Арген Эсенбай уулу, тамада: “АКШга КЕТЕМ, ОШОНДО ӨНҮГӨ БЕРГИЛЕ”

Бул ирет “чап, чап, колду чап” деп ырдап таанылган тамада Арген Эсенбай уулуна хейтерлердин суроолорун узаттык. Күлүп, кээде терең ойлонуп, муңайып, кээде ачууланып жооп берип жатты каарманым. Хейтерлер эмне дешет?

burula: – Бул тамада элди жинди кылып бүттү, мунун сөзү менен ортого чыгып бийлеген тигилер да айныды.

– Тойдо бири-бирин сынап, жактырбай карап отурганга караганда, ырдап-бийлеген сонун да. Той ээси үчүн бул көптөн күткөн чоң жакшылык. Буга ал акчасын, убактысын кетирип даярданат. Андыктан көңүлдү көтөрүп, күлүп-жайнап отуруш керек. Тамадалар да ошого аракет кылып оюндарды уюштурабыз, бийлетебиз, ырдатабыз.

nur.elll: – Ушул жүлжүктүн эмнесине кызыгып чакырышат тамадалыкка?

– Жүлжүк кылып мени Кудайым жараткан да. Кудайчалык кудуретиңиз болсо, өзүңүздү түзүгүрөөк кылып кайра жаратып алыңыз.

user9484299811237873: – Тойду сонун алып барат, бирок ушул “чап, чап” деген ырын өзгөртсө болот эле...

– Ооба, өзгөртүп жатабыз. Бирок аны ырдабайм десем деле эл ошону көп суранат.

nasiyatka: – Тамада азамат, формаң да мыкты. Болгону чач жасалгаңды өзгөрт, адиске кайрыл.

– Чачымды Бишкектеги эң мыкты салондорго барып кырктырам. Бул сынды туура кабыл алам. Чач жасалгамды кандай кылып өзгөртсөм деп өзүм да ойлонуп жүргөм.

Алтынай: – Жакпайт ушул бала...

– Алтынайга же дегеле бир адамга жагайын деген оюм жок. Кудайга гана жаккым келет. Сизге жагышым керек болгондой сиз мага эмне кылып койдуңуз? Жакпасам карабай коюңуз.

Гүлжамал: – Мындан башка өнөрүң жокпу, кыйкыра эле бересиң, үнүң да башкача...

– Мени ошон үчүн чакырышат да. Кыйкырып, ырдап, ары-бери чуркап энергиям кетет, чарчап калам. Бирок эл ошону күтүп жатса, мен аны кылышым керек.

Давлет: – Ар кимди чыгарып алып маймылдай кылып бийлетпей эле койсоң, арасында мас болуп байкабай бийлеп салгандары дагы бар...

– Ким кандай отурат, баарын байкап турам да. Ашыкча мас болгондорду кыйнап чыгарбайм. Эч кимди кыйнабайм. Тойдо элдин бийлегиси келет, шпагатка отургусу келет, ойноп бугун чыгаргысы келгендер бар.

Momunova: – Таланты жок тамада...

– Негизи 1 пайыз талант болсо, аракет кылып өнүктүрүп кетиш өз колуңда да. Менде Кудайым берген шык бар, эл астында өз оюмду айта алам, элди башкара алам. Демек, бул талант. Талант роль ойнобосо, анда сиз деле тамада болуп кетиңиз.

Janaaly: – Ырдаган булар, уялган мен болдум го...

– Уялып отура бериңиз ошентип.

Жазай: – Тантырап эле ырдай берет...

– “Акча” деген ыр тууралуу айтып жатыптырсыз. Бул ырды тантыраган десеңиз, анда муну түшүнүүгө сиздин аң-сезимиңиз жетпейт экен. Азыр бардык адамдардын ою – кайдан акча тапсам болуп калбадыбы. Баарыбыздын оюбуздагыны эле ырга салып койдум.

user190806923297: – Ушулар кетсе оңолот элек...

– Жакында АКШга кетем, ошондо оңолуп кеткиле. АКШга чоң кыялдарымды орундатыш үчүн кеткени жатам. Ал жактан шоу-бизнеске аралашам, ырдайм. 50 cent, Питбуль, Daddy Yankee сыяктуу дүйнөнү багындырган ырчылардын деңгээлине чыккым келет. Ошолордун жанына барчу жолдорду издеп жатам. Алар менен тең тайлаша ырдаш кыйын, бирок бир убакыт келет, тең тайлашам.

Dan76: – Таш берчи, таш, бир урайын...

– Мен эл арасында эле жүрөм. Духуңуз жетсе, маңдайымдан чыгып уруңуз.


alina: – Арген, ойлонуп туруп жакшыраак обон чыгарчы. “Классташтар” деген ырың уккулуктуу, калганы...

– Биз окшош стилдеги ырларды уга берип көнүп калыптырбыз. Менин регги стилиндеги ырларым кулакка өөн угулуп, эл кабыл албай жатат. Ырдай берсем, акыры кабыл алышат го.

ну: – Кайрат Кыргыздын орун басары...

– Эмнем окшош? Такыр окшоштугубуз жок. Ага кайнаса каным кошулбайт. Кайрат Кыргыздын жүрүм-туруму, адамгерчилиги, ырлары такыр башкача. Ал кээде хайп жаратып коёт. Мен ага окшошкудай хайп кылып көлдүн жээгине чечинип жата калган жерим жок, үстүмө клеёнка кийип кашымды шайтандардай чийип алган жерим жок. Бир ыр ырдап токтоп калган жокмун, же иштешип жүргөн кишилерди аркасынан жамандаган жокмун. Болгону видеолорум элге, кичинекей балдарга чейин жагып, өздөрү бөлүшүп, таратып жатышат, болгону ошол.

Гули: – Арген, үй-бүлөңдү эмнеге жашырасың?

– Үй-бүлөм болсо жашырамбы?

tumara: – Мас кишиге окшоп ырдайт го...

– Мен ичип же чегип алып ырдабайм. Андан Кудай сактасын. Мен өз жумушумдан ырахат алам, берилип иштеп жатканда, балким, мастай көрүнөм.

Жаз: – “Акча” деп ырдап алыптыр. Бул кыйналып-кысталбай эле акча таап жатат го, сенин кантип акчаң жок калмак эле.

– Сиз дагы кыйналып-кысталбай эле акча таба бериңиз. Акчам бар, толтура. Менин максатым чоң. Жалгыз бой энелерге, муктаж үй-бүлөлөргө жардам бергим келет. Жардам бериш үчүн акча табышым керек. Кара жанымды гана ойлосом, кенен жашасам болот, жетет, үй-бүлөмдү кенен бага алам.

dygp40nqkoh4: – Бир жакшы комментарий жок экен, жөн эле жүрө берчи шылдың болбой...

– Комментарий жазгандардын 80 пайызы жакшы каалоо-тилек, жакшы сөздөрдү жазышат. Калганы көрө албагандар, ичи тарыгандар, максаты жок, үй-бүлөсүн камсыздай албагандар. Ошолор жаман сөздөрдү жазышат. Аларга теңелип отура бербей, мен ишимди кыла берейин.

almir4: – Киного тартылса жакшы болмок, шүмшүк кишинин ролун аткарып...

– Менин кара жолго түшүп кеткен учурум болгон. Бирок өзүмө келип, “кой, жакшы адам болоюн, үй-бүлөмдү багайын” деп багытымды өзгөрткөм. Азыр ооздугумду тартып, түз жүргөн кезим. Киного чакырышса тартылам. Өзүмдүн да тартылгым келип жүрөт. Шүмшүк кишинин ролун жакшы аткармакмын.

Жашоодо шок баламын. Бирок шүмшүк болуп, бирөөнү алдап, пайдаланып кетейин дегенден Кудай сактасын. Мен бирөөнүн эмгегин жегенден коркуп калгам. Эртең Кудайдын астына барганда жооп береримди жакшы билем.

Коркуп калгам дегеним, бир учурда адамдарды иштетип туруп, акысын толук бербей койгом. Кийин өзүм эмгегимди жедиргенде башкаларга андай мамиле кылбаш керек экенин жакшы түшүнгөм. Менин эмгегимди жеп, мени пайдалангандар кийин кырсыктап, азап тартып кыйналышты.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1085, 22-28-сентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан