КОБРА (Орусияга иштегени барып, бир сулуунун тузагына илинип, ак жерден кылмышкерге айланып кала жаздаган кыргыз жигитинин тагдыры жөнүндө чыгарма)

(Башы өткөн санда)

Асел жөнүндө сурагым келди.

– Эмнеге аны жаман көрөсүң, жакшы эле кыздай го мамилесине караганда?

– Ээ, сен али билбейсиң да бул шуркуяны. Шефтин ооруп ишке чыкпай калганына бир жыл болду. Ушул бир жылдын ичинде бизде он жылдап иштеген балдардын баары жумуштан кетти. Эскилерден мен, Самат, дагы эки бала эле калды, калгандарын кууруп жеп жок кылды. Жаңы балдар деле келип көп болсо бир ай иштешет да, акчасын алары менен кетип калышат. Ээ макул, сен деле бир айдан кийин кетесиң, көрөсүң го. Кой, ишти кылалы, минтип турганыбызды көрсө сени азыр эле кууп чыгат.

Кыскасы, Кыргызстанда, Таш-Көмүрдө электриктин окуусун бүтүп, айылда эки жылдай иштеп, айлык эч нерсеге жетпей койгондуктан Россияга келгениме он күндөй болуп калган. Кесибим боюнча дегеле иш таппай койдум. Бир кезде Аксыда үч жылдай биздин мектепте окуп кеткен таанышымдын жардамы тийди. Аны менен байланышым деле жок болчу, кийин интернет аркылуу табышып калганбыз. Эски досум, Кайрат деген бала, ылайыктуу иш тапканча иштеп тур деп, Москванын четинде курулуш материалдары сатылган "Мытищинская ярмарка" деген базарга барып, эки күндөн бери жүк жүктөгүч болуп иштеп жатам. Кампага оор жүк ташуучу унааларда цемент алып келип төгүшөт, Кайрат экөөбүз ошол цементти 50 килограммдан кылып каптайбыз. Айлыгым 35 миң рубль, жатар жеримди, тамак-ашымды ушул ишкана төлөйт. Башчыбыз Самат деген бала, жумушка ошол кабыл алган. Эртеден кечке цемент каптамай. Асел менен сүйлөшкөндөн үч күн өтүп калган, бир күнү эртең менен жумушка жаңы эле келип иштеп жатсак Кайраттын телефонуна бирөө чалып калды, Кайрат сүйлөшүп бүтүп мага кайрылды:

– Сени Кобра офисте күтүп жатыптыр, тез келсин дейт. Этият бол, каяша айтпа, макул дей берсең кутуласың. Эптеп бир ай, акчаңды алгыча чыдап тур, анан кетсең болот, азыр урушсаң акчаңды бербей кууп чыгат. Бул жактагы менттерди колго алып койгон, эч нерсе кыла албайсың,- деп жөнөттү мени.

Офиске кирсем Самат өзү эле экен.

– Шеф дачасын ремонт кылып жатыптыр, электрикке тийиштүү иштерди кылып берер бекен дейт сени, барып сүйлөшүп көрбөйсүңбү? Эгер колуңдан келсе сүйлөшүп, акчасын келишсеңер кыла бересиң да.

– Көрүш керек биринчи.

– Ооба, барып көр, шеф жакшы киши, өзү да Орусияга жаңы келгенде аябай кыйынчылыктарды көргөн. Эптей алсаң жакшы төлөп берет, жакшы акча иштеп аласың.

– Макул, көрөлү.

– Асел азыр келет. Жуунуп, кийимиңди алмаштырып, тезирээк кел, ушул жерде күтүп турат сени.

Аселди көрөм деп ичимден бир кымыңдап алдым. Арыдан-бери жуунуп келсем Асел офистин алдында күтүп туруптур. Денесине чыпташкан джинсы шым, жука кофта кийип алыптыр. Башында бейсболка, чачын "хвостик" кылып байлап, бейсболканын артынан чыгарып коюптур, күн нурунан калкалоочу сыя түстүү чоң көз айнек, эми укмуш жарашып калыптыр, өзүнчө эле чет элдик журналдардагы модель.

– Жүрү,- деп ээрчитип алып офистин артында машинелер турчу жакка өтүп жапжаңы, капкара, жаркыраган Лексус 470тин эшигин пульт менен ачып “отур” деп ишарат кылып, өзү рулга отурду. Машинаны ишенимдүү, жакшы айдайт экен, тез эле шаардан чыгып, калың токойдун ортосун кесип өткөн чоң трассага чыкканда зуулдап жөнөдүк. Асел музыка коюп алып угуп келатты, мага сүйлөгөн жок, мен да унчукпай кете бердим. Бир-эки айылды аралап өткөндө кайрадан токой башталды. Бир сааттай жүрдүк, чакан асфальтталган жол токойдун ичин аралап дачаларга алып барат экен. Жалаң байлардын дачалары окшойт, бүт эле 2-3 кабат коттедждер, особняктар, узун бир көчөнү бойлой жайланышыптыр. Биз барчу үй айылдын эң аягында экен. Андан ары да калың токой жатат. Үйгө жетейин деп калганда Асел пульт менен дарбазаны ачты. Үй эми укмуш, андай үйдү мен мурда кинодон гана көрсөм керек, аябай кооз салынган үч кабат үй экен. Алдында келиштире жасалган чоң бассейн. Бассейндин жанында жыгачтан кооздолуп жасалган топчан турат, үстүнөн суу агызып коюптур, жамгыр жаагансып тамчылап турат экен. Ар кандай кооз дарактар отургузулуп, арасына түркүн түстүү гүлдөр эгилиптир. Үйдү айлантып бийиктиги үч метрдей болгон дубал, эч бир жылчыксыз, сырттан эч нерсе көрүнбөйт. Үйдүн жанында 2 гараж турат. Килейген бир алабай бактын түбүндө көлөкөлөп жатканбы, машинаны көрүп бери басты.

– Түшпөй тур, биринчи мен түшөйүн, итке сени тааныштырайын,- деп түшүп кетти. Күлкүм келип кетти, ит менен да таанышчу беле? Ары жакка алып барып байлап койбойбу андан көрө, итке да ишенип болобу? Тиштесе адам тирүү калбайт мындай иттен.

Карап турсам Асел анын башынан сылап, моюнундагы жибинен кармап мага түшө бер деп калды. Коркуп жатсам да билдирбей машинадан түштүм. Асел итти мага жакын алып келип жыттатып:

– Он свой, свой, на, понюхай,- деди. Ит да түшүнгөнсүп менин көзүмө бир аз карап турду да, шыйпаңдай баштады. Коркконумдан эки колумду көтөрүп алдым. Ит мени айланып бир сыйра жыттагылап чыкты да, туруп калды. Асел мени мыскылдай карап:

– Аты Вулкан, болду эми сага тийбейт, кенен жүрө бер,- деди. Аңгыча үйдөн 50 жаштын тегерегиндеги сулууча, толмоч орус аял чыкты. Анын артынан жашы 60тарда окшойт, арыкчырай, тамеки көп чегет окшойт, өңү кер сары тарткан, шорта, футболкачан бир киши чыкты. Экөөсү мени менен алыстан эле баш ийкеп учурашып коюп, кайра ичкери кирип кетишти. Асел экөөбүз ээрчишип топчанга бардык. Аппак жука шым, ак түстүү кенен көйнөк, аппак байпак кийген киши уктап жатыптыр. Асел биз келдик деп үн чыгарганда гана ойгонду. Жашы 60тан ашкан, чачын ак аралаган арык киши экен.

Ооруйт окшойт, көздөрү киртийип, айтор, соо кишидей көрүнбөйт. Ушундай картаң кишиге тийип алганын кара деп Аселди кызганып, аяп, тиги кишини жаман көрүп кеттим. Мени көрүп ордунан козголуп:

– Кел, балам, кел, чык биякка,- деп учурашып, колумдан тартып топчанга чыгарып жанына отургузду.

– Таняга айт, столго аны-муну алып келсин,- деп Аселге буйрук бере сүйлөдү да, жаздыгына таянып жата кетти кайра.

Асел унчукпай үйгө кирип кетти.

– Мени Касыке дей бер, баары эле Касыке дешет. Атың ким?

– Руслан.

– Каерденсиң?- Аксыдан, Жалал-Абаддан.

– Аа билем, билем, Союз маалында Сары-Челекке барганбыз. Анда Аксы эмес, Жаңы-Жол району эле. Кийин эле Аксы деп аталып калбадыбы,- деп аны-муну сурап отурду. Бир жери ооруй турганын даана байкадым, улам-улам эле көзүн жумуп, эрдин тиштене калып жатты. Танясы жана биз келгенде чыккан орус аял экен, бир заматта дасторкон жайып, стол үстүн түркүн даамга толтуруп салды. Касыке ар нерсени сүйлөп берип, сөз арасында ой-боюма койбой дасторкондогу бардык нерседен ооз тийгизди. Россияга биринчи жолу келдим десем:

– Орустар жакшы эл болот, балам. Жөнөкөй, куулук-шумдук дегенди билбейт, карапайым. Ичинде кири жок булардын. Аларды алдабасаң, ар дайым мамилеге так болсоң, арамзаалык кылбасаң эле болгону. Касыке көп эле нерсени баштан өткөрүптүр, айтымына караганда. Зеригип да калган окшойт, 1 сааттай сүйлөшүп отурдук...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан