын, мен кайдыгермин да. Ошого өкүнбөсөм керек. Антейин десем, жүрөктөн күйүп кеткен учурларым да болот.

– Мен кыргыз экениме өкүнбөшүм керек болчу да. Бирок бүгүн өкүнүп кеттим... Бизде эч ким өзүнө сын көз менен карай албайт экен. Баары мен укмушмун деп отурат.

– Келечегибиз коркунучтуу болуп турат. Анан сиз мени ыр жаз дейсиз. Ырдан чоң, ырдан баалуу нерселерибиз тепсендиде калды.

– Ооба. Айтматов «маңкуртту» даана айтыптыр. Адамга эркиндик жакпаса айла жок экен. Партия, партия болбосо, байлык, байлык болбосо атак, ал болбосо кызмат, кызмат болбосо дин, айтор, адам өзүн ар нерсеге алып барып байлай берет турбайбы... Адамдыгына байланып, адамдыгына камалып, адамдыгынын айынан өлгөндөр аз экен. Байланбай, камалбай, адам бойдон эркин жашоо – эрдин эринин эле колунан келет окшойт...

ххх

– «Өзгөчө кылмышкеримдин» тергөөчүсү чакырды. «Үчүнчү жабырлануучу ооруканада өлдү, тигиге барып угузабыз» деди тергөөчү. «Бир иштен эки иш болду» деп ойлодум мен ичимден. Мен оюмду айткыча, тергөөчү озунуп кетти. «Кылмыш иши жабыларда кошумча жумуш болду!» деп сөгүндү. Экөөбүз тең эле адам өлгөнүнө кейибей, жумуштун көбөйгөнүнө кейидик. Өзүм чочуп кеттим. Мен ичимден ойлондум, ал сыртынан айтты. Айырмабыз ошол эле. Мен деле аларга окшоп баратам. Өлүмгө көнө баштадым.

Тергөө абагына барып ага угуздук. Кайрадан айып койдук. Кылмышкер жадакалса селт этип койгон жок. Калыбынан жазбай, колун ушалап отура берди. Бүтүн дүйнө өлүп калган адамга бир адамдын өлүп калганы эч нерсе эмес окшойт. Селт эткен жок. Ал эмнени ойлонду экен деп мен эле кыжалатмын. Мага анын ойлору кызык. Мээси кызык. Канча убакыттан бери карцерде өзү жалгыз отурат. Жалгыз отуруп эмнелерди эстейт? Эмнелерди ойлонот? Деги эле ойлонобу? Врачтар анын эс-тутумунан өздөрүнө керектүү маалыматтарды гана сууруп чыгып, өтө маанилүү, өтө олуттуу нерселерди көз жаздымда калтырдыбы деп ойлоно берем. Кантип эле ушунча жашап, анан аярлап эстей турган бир жылт экен, бир үлп эткен окуясы болбосун? Биринчи сүйүүсү... Биринчи жактырган кызы...

Анын жанына бара албай толкунданган учурлары... Биринчи жеңиши... Бар бекен ушундай эскерүүлөрү? Ичимден «болсо экен, ылайым, бир жылт эткен аяр, аялуу эскерүүсү болсо экен» деп тилеп кеттим. Тамекимди дагы ортого таштадым, анан эмнеге келгенибизди түшүндүрдүм. Тергөөчү айткан сөздөрдү эле которуп жаттым, бирок арасына өзүм сөз кошуп, колумдан келишинче жумшартып айтканга аракет кылдым. «Бул өтө деле маанилүү эмес, маани бербе, эч нерсе өзгөргөн жок» дедим. «Баягы эле сөздөр айтылып жатат, болгону бир беренең гана өзгөрдү, көп ойлонбо» дедим. Анан «коркпо» дедим. «Коркпо» деп алып өзүм кызыктай болуп кеттим. «Жашоодо бул корко турган эмне калды?» деп ойлодум. Чындап эле эмне калды?! Өлүмдөн коркпой, улам өлүп көрүп жаткан адамга «коркпо» деп айткан жарашпайт экен. Бул сөз уккан ага да жарашкан жок, айткан мага да жарашкан жок...

ххх

– Сиз бир жолу мага, «сүйүү – талашып, тартып ала турган сезим эмес» дедиңиз эле... Ошол сөздү эстеп калсам болмок экен. Жок дегенде талашпай сүйөт белем? Мындан бир нече ай мурун жасап жаткан кылыктарымды сүйүүм үчүн күрөш деп ойлогом. Сүйүүм үчүн күрөш деле эмес экен. Болгону тагдырымдын ушундай болуп калганына, өзүмдүн кылган катачылыгымды өзүм көтөрүп, жалгыз калганыма, мен аны күткөн учурларда ал кызынын, аялынын жанында оңой эле бактылуу жашап жатканына ич күйдүлүк кылып жатыпмын. Ушуну билип, түшүнүп алган күндөн тартып эле түнкүсүн ыйлачу болдум. Күндүз жумушка, тириликке алаксыйм, түндө өзүмдү кыйнап жатам. «Түн бардык кайгыларды катат» деп айтышат го? Жалган экен. Түнгө катууга болбогон деле кайгылар, каталар бар турбайбы. Бул мамиленин башталышында эле акыр аягы ушундай болорун билгем. Бирок өзүмдү токтотуп койгон жокмун. Ошол өзүмдү токтотуп койбогонум үчүн да ыйлап жүрөт окшойм. Биз жолугуп, биз жолуккан сайын алардын үйүндө уруш-чыры көбөйүп, ал уруштар биздин мамилени да солгундатып койду. Артурга «ката экөөбүздүкү, азабын да, күнөөсүн да экөөбүз тартышыбыз керек» деген мамиле кылып койдум. Аялына болсо бактылуу жашоону, жакшы күйөөнү ыраа көрбөдүм. Бул өчөшкөнүм болчу. «Кааласам – сени жеңем» деген ичимдеги кырсым болчу. Бирок бул «согуштан» мен биринчи болуп тажап, мен биринчи болуп чарчадым. Бир карасам, өзүм эр талашкан ажаан аялга айланып баратыпмын. Ошону байкап калган күндөн тартып эле сөзүм, урушум, бар-жокко түтүп жаткан чыдамым, сабырым түгөнүп калды. Баары түгөндү... Сүйүүм гана түгөнгөн жок. Анан Артурдун аялынын чыдамы, сабыры, сөзү түгөнгөн жок. Тескерисинче, өмүр бою менден талашып жашоого макул болгондой, Артурду бир да жолу жазалабады. Анын ордуна мени жазалап, менин катамды кечирип, күйөөсүнүн бул кылыктары убактылуу экенин айтып, «жашообуздан чыгып эле кетчи» деп суранганга өттү. Мен эмне, андан кечирим сурадымбы? Сураган жокмун. Эмнеге кечирет мени, эмнеге менин алдымда айкөлсүнөт?.. Мен ушул жерге келгенде жеңилдим, эже. Андай аял боло албайт экем. Эртең Артур аны менен ажырашып, кокус мага үйлөнсө, мен ага андай түгөй болуп бере албайт болчумун. Биринчи эле катасын көргөндө түкүрүп басып кетмекмин. Ушуларды ойлоп отуруп, аны менен болгон мамилеме чекит коюш үчүн Артурду акыркы жолу жолугушууга чакырдым. Каталарымды, кемчиликтеримди, өкүнүчүмдү, анан ошолордон калган чала жан сүйүүмдү ийиниме артынып алып алдына бардым. Мен ага «эки башка жолго түшөлү, мындан ары сени менен мамиле күтө албайм» деп айттым. Ал деле менден ушундай чечимди күтүп жүргөн окшойт. Үстүндөгү оор жүктөн арылгандай үшкүрүндү. Оор жүктөн жеңил эле арылгандай жеңил үшкүрүндү. «Сага эч нерсе дей албайм, мындай болорубузду билбедим, сен мени уксаң болмок, сен баарын татаалдаштырдың да» деп күнөөнү мага оодарды. Ооба, баарына өзүм күнөөлүүмүн. Анысы туура эле. Унчуккан жокмун. Унчукпаганымды көрүп «бирок мен сени дагы деле жакшы көрөм» деди. Ушул сөзү оркоюп турду. Биздин сүйүүбүзгө, мамилебизге, кейпибизге, ушул жолугушуубузга жарашпай оркоюп турду. Ошентсе да айтып алды. Эмне жакшы көргөн жокпу? Жакшы көрдү да. Мен да жакшы көрдүм. Бактылуу болгон күндөрүбүз болду. Эгер кичинекей нерселерге бактылуу боло билсең, үй-бүлөсү бар адамдар менен деле бактылуу боло алат экенсиң. Бирок бир аял үчүн кичинекей бакыт, чоң үмүт, чоң жалган, чоң уруштар менен жашоо оор экен. Он жолу ыйласам, бир жолу күлдүм, он жолу күтсөм, бир жолу жолуктум, бир жолу сүйүлсөм, он жолу көңүл сыртында калдым. Буга чыдаш кыйын экен. Чыдабадым. Жолугушуубуздун соңунда «сен сөзсүз жакшы кишиге жолугасың, бактылуу болосуң, мени кечирип кой, мен сага татыктуу эмес болчумун» деди. Бул бүт үй-бүлөлүү эркектердин коштошуу сөзү. «Мен сага татыктуу эмесмин». Көп уктум. Эми укпайм...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан