Айзада Жамгырчиева, телеалпаруучу, продюсер: «КЕЧИРИМДҮҮМҮН, БИРОК САБЫРДУУ ЭМЕСМИН»

Телеалпаруучу, ырчы Айзада Жамгырчиева жакында Музыка каналынын продюсери болуп дайындалды. Жаңы иштин жоопкерчилиги, пландары, жеке жашоосу жаатында Айзада айым менен баарлашып кайттык.

– Саламатсызбы, Айзада? Жаңы кызмат ордуңуз кут болсун!

– Саламатчылык. Рахмат!

– Жетекчилик кызматка дайындалышыңыз боюнча социалдык желеде ар кандай пикирлер айтылып жатат, бул орунга сунуш кимден түштү?

– Күтүүсүз болду. Бир иш-чарага жөнөп жатсам Музканалдын мурдагы продюсери Канат Култаев ага чалып чакырды. Барсам, “Музыка телеканалына продюсерлик кызматка эч ким жок, сени сунуштап жатам” деди. Мен буга даяр эмес болчумун, баш тарттым, ал “ойлонуп көр” деди. Бир күн ойлондум, эртеси күнү “жок” деп кайра келдим. Канат ага башка жогору кызматка даярдалып жатыптыр, өзүнүн абалын түшүндүрдү, кесиптештер да “жетекчи өзүбүздөн эле болсо жакшы болмок” деп мага колдоо көрсөтүштү, анан макул болдум. Ошентип күтүүсүз жерден эле мага кызмат тийип калды.

– Жакшы. Жаңы жумушуңуз кандай башталды?

– Бүгүн экинчи эле күн, ар аптада шейшемби күн сайын УТРКдагы ар бир канал өзүнүн жума ичиндеги отчётун, алдыдагы пландарын беришет. Бүгүн ошол иштер менен алек болдум. Эми мамлекеттик ишканада иштөө мен үчүн кичине кыйыныраак, анткени ээн-эркин жүрүп көнгөн адаммын. Эң негизгиси, жыйынтык көрсөтүш керек. Буюрса, жаңы телеберүүлөрдү даярдоого пландарды түзүп жатабыз.

– Өзүңүздөгү жетекчилик, уюштуруучулук сапатка кандай баа бересиз?

– Эч ким жетекчилик сапат менен төрөлбөйт болуш керек. Буга тажрыйба аркылуу жетесиң, күндөн-күнгө бычак курчугандай эле курчуйсуң. Ар бир амбициясы бар адамда сөзсүз жетекчилик сапат болушу мүмкүн, аны өөрчүтүп, өзүнүн нугуна келтирүү колдон келчү нерсе. “Менде жетекчилик сапат бар, башкарып укмуш кылып жиберем” деп айта албайм. Дегеле жетекчилик сапаттын деле кереги жок. Музыка телеканалынын өзүнүн бир организмдей болуп калган түзүмү иштей берет. Болгону жакшы менеджер болсо жетет.

– Алпаруучулук сиздин хоббиңизби же кесибиңизби? Ал жумушуңуз мындан ары кандай өңүттө кетет?

– Алпаруучулук менин кесибим. Алпаруучу, телеалпаруучу, радио алпаруучу деген дипломум бар. Алпаруучулукту жакшы көрөм, андан энергия алам, андыктан бул тармак токтоп калбайт. Мен үчүн кызмат өтө маанилүү эмес, кызматты бер десе азыр деле тапшырып салганга даярмын.

– Жеке жашооңузда кандай жаңылыктар бар?

– Ой, жеке жашоодо жаңылык деле жок. Жетекчи болгонумдан кийин мага кызыккандар дагы азайды болуш керек. “Бул жетекчи болсо, үйдө кандай келин болмок эле?” деген сыяктуу. Мен шашпайм. Ар бир аялдын өзүнүн миссиясы бар, кимдир бирөөнүн миссиясы үйдө отуруп бала багуу болушу мүмкүн. Менин миссиям, мүмкүн, журналистикадыр. Ушул пикиримди, көз карашымды өзгөртө турган эркек пайда боло элек жашоомдо.

– Кандай журналистмин деп ойлойсуз?

– Өзүмдү журналист деп таптакыр эсептебейм. Мен теле алпаруучумун жана жөн эле иш-чаралардын алып баруучусумун. Журналист деген сөзсүз түрдө иликтөө жасашы керек. Журналист деп маркум Улан Эгизбаевди айтсак болот.

– Көп маектериңизде “мен жакшы кызмын, менден коркпогула” деген сыяктуу сөздөрдү айтасыз. Психологиялык жактан алганда, бул коргонуучу реакция эмеспи?

– Жок, болгону мен карьеристкамын. Ошол кемчилигим бар. Жумушту биринчиге коём. Мисалы, бүгүн кечки саат 8ге мени түз эфирге чакырышса, ошол эле саат 8ге мен жакшы көргөн жигит жолугушууга чакырса, мен эфирди тандап кетем.

– Сексистсизби?

– Жо-ок, сексист эмесмин. “Однолюб” болушум мүмкүн. Бир адамды сүйүп, аны көпкө унута албайм, башка бирөөгө көнүшүм аябай кыйын. Балким, азыркыга чейин мурунку сүйгөнүмдү коё бере элекмин.

– Демек, ийгиликсиз сүйүүнү баштан өткөргөнсүз?

– Ооба, 4 жыл сүйлөшкөнбүз. Ошол учурдагы эмоциялар мени дагы деле коё бербейт, ошондой инсанды, ага окшош адамды таппай кыйнала берет окшойм.

– Жашоодо принциптериңиз барбы?

– Принциптерим көп. Мисалы, бир жигит “саат мынчада жолугалы” деп, бирок кечигип калса, же анын айынан жолукпай кала турган болсок, демек, мен аны жоопкерчилиги жок деп “кара тизмеге” киргизип коём. Анан сөзсүз мээси иштеген, жумуш кыла билген эркек болуш керек дейм. Жөн эле көктөн сүйлөп, бирок колунан эч нерсе келбеген эркектер жакпайт.

– Мисалы, үй-бүлөлүү адамды сүйүп калдыңыз дейли. Аны менен мамиле кургуңуз келет, бул принциптериңизди бузабы?

– Мүмкүн болуш керек үй-бүлөлүү адамды сүйүп калса. Неге мүмкүн эмес? Экинчи аял болот белең дегенде деле, эмне үчүн мүмкүн эмес?

– Экинчи аял деле болмокмун дейсизби?

– Буга чейин экинчи аял болосуңбу деген сунуш түшкөн эмес. Экинчи аял болгондорго деле жаман көз карашта эмесмин. Мен “болбойм, кылбайм” деген нерсе жашоодо тескерисинче болуп кетиши мүмкүн, ошого алдын ала аша чаап айтып алгым келбейт. Жашоодо сен сүйгөн адамга турмушка чыгышың керек. Сүйгөн адамым менен 5 жыл жашасам да, мен үчүн ошол жакшы. Эркин ой жүгүртөм, жөн эле күйөөгө тийди аты менен сүйбөгөн адамга тийип, элди алдап бактылуу көрүнүп жашагым келбейт.

– Мушташып көрдүңүз беле?

– Албетте, мушташкам. Жакында эле бирөө менен мушташып кеттим. Бир эркек менин жанымда турган стулду алып алды, “эмнеге сурабай аласың?” десем мени “жакшы” сөздөр менен сөктү. Анан “неге сөгөсүң?” деп барсам жанындагы сүйгөнүбү же көңүлдөшүбү, “барып отура бербейсиңби ордуңа” дейт, экөөбүз урушуп, мушташып кеттик. Мен үчүн сөз менен чечишкенче муштум менен маселе чечкен оңоюраактай сезилет, бирок бул нерсе туура эмес. Айрыкча мамлекеттик телеканалда иштеп калгандан кийин бул нерсе мага туура келбесе керек. Эми жиним кайнап жатса да тилимди тишиме катып турат окшойм.

– Сабырдуу эмессизби?

– Жок, сабырдуу эмесмин. Сабырдуулукка эми үйрөнүп жатам.

– Кечиримдүүсүзбү?

– Ооба, кечиримдүүмүн. Бирөө мени таарынтып койсо деле мен андан кечирим сурагым келе берет. Биринчи кечирим сураган учурлар болот, андан өзүмдү кем сезип калбайм.

– Жашоодогу эң жакын адамыңыз?

– Жашоодогу эң жакын адамым, биринчиден, өзүм. Мен өзүм менен өзүм сүйлөшкөндү жакшы көрөм. Андан кийин... Менин досторум аябай эле аз, эки эле дос кызым бар, алар менин 80 пайыз сырымды билсе керек. Ата-энеме кыйынчылыктарымды айтпаганга аракет кылам. Аларды кайгырткым келбейт. Досторумдун көпчүлүгү менден улуулар.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан