Атай Өмүрзаков, бийчи: “10 ЖЫЛДАН БЕРИ БИЙЛЕЙ ЭЛЕК БОЛЧУМУН, ПРОДЮСЕРЛЕР БИЙЛЕТИШТИ”

Сыймыктанчу уул-кызы арбын кыргыздын. Алардын бири бийчи, Кыргыз желегин дүйнөгө желбиретип жүргөн Атай Өмүрзаков. “Унчукпай, пиар кылбай эле өлкөнү таанытып жатат” деген мактоолор көп айтылат бул жигиттин дарегине. Атай Өмүрзаков жана ал түптөгөн “Атай шоу” бий тобунун кезектеги ийгилигин сөз кылалы. Бийчилер учурда АКШнын чоң сахнасында өнөр тартуулап жатышат. “Americas Got Talent-2023” долбооруна катышып, дүйнөнүн ар бурчунан келген өзгөчө таланттын ээлери менен өнөр сынашып жаткан чагы.

– Атай, саламатсызбы? Маанайыңыз жакшыбы?

– Саламатсыздарбы? Маанайым жакшы. Аба ырайынын өтө ысык болуп жатканын эске албасак, баары жакшы.

– Көпчүлүктү сыймыктантып турган окуя тууралуу сүйлөшсөк. “America’s Got Talent-2023” долбооруна катышып келдиңер, кандай болду?

– “America’s Got Talent-2023” долбооруна ушул жылдын апрель айында барып келгенбиз. Видеосу эми гана интернет желесине чыгарылып, тарап жатат. Бул долбоорго катышууну көптөн бери кыялданып жүргөнбүз. Барып, ошол жерден талантыбызды көргөзгүбүз келген. Кудай буюрса, бул жылы мүмкүнчүлүк таап барып келдик. Бул жакшы ийгилик десем болот. Долбоорго катышуубузга президент Садыр Жапаровдун жардамы чоң болду.

– Кандай жардам мисалы?

– Каражат жагынан жардам берди. Долбоорго даярданып жатканда абдан көп каражат кеткен. Андан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев виза алуу жагынан жардам берди. Анткени АКШга виза алуу оор иш экен. Ушундай жакшы колдоолор болду.

– Канча убакыт даярдандыңыздар?

– АКШга барууга жарым жыл мурун даярданып баштаганбыз. Өзгөчө бий коёлу деп көпкө издендик. Долбоордун продюсерлерине көп варианттарды жөнөтүп жаттык. Ушул варианттын (ред.: аталган долбоордо көрсөтүлгөн бий) видеосун тартып жөнөткөндө продюсерлер жактырышты. Ошондуктан ушул концепцияга токтолгонбуз.

– Негизи эле мындай өзгөчө бийлерге идеяны кайдан аласыздар? Бул бийдин идеясы кимдики?

– Командабыз менен чогуу отуруп алып ойлонобуз, талкуулайбыз, консилиум өткөрөбүз. Командада дизайнер, музыкант, бийчилерибиз бар. Ар кимибиз идея айтабыз. Мисалы, бири түшүндө көргөн нерсени ишке ашыралы деп сунуштаса, башкасы кинодон көргөн нерсесин айтып “ушул сыяктуу бий жараталы” деп сунушташы мүмкүн. Сүйлөшүп отуруп бир идеяга токтолобуз. Ар бир бий - командадагы бардык балдардын идеясынын жыйынтыгы.

– Аталган долбоордо “зомбинин” образын чагылдырыпсыздар...

– Негизи “зомби” эмес, сынык куурчактарды чагылдырганбыз. Бирок бизди түшүнбөй калышты окшойт. Костюмдарга тартылган сүрөттөрдө да куурчактын элементтери камтылган. Музыканы өзгөртүп, “Backstreet boys” тобунун “Everybody” ырын кошуп жарыялашыптыр. Бул боюнча дагы ар кандай ойлор айтылып жатат, “музыка бийдин маанайына жарашпай калыптыр” деген сындар да бар. Биздин музыка андай эмес болчу. Оригиналында куурчактын үндөрү бар болчу. Бирок идеябызды түшүнбөй, “зомбиге” окшоштуруп, “зомби бийи” деп коюшту.

Жакшы сөздөр айтылып жатат. АКШдан да, Кыргызстандан да жакшы колдоо көрсөтүлүп жатат. Бул бизге жакшы маанай тартуулайт, албетте. Ата-энелерибиз да биздин ийгилигибизге кубанып турган чак. Алардын кубанычы бизди эки эсе кубандырат, дем-күч берет. Ошондой дем менен учурда кийинки турга даярданып жатабыз. Жайдын экинчи айы бүтүп баратат. Жайкы убактыбыздын баарын ушул долбоорго даярдануу менен өткөрүп жатабыз. Алдыда жарым финал бар. Жарым финалдан өтсөк, финалга катышабыз, буюрса. Августта АКШга бир айга кетебиз. Ошондо жакшы жыйынтыктар болсо экен деп тилеп, аракет кылып жатабыз.

– “Атай шоу” тууралуу да айтып берсеңиз, бул команда качан куралды эле?

– “Атай шоуну” пандемиядан кийин уюштурганбыз. Мурун бийлеп жүргөн балдар да, жаңы кошулгандар да бар. “America’s Got Talent-2023” сынагына катышкан балдар тууралуу айтсам, Эламан, Байэл аттуу бир туугандар, Бообек жана мен, төртөөбүз бийледик. Негизи 5 адам бийлемекпиз. Тилекке каршы, Байсейит деген жигитибиз виза ала албай калды.

– Негизи эл көзүнөн оолактап көрүнбөй кеттиңиз, эмне менен алексиз?

– Ооба, өзүм 10 жылдан бери бийлебей эле жүрөм. Менин ишимди окуучуларым улантып келе жатышат. Мен болсо алар менен чогуу чет өлкөгө барып, дүйнө кыдырып жүрөм. Бул сынакка даярданып жатканда продюсерлер менин сөзсүз катышышым керектигин айтышты. Ошондуктан балдар менен чогуу бийледим. Бет кап менен бийлегендиктен көбү мени тааныбай калыптыр. Бет кап тагынган, шляпа кийген мен болчумун.

– Жеке жашооңузда кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Жеке жашоомдо эч кандай өзгөрүү жок. Үйлөнө элекмин (күлүп).

– Алдыдагы пландарыңыз, максаттарыңыз кандай?

– Азыркы пландар боюнча айтсам, азыр бир гана максат, планыбыз бар. Ойлогонубуз, тилегенибиз, иштегенибиз ушул болуп жатат: “America’s Got Talent-2023” шоусунда мыкты жыйынтык көрсөтүү. Бул масштабдуу долбоор. Ага катышууну 5 жылдан бери кыялданып жүргөнбүз. Ушул долбоорду ийгиликтүү жыйынтыктап алсак, калганын көрө жатарбыз.

– Ийгилик каалайбыз! Ылайым жеңиш менен кайткыла.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1076, 21-27-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан