АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Илим менен Эмир элден обочо барып скамейкага отурушту. Илим Эмирди таң кала тиктеп жатканын байкады.

– Эмнеге келди деп таң калып жатасыз го. Бирок оюма мындан башка эч бир нерсе келбеди. Сиз Айдай эже менен менин атам экөөнүн ортосундагы мамилени билесизби?

Илим эмне дээрин билбей катып калды. Баланын көзүндөгү ызаны байкабай коюш мүмкүн эмес эле.

– Мен экөөнү бүгүн көрдүм. Ресторанда тамактанып отурушуптур, атам анын колдорун кармалап сүйүү сөздөрүн айтып жатыптыр. Мен кичине кезимден мындай аялдарды атамдын жашоосунан көп көрдүм. Алардын жашоосу эмне болгонун да билем. Айдай эженин бул тизмеге кирип калышы ушунчалык ыза кылды. Анткени... ал менин устатым гана эмес, аны мен... ал мага өтө жакын адам. Мен аны менен жолукканда эле экөөбүз ушунчалык жакын болуп кеттик. Билбейм, эмнеге андай болду. Аны түшүндүрө да албайм,- буулугуп кетти Эмир.

– Бүгүн аларды көргөндө эмне кыларымды билбей калдым. Акылыма сиз келдиңиз. Сиз, менин билишимче, Айдай эжени жакшы көрөсүз.

Илим ийинин куушура берди. Эмне дээрин билбей калды. Жаагын сүрткүлөп ойлоно түштү. Эмир ого бетер кызууланып кетти.

– Эгерде сиз аны жакшы көрсөңүз сактап калыңыз. Атам ал ойлогондой киши эмес, маньяк! Башына балээ үйүп албасын. Ал адам менин атам, мен аны жакшы билем. Андан алыс жүргөнү жакшы болмок. Сиз муну айтыңыз.

– Эмир, мен сени түшүнүп турам, бирок Айдай чоң эле аял. Анын ким менен болоруна мен кантип кийлигише алам? Биз ошол мамиледен улам эки жолго түштүк.

– Сиз эмнеге оңой эле макул болдуңуз?

– Кээде адам дубалды бир сүзүп көрмөйүнчө токтобойт. Бул ошондой учур болду окшойт. Айдай бир өжөрлөнүп алса макул болбойт.

– Дубалды сүзүп жатканын карап тура бересизби? - деди Эмир. Илим уялып кетти. Бармактай баланын ага жашоо сабагын үйрөтүп жатканына бир чети таң калса, бир чети арданып кетти.

– Сиз жакшы көргөн адамыңыздан ушунча оңой баш тартып кете аласызбы? Анда анын эмнеси сүйүү. Сүйүү эч нерсеге карабай ал адамдын жанында туруу го.

– Сен кайдан билесиң?- деди Илим жылмайып. Ошол эле учурда ал кызаңдап да кетти.

– Мен сизди Айдай эжени чындап сүйөт деп ойлогом,- деди Эмир ордунан туруп баратып. Илим аны колдон ала тототту.

– Эмир, коё тур, сен туура айтасың. Мен оңой баш тартпашым керек эле, бирок ыза болдум. Ушунча жылдык жакындыгыбызды ал оңой эле чийип салды деп ойлодум. Чыныгы себеби эмне экенин билсем да ушинтип ойлодум.

– Атам менен болгон мамилесинин чыныгы себеби барбы?

Илим ошондо гана кызыл чийинден ашып бара жатканын байкады да, токтоп калды.

– Жок, жок, антип айтайын деген эмесмин. Эмир, чоңдор кээде өтө чоң каталарды кылышат. Биз...

Эмне деп айтарын билбей токтоп калды. Эмирди тике карап, анын Айдай менен окшоштугуна таң кала берди. Так ошондой капкара көздөр... Эмир коштошуп баса берди. Илим шалдайып аны аркасынан тиктеп отуруп калды. Чын эле өзүнүн алсыздыгына жини келди. Эркектик намысым деди, анын аркасында эмне жатканын билип туруп кол шилтеди. Чындап сүйгөн адам ушундай болмок беле. Дароо Айдайга баргысы келди, машинесине отуруп жөнөп кетти.

Айдай аркасына бурулбай туруп ким келгенин билди. Жүрөгү туйлап кетти. Илим унчукпай маңдайына келип карап турду. Көздөрүндө таарыныч да, кечирүү да бар эле.

– Сен кайдан? Мага келчү жолду унутту деп ойлодум эле?

– Унутпадым, болгону күтүп жаттым. Сени өзүнө келсин, кандай жаңылыштык кылып жатканын билсин дедим.

– Анан?

– Билчүдөй түрүң жок.

– Кет, Илим!

– Бул жолу кетпейм, оңою менен сенден баш тартпайм. Эми айт, тиги сени эмне кылып корктуп жатат? Сени коркутуп жатканын билем. Колунда эмне бар?

– Кайдан чыгардың муну?- деди Айдай жылмайганга аракет кылып.

– Айта бер, мен эч кимге айтпайм.

Айдай Илимдин көздөрүнө карап туруп ага чындап ишенсе боло турганын билди. Жеңилдене үшкүрдү.

– Колунда видео бар.

– Эмне бар ал видеодо?

– Менин баламды сатканга макул болгонум сыяктуу бир калжыраган видео. Мен качан антип айтканымды да билбейм. Бирок видеодогу менмин. Оюмда да жок болчу, тиги баламды саткан шүмшүк мени алдап ошондой сөздү айттырып туруп тартып алган окшойт. Мен анда жаш элем да. 17 гана жашта болчумун. Эмне деп айтканымды да билбейм. Бирок аны уулума көрсөтсө ал өмүр бою менин жүзүмдү карабайт.

– Айдай, Эмир сен айткандай бала эмес, ал сенден да, менден да акылдуу жигит. Мени бул жакка ал жөнөттү. Болбогон нерсеге ишенбейт ал.

– Сени жөнөттүбү?

– Ооба, эмне деди дебейсиңби? Сүйүүдөн оңой баш тартпаш керек, сени сактап кал деди. Дагы да минтип айтты...

– Эмне деп?

– Чындап сүйгөн адам күрөшөт деди. Мен сени чындап сүйөм! Мага ишен!

Айдай ыйлап жиберди да, Илимди кучактай берди. Кылымдар бою көрүшпөгөндөй сагынып калыптыр.

ххх

– Өзүң телефон чалганыңа караганда өтө маанилүү иш окшойт го,- деди Эмил Айдайга жылмая карап.

– Ооба, маанилүү. Мындан ары мени эч нерсе менен коркута албайсың. Мындан ары сенин жашооңдо мен жокмун. Оюнчук кылганың жетишет. Мен үчүн ушунчасы жетерлик.

– Сага эмне болду?

– Көзүм ачылды.

– Эмне болуп?

– Эмир менин көзүмдү ачты. Экөөбүздүн мамилебизди билип мага ушунчалык жек көрүү менен тиктеди. Уулум мени минтип жек көрө караганына чыдай албайм. Чекит койдум мен.

– Эй, эй, бир аз жайыраак... Сен менин колумда эмне бар экенин унутуп калдың сыягы...

– Унутпадым. Билгениңди кыл. Мен мындан ары сенден коркпойм. Эгерде ал видеону алып чыксаң, ал видео канча жыл мурун сенин колуңа кантип тийгенин сот териштирбейт деп ойлоп жатасыңбы? Баланы уурдап кеткен деп үстүңдөн арыз жазам. Сен мага канча жамандык кылам десең, мен сага андан да жаманын кылам. Ишенип кой, менден коркуш керек болгон адам сен!

Эмил тиктеп турду да, акырын башын чайкады. Муну оңой эле колго алам деген планы ишке ашпай калганын билди. Ичинде ызасы кайнап чыкты. Мындайда чындап эле бул адамдан коркуу керек эле. Кашын жыйрып койду да, жылмая берди.

– Менин колумдагы картанын баары ачык эмес, жабык да ойногон жайым бар. Сен менден кете албайсың. Мен уруксат бермейинче менден эч ким кутула алган эмес.

– Мен айтарымды айттым.

Айдай ушунчалык тездик менен туруп кетти. Эмил ойлонуп кала берди. Анын планында мындай болбош керек эле, бирок болду, кыжырданып чыкты. Мындайда ал Ажарды же экинчи аялын сабап ызасын чыгарып анан жаны тынчу. Ошону элестетип алып кадимкидей маашырлана жылмайып алды. Ал күнү балдарынын апасын курулай шылтоо менен жазалап башы-көзүн жарып тынды. Бирок баары бир ичиндеги бугу чыкпады. Басса-турса Айдай көз алдынан кетпейт...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан