АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Жүрөгү туйлап жатты Эмирдин. Апасына мынчалык катуу сөз сүйлөө бир жыл мурун анын оюна да келмек эмес. Азыр болсо ага карата кичине да жылуулук сезилбей жатканына таң калды. Ал тургай ичинде жек көрүү, жатыркоо бар. Тез убакытта эле жанын бергенге даяр адамы ага чоочун болуп турду.

– Уулум! Сен баары бир менин уулумсуң! Мен сенин жалгыз энеңмин. Мындан башка чындык жок. Болушу да мүмкүн эмес.

Эмир башын чайкай берди. Көзүнүн жашын колунун сырты менен аарчыды да, кайгылуу жылмайып алды.

– Мени эмне кылдыңар? Мени мындан көрө багып албай эле койсоңор болмок. Ушул жашка чейин келип атам деп жүргөн адам башка экенин, энем деп жүргөн адам мени алдап жүргөнүн билүү кандай оор экенин билесиңби? Менин жашоомду астын-үстүн кылганыңарды билесиңерби? Менин жашоого болгон ишенимимди, үмүтүмдү талкалаганыңарды билесиңерби? Жок, силер эч нерсени билбейсиңер.

– Эмне күнөөм бар менин...- деди акырын шыбыраган Ажар. – Сени өз баламдай багып өстүргөнүм үчүн күнөөлүүмүнбү?

– Унчукпа, апа, эч нерсе дебе. Мен өгөй экенимди билип чоңойсом мынчалык оор болмок эмес. Эми айт! Менин чыныгы ата-энем ким? Сен билесиң, апа, сен жакшы билесиң. Эгерде бул сырды айтпасаң, мен да сенин сырыңды сактай албайм.

– Кайсы сырымды?

– Атам өлгөн күнү мен сенин машинаңдан кан болгон жоолугуңду таптым. Ошол күнү үйдөн кайсы убакта чыгып кеткениң да видеодо сакталып калган. Ошол күнкү видео жазууну мен өчүрүп койгом. Ал дагы атамдын өлтүрүлгөн убактысы менен дал келет. Мен баарын билем, апа. Атамды...

Ажар уулунун сөзүн бүтүрбөй аны жаакка чаап жиберди. Биринчи жолу уулуна кол көтөрүшү. Жаны чыгып кете жаздап уулун карап турду. Эмирдин жаагына кыпкызыл болуп алакандын изи түштү. Ал дагы апасынан муну күтпөгөн эле, жалдырап эле туруп калды. Эне-бала бири-бирин тиктеп турушту.

– Бардык жакшылыгымдын кайрымжысы ушулбу?

– Апа?

– Апаңмын мен! Ушуну унутпа, мен сен үчүн жанын бергенге даяр адаммын. Мен керек болсо...

– Атамды мен үчүн өлтүрдүң!- деди Эмир кайгылуу гана башын чайкай.

– Мен атаңды өлтүргөн жокмун,- деди өжөрлөнгөн Ажар. Мындан ары эмне болуп кетерине көзү жетпей турду. Уулун кантип куткарышты билбей жатты. Өзүн бул абалдан кантип чыгарарына акылы жетпей турду. Жаны кашайып, айласы кетип калган апасын көргөн Эмир чыдай албай кетти. Аны кучактай берди. Бирок Ажардын кучагы мупмуздак эле. Мурункудай мээримдүү колдору менен чачын сылаган жок. Эмир ого бетер коркуп кетти. Апасы аны жакшы көрбөй калат деп коркуп кетти. Ого бетер бекем кучактады.

– Мунун баары түш деп айтчы, апа. Ойгонуп кетсек баары жакшы болот. Мен сенден башка апаны каалабайм. Менин төрөгөн апам эле сиз болуп калышыңызды каалайм. Баары жалган дечи. Сен менин апамсың!

Ажар шалак эте отуруп калды. Эмне дээрин биле албай турду. Эмирдин чачын акырын сылай берди.

– Уулум, мен сенин жалгыз апаңмын. Баарын унутабыз, жараларыбызды бирге айыктырабыз. Менин сенден башка эч кимим жок. Сенин дагы менден башка эч кимиң жок. Мага сөз бер. Мунун баарын унутам деп сөз бер. Ата-энеңди издебейм деп сөз бер. Мурункудай эне-бала болуп жашайбыз.

Жашоо мыйзамы бирок экөөнүн каалаганындай болбоду. Эмир аны багып алышканын, ата-энеси башка экенин такыр унута албай койду. Улам кылт этип эсине түшөт. Кимдер алар? Кандай жагдайда ташталды? Төрөлөрү менен таштаса кеп башка, бирок бир жашка чыгайын деп калганда таштап кеткени кандай? Эмнеден улам? Ушинтип эле басса-турса ойлоно берди.

ххх

Ажар психолог Берметтин алдында отурду. Бүгүн ал башкача эле. Канча айдан берки эмгеги текке кеткенсип Берметтин да ичи ачышып жатты. Бул терең депрессияга кирип кеткен аялды куткаруу үчүн канча күч сарптады эле. Бирок кайра бир нерсе болгон окшойт, баштапкы абалына келип калыптыр.

– Сизге эмне болду?

– Мен эң корккон күн келди. Уулум аны багып алганыбызды билип алды.

Бермет аялга боору ачый карады.

– Мындай болорун билгенсиз да, бир чети жеңилдедиңиз болуш керек.

– Жок, бычак жүрөгүмө сайылып калгандай абалдамын. Ал бычак чыкпай, ошол жерим кан агып тургандай сезилип жатат. Мен эч нерсе кыла албадым. Сактай албадым сырымды...

Ажар бетин басып буркурап ыйлап жиберди. Эмир ага баарын айтканда да ыйлай албай койгон. Жүрөгү үзүлүп кетчүдөй болсо да ыйлай алган эмес. Азыр болсо көз жашын токтото албай жатты. Бермет да жөн койду. Бир топко ыйлады. Өзү солуктап барып токтогондо гана акырын сурады.

– Анын абалы кандай эле?

– Эмирди мен биринчи жолу ошондой абалда көрдүм. Жат көз карашы азыр да көз алдымда турат. Ушундай чоочун көз караш менен жек көрүп карады. Ал мага эч качан минтип караган эмес. Ата-энеси ким экенин сурады. Аларды таап беришимди талап кылды. Мен эми эмне кылам, билбейм.

– Чындыкты айтышка туура келет.

– Жок!

– Мына, канча жашырсаңыз да ал билип алды. Андан көрө сизден билгени оң. Чындыкты билгенден кийин ал сизден кол үзүп кетпейт. Силердики чыныгы эне-уулдун байланышы. Болгону сиз коркпой кадам ташташыңыз керек.

Ажар үнсүз отуруп калды. Анан көзүн көтөрүп Берметке тигилди.

– Мен бул сырды сактоо үчүн киши өлтүрдүм! Мен өз күйөөмдү өлтүрдүм. Эң чоң бааны төлөдүм уулум үчүн. Анан кантип ага бардык сырды айтып коё алам? Менин сүйүүм ушунчалык күчтүү, уулум үчүн киши өлтүрдүм.

Бермет алдындагы аялды боору ооруй карады. Бир кезде акырын үн катты.

– Сиз бул ишти уулум үчүн кылдым деп ойлоп жатасыз. Бирок андай эмес. Сиз коркуудан улам ошондой ишке бардыңыз. Сиз өзүңүз үчүн ушундай кадамга бардыңыз. Жөн эле көшөгөнүн артына жашынып алып адамдар өзүбүздү актай беребиз. Бирок ал андай эмес. Сиз жалгыз калуу коркунучунан улам кылмышка бардыңыз. Сиз жашооңуздагы эркектердин эч биринен сүйүү албапсыз. Сүйүүгө ушунчалык суусап калгансыз, баккан балаңыздын сүйүүсү сизди кармап келген. Ал тургай бул сүйүү сизди өлүмдөн да куткарыптыр. Сиздин жашоо маңызыңызга айланыптыр. Бирок адам башканы эмес, өзүн сүйгөндө гана толук кандуу адам боло алат. Сиз өзүңүздү такыр сүйгөн эмессиз. Тек гана сүйүүнү башкалардан издегенсиз.

Ажар таң кала укту. Башында кабыл алгысы келбеди. Бирок Берметтин ар бир сеансындагы таасирлер ал чындыкты айтып жатканына ынандырды. Чындап эле Эмирди эмес, анын сүйүүсүн жоготкондон корккон чыгар. Балким, өзү сүйүү деп ойлоп алган нерсе жөн гана сүйүүгө болгон муктаждыктыр. Алдастап калды. Адам күтпөгөн нерсени көргөндө кандай шашкалактап калса Ажар да шашкалактап калды. Айласыз Берметти карады.

– Чын элеби? Мен...

– Сиз азыр жашооңуздагы эң чоң травманы башыңыздан өткөрүп жатасыз. Сизди кайрадан жалгыз калам деген коркунуч жеңип жатат. Бирок жакшылап ойлонсоңуз акыйкат өзүнөн-өзү келип чыгат. Сиз коркунуч менен бет келишесиз. Уулуңузга жалгыз чындыкты айтып бересиз. Ошондо сиз чындап айыгуу жолуна түшөсүз.

– Мен коркпой каламбы?..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1082, 1-7-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан