КОБРА (Орусияга иштегени барып, бир сулуунун тузагына илинип, ак жерден кылмышкерге айланып кала жаздаган кыргыз жигитинин тагдыры жөнүндө чыгарма)

(Башы өткөн сандарда)

– Ким билет, менттерге эс алып жүргөндөр чалыптыр. Көлдүн аркы жээгинен табышыптыр,- деп дароо башын көтөрүп мени карады эле, мен чочуп кетип какап кеттим да, дароо Ваня байкени карап калсам унчукпай башын жерге салып калды. Атанын ай, мени текшерген экен да, өлтүрдүм бүт ишти, же мага ошондой сезилдиби? "Коркконго кош көрүнөт" болбодубу? Унчукпай отура бердим. Момоюп жүрүп алып кыйын окшойт Ваня байке, көзүнөн эч нерсе байкабадым. Дагы куйду, экөөбүз ичип жибердик.

– Бүгүн эртең менен адамдар көрүп калышып менттерге чалып, алар Аселге чалышкан экен, азыр моргго алып кетишти, текшеребиз дейт. Дагы бир аз отурду да, чыгып кетти. Сыртка чыгып Ваня байкени карасам көрүнбөйт, бөлмөсүнө барсам жок. Терезеден сыртты карап турсам гараждан чыкты, ой басып калыптыр. Бир маалда бир нерсени эстедиби, тез-тез басып үйдүн арт жагына өтүп кетти. Чуркап экинчи кабатка чыгып, арт жак көрүнгөн терезеден ылдыйды карасам Ваня байке коргондун түбүн карап бир нерсе издеп жүрөт. Түшүнүктүү да эмне издегени. Мен ашкан жерге келип бир аз карап турду да, түшүндү окшойт, дароо биринчи кабаттын терезелерин карады, мен секирип артка жылып кеттим, байкабай калды. Акырын карасам коргондун түбүнө келип жерди, коргонду карады да, тез артка бурулуп басып көрүнбөй калды. Мен чуркап жер төлөгө түшүп кеттим. Бир маалда машинесин минип бир жакка кетти. Сыртка чыгып карап турсам айылдан чыгып көрүнбөй калды. Ойлонуп, гаражга кирип аркан таштаган жерди карасам аркандын үстүнө ташталган буюмдар алынып, аркандын мен байлаган учу чечилип калыптыр. Кармалап көрсөм суу бойдон, али кургабаптыр. Эми эмнени ойлоду, каякка кетти экен. Ваня байке жашыруун сөзү болсо бөлмөсүндө сүйлөшпөйт, же жолдо келатып сүйлөшөт, же гаражга кирип алып сүйлөшөт. Эч болбосо гаражды тыңшап көрүшүм керек. Иштеп жаткан бөлмөгө келип телефонумдагы ырларды коюп, үнүн орто чыгарып, бөлмөгө коюп, сыртка чыгып Ваня байкени күтүп отурдум. Бир сааттан кийин көчөнүн башынан машинасы көрүндү. Чуркап барып гараждын үстүнө чыгып узунумдан жатып алдым. Ваня байке машинасын туура эле гаражга айдап кирип токтотуп, сөрүгө барып ичин карап, менин жоктугуму көрүп, тез-тез басып гаражга кирип калдыратып бир нерсени алып дарбазага жакын келип дымы чыкпай калды да, эки мүнөттөн кийин үнү угулду:

– Эрма, ушунун эле кылганы. Сен туура айтыпсың, бүт окшошуп жатат. Көлгө барып баарын салыштырып келдим. Аркандагы балырлар ошол көлдүн балырлары, мына колумда кургаганы турат, лупа менен кургаганын алып келип салыштырып жатам. Бул жактарда андай түстөгү балыр болбойт. Кроссовкисин да терезеге жайып коюптур, анда да дал ошондой балырлар жармашып жүрөт. Кроссовкисинин таманында көлдүн жээгиндегидей кызыл кум жармашып жүрөт. Бул жактарда андай кум жок, деги эле бул жакта кум жок. Кумду да салыштырып көрдүм, түсү окшош. Катердин бооруна түшкөн издер да ушунуку, кроссовкисинин таманын сүрөткө тартып алып барып салыштырып көрдүм, дал ошол. Касыкенин костюм, шымындагы чаң да коргондун чаңы. Атайын бир эски костюмумду коргондун чаңына сүртүп, сууга салып кургатып көрдүм, дал ошондой кир болуп калды. Коргондон Касыкени арканга байлап тартып чыккан экен, Касыкенин кийимине чаң сүрүлүп жугуп калыптыр. Русландын футболкасы менен шортысын да көрдүм, ошол коргондун чаңы жугуп калыптыр. Футболкасы менен колу тийген жерлерди аарчыптыр, бүт чаң. Коргондон ашкан жерин да көрдүм, кийимдер тийген жерлер аарчылып калыптыр, жердеги түшкөн издерин колу менен тегиздептир. Мен тырмоок менен түздөйм да, башкача болуп калыптыр. Туура айтыпсың, сейфти да билет, Касыкени сейфке бекиткен. Акчалар да баары бир пачкадан алынган, акча банктан алынган, себеби акчалар жапжаңы, номерлери удаалаш.

Ары жактагысы бир иштерди тапшырды окшойт, "макул, макул" деп эле жатты.

– Түшүндүм, Эрма, түшүндүм. Бирок бүгүндөн калтырбайлы. Эгер Асел экөөңөрдүн видеоңорду бирөөлөргө жөнөтүп жиберсе эч нерсе кыла албай калабыз. Баарыбыздын башыбыз кетет. Өзүң көрдүңбү видеону? Көрүп кой, Бахага жөнөткөм. Сенин өңүң дапдаана түшүптүр, камераны көпкө чейин карап турган экенсиң,- деп үнү чыкпай калды да: – Макул, түшүндүм. Эми уктабайм, айттым го сага, уйку дары кошуп койгон экен деп. Кимдин оюна келет дейсиң. Сууларды төгүп салгам. Макул, макул, мен баарын даярдап коём,- деп телефонду өчүрдү окшойт. Бир аздан кийин гараждан чыгып үйгө кирип кетти. Мен дароо гараждын үстүнөн секирип түшүп, терезелерден ылдый болуп өтүп холлго акырын кирип тыңшасам ашканада бир нерселерди калдыратып жатат, байкалбай жер төлөгө түшүп кеттим.

Бүт эле билип коюшуптур да. Эрма дегени башчысы окшойт, ким болсо да кыйын адам экен. Асел деле ошонун акылы менен жүрсө керек. Кимдин оюна келет дейсиң минтип балырлардан, тамандагы изден, чаңдан билип коёт деп. Сейфтеги пачкадан алган беш миңдиктерди бөлмөдөгү дивандын тигилишин жыртып, бекитип, сыртынан тигип койгон элем, ошону да таап алышыптыр. А видеону кайдан көрө койду, эч акылым жетпеди. Телефонумдан көрүшкөн окшойт, эгер компьютерден көрүшсө сейфти да билишет эле каерде экенин. Телефонумда Касыкени өлтүрүшкөн күндөгү окуялар эле тартылган. Булар ушунчалыкка барып калышты, сейфти көрсөткөн күнү деле мени тирүү коюшпайт. Коркушат да бир күнү сатып коёт деп. Бөлмөмө кирип акчам бекитилген жерди сыйпаласам ордунда экен. Тигилишин телефондун жарыгы менен жакшылап карасам жиби сөгүлүп, кайра башынан тигилгени билинип турат. Акчаны көрүп кайра ордундай кылып тигип коюптур. "Бүгүн түндө" деп мени кармайбыз деп сүйлөштү да. Караңгы кирери менен Ваня байкеге көрүнбөй кетем, эмне болсо ошол болсун, бир аз акча алам да, түндөп Москвага жетип, туура эле аэропортко барып самолёт менен Кыргызстанга учуп кетем. Бекиткен акчаларды санасам жүз элүү беш миң экен. Жетет. Кеч киришин чыдамсыздык менен күтө баштадым. Токойдун ичи менен яхт-клуб жакка барсам эс алуучулар көп, машина көп, демек, такси да болот. Эптеп Мытищиге жетип алсам, андан ары Москвага электричка каттайт. Автобус, бусиктер деле толтура болсо керек. Саат араң эле алты болуптур. Жер төлөгө, иштеп жаткан бөлмөмө кирип алып ой басып отуруп калган экем, Ваня байкенин киргенин укпай калыпмын. Эшикти да жаап албаган экенмин. Ваня байке баш багып:

– Жүрү, тамак даяр болду,- деп коюп чыгып кетти. Тамакка эч эле табитим жок эле, Ваня байкенин көзүнө эптеп эле жеп, кайра жер төлөгө түшүп кеттим. Тапанчаны алып алам, бир нерсе деш кыйын, яхт-клубга жеткенде сууга ыргытып жиберем.

Өзүмдү алаксытайын деп телефонумдагы сүрөттөрдү карап отурсам, Касыкени өлтүргөн адамдын сүрөтүн скриншот кылып алган элем, ошол чыгып калды. Ошондо эстедим каяктан көргөнүмдү. Адашпасам, эки жыл мурун Бишкекте, индиялыкпы же пакистандыкпы, бир бизнесменди түндө үйүнө кирип өлтүрүп, аябай көп акчасын алып кетишти деп эки эркек, бир кыздын сүрөтү чыккан. Элде аябай талкуу болгон. Ошол сүрөттөгү адам эле. Интернеттен издеп тез эле таптым. "Түнкү каракчылар" деген макала экен...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1081, 25-31-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан