КОБРА (Орусияга иштегени барып, бир сулуунун тузагына илинип, ак жерден кылмышкерге айланып кала жаздаган кыргыз жигитинин тагдыры жөнүндө чыгарма)

(Башы өткөн сандарда)

Тамактанып алып топчанда телефондон кино көрүп жаттым. Ваня ашканадан арагын, газдалган суусун алып чыгып жаныма отуруп, ар нерсени сүйлөп, бир бөтөлкөнү бүт ичип бүтүп бөлмөсүнө кирип кетти. Ошол бойдон көрүнгөн жок. Саат онго чейин иштеп, ондо Ванянын эшигине барып тыңшасам угулар-угулбас бышылдап уктап жатат. Газдалган суусу жарымдап калыптыр, эми божомолумда эртең мененкиге чейин ойгонбой укташы керек. Компьютер турган бөлмөгө кирип терезелерин жаап, монитордон башка бөлмөдөгү камераларды карап отурдум. Эч нерсенин шеги билинбейт, айлана тынч эле. Ваня керебетинде чалкасынан түшүп уктап жатат. Мониторду өчүрбөй, жарык чыкпай турган кылып үстүн жаап, сыртка чыгып айлананы тыңшап тамеки чегип отурдум. Вулкан жүрөт килейип ары басып, бери басып. Айылдын башындагы үйлөргө бирөөлөр келген окшойт, музыканын үнү, адамдардын бака-шака сүйлөгөнү, күлкүлөрү угулуп жатты. Саат 11 болуп калыптыр, ай көтөрүлдү. Дагы эки сааттан кийин тобокелге салып чуркаш керек болот. Бассейндеги сууга бети-колумду жууп алып ичкериге кирдим. Бөлмөмдүн жарыгын өчүрүп коюп терезеден сыртты тыңшап отурдум. Саат он экилерде машинанын үнү угулгансыды. Жанагы бөлмөгө кирип мониторду карадым. Биз турган жерден эки үй ары жактагы чоң түп дарактын жанына бир жеңил машина келип токтоду. Он мүнөттөй карап отурдум, ичинде бир нече адам бар окшойт, телефондун жарыгы байкалып жатты. Мени аңдыганы келишкендер деп божомолдодум. Саат он экиден отуз мүнөт өтүп калыптыр. Бир маалда үнсүз-титирөө режимдеги бир телефонго чалуу келгенин кулагым чалды. Туура эле угупмун, Ванянын телефону экен. Ваня болсо бөлмөсүндө эч нерсени сезбей уктап жатат. Акырын кирип телефондун экранын карасам Эрма Босс деген бирөө чалып жатыптыр. Телефонду акырын алып ошол жерде турган сүлгүнүн үстүнө койдум, жанагыдай диртилдебей тынчып калды. Эрма Босс дегени жанагы шектүү машинада отургандар эле деп боолголодум. Тиги машинедегилер дагы беш мүнөттөй турушту да, анан бурулуп алып келген жагын көздөй кетишти. Үйгө кире алышпайт, Вулкан жөн эле жеп коёт бейтааныш ким болсо да. Эми чуркаш керек. Монитордун үстүн жаап койдум. Бөлмөмө кирип арканды алып, тапанчанын ременин кийип, тапанчаны колтугума катып алдым. Жер төлөгө түшүп сейфти ачып, телефондун жарыгын күйгүзөрүм менен жүрөгүм жарылып кетейин деди. Касыке көздөрүн тостойтуп мени карап туруптур. Телефонум колумдан түшүп кетти. Эч нерсеге карабай жер төлөдөн атып чыктым. Өзүмдү кармай албай, денем титиреп жатты. Менин дабышымды угуп дарактын түбүндө жаткан Вулкан жаныма басып келди. Вулкандын башынан сылап коюп тамеки күйгүзүп кере-кере тарттым. Колдорум дагы деле титиреп жатат. Тамекими өчүрүп, ашканадагы муздаткычтан Ванянын арагын бөтөлкөсү менен көтөрүп жутуп жибердим. Бир аз өзүмө келип, жүрөгүмдүн дүкүлдөгөнү басылгансыды. Эшикке чыгып, тамеки чегип көпкө чейин отурдум. Вулкан бир нерсени сездиби, жаныма келип колумду жалагылап жатты. Саат бирден өтүп калыптыр. Арактын күчү таасир этти, толкундоону жеңдим. Эгер бүгүн чечкиндүү болбосом эртең менин кандай күнгө түшөрүмдү Кудай билет, Асел таш боор мени жок кылып жибериши мүмкүн. Эч нерседен коркпошум керек. Айтор, өзүмдү-өзүм сооротуп кайра жер төлөгө түштүм. Телефонумду сыйпалап таап, алысыраак туруп жарыгын сейфке каратсам Касыке отурат. Көзү ачык калган экен, фонариктин жарыгында чагылышып жатыптыр. Ичимден билген сүрөлөрдү окуп, дуба кылып, Касыкени ошол жердеги бир материалга ородум. Сейфти, дубалды жаап, Касыкени желкеме көтөрүп, арканды алып акырын жер төлөдөн чыгып тез-тез басып даярдап койгон бөлмөгө кирдим. Эшикти ичинен кулпулап алдым. Терезени ачып сыртты бир аз тыңшасам тынч, Касыкени терезеден алып чыгып коргондун түбүнө көтөрүп келип жаткырдым. Аркан менен белинен байлап, аркандын бир учун кармап өзүм шаты менен жогору чыктым. Көчөнү карадым, токой тарап капкараңгы болчу, бирөөлөр мени аңдып, эмне кылып жатканымы карап турушкандай сезилип кетти. Тобокел, эмне болсо ошол болсун дедим. Тапанчамды сыйпаладым, ордунда эле экен. Бир аздан кийин коргондун үстүнө чыгып Касыкени эптеп тартып алып короодон ашырдым. Анан Касыкени, арканды, шатыны көтөрүп чуркап, токойго кирип кеттим. Шатыны ошол жерге, бир чоң дарактын түбүнө, оңой таба турган кылып сүйөп коюп, Касыкени көтөрүп алып баягы яхт-клубка алып барчу жол менен чуркап жөнөдүм. Корккондо адамда кошумча күч пайда болот экен. Жыйырма мүнөттө яхт-клубдун жарыктары көрүндү, музыканын үнү, эс алуучулардын кыйкырып сүйлөшкөндөрү угулду. Жолдон чыгып токойдун ичи менен эң четки пристанга, Касыкенин катери турган жерге туштап бардым. Бул жакка жарык тийбейт, караңгы. Катерлерде бирөө-жарым болуп калбасын деп аябай эле карадым, тынч, эч ким деле байкалбайт. Касыкенин катери оң тарапта, Виталич экөөбүз байлап кеткен жерде эле туруптур. Жанында ондон ашык катер турат. Саатты карасам бирден кырк мүнөт өтүп калыптыр, эми тез кыймылдаш керек. Дагы токой менен жүз метрдей басып яхт-клубдан алысыраак барып токтодум. Касыкени жаткызып, телефонумду, тапанчаны бекитип, шорты, футболкамды чечтим. Анан Касыкени желкеме көтөрүп, сууга түштүм. Катерге жетип Касыкени көтөрүп чыга албай турганмын. Аркандын бир учун кармап Касыкени сууга коё берип, өзүм катерге жармашып чыгып арканды бир колум менен кармап, бир колум менен катердин ачкычын бекиткен жерден алайын деп жатсам арт жактан:

– Ширеңке барбы?- дейт бирөө. Денем дүркүрөп кетти, аркан кантип колумдан түшүп кеткенин байкабай калдым. Өзүмдү араң кармап, артка бурулуп карасам жакын турган катерде жаткан окшойт, семиз, көз айнекчен бирөө карап турат. Мас окшойт. Сүйлөгөнгө алым келбей карап калсам:

– Эмне, орусча түшүнбөйсүңбү?- деп колун жаңсап ширеңке керек экенин түшүндүрүп калды. Эки колуму эки жакка жайып, ширеңкенин кутусундагы жазууну эстедим:

– Ноу, сафети матчес ноу,- депмин шашкандан. Тигил сөгүнүп:

– Эмне бүт эле туристтер ээлеп алганбы бул жерди? Өзүбүздүкүлөр жокпу?- деп сүйлөнүп, наркоман окшойт, жыгылып кетейин деп темтеңдеп яхт-клуб жакка басып кетти. Энеңдурайын "наркош". Сүйлөнүп алдым да, катердин бооруна асылып, сууну сыйпалап арканды таппай койдум. Жүрөгүм "шуу" деди, аркан, Касыке көрүнбөйт. Дароо сууга түшүп катерлерди айланып издеп жатсам бутума аркан илинди. Аркандын бир учун кармап катерге сүзүп келип жармашып чыгып арканды тез-тез тарта баштадым. Бир маалда аркан тартылбай калды, катуу тартсам арт жактагы катер билинер-билинбес кыймылдап кетти. Жаным чыгып согунуп алып аркандын учун катерге байлап, кайра сууга түшүп, арканды ээрчип барсам Касыке арт жактагы катердин түбүнө кирип кетип, костюму катердин бир жерине илинип калыптыр. Эптеп Касыкени катерге сүйрөп чыгып, сулк жыгылдым. Ушунчалык чарчапмын, эч нерсеге алым келбей калды. Денем титиреп жатты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1079, 11-17-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан