Элнура Жумаева, ырчы Аксай Мукамбет уулунун эжеси: “ИНИМ КЕСИП ЖАНА ЖАР ТАНДООДО ЖАҢЫЛГАН ЖОК”

Өзү айткандай, “Музаман” тобунун жылдыздуусу, баритон үндүү мүчөсү Аксай Мукамбет уулунун бир тууганы Элнура Жумаева маектешим. Элнура айым инисинин мүнөзү, балалыгы, чыгармачылыгы боюнча кызыктуу кеп салып берди.

“Башына чоң келген калпагын жакшы көрчү”

– Атам, апамдын кесиби метеоролог болгондуктан көп жылдар бою Нарындын Ат-Башысында эмгектеништи. 7 бир туугандын ичинен бешөөбүз, Аксай да ошол жакта төрөлгөнбүз. Аксай менден 5 жашка кичүү.

Кичинесинде сары, башы чоң, тил алчаак, тырышчаак, аракетчил бала эле. Көк беттиги ушунчалык, жасайм деген нерсесин урушсаң да болбой жасап, анан жаны тынчу.

Үйдө атам, апам да жакшы ырдашат, талант ата-энемден өттү окшойт. Аксай тили чыккандан бери эле ырдап келе жатат. Ата-энемдин жумушуна байланыштуу тоодо көп жыл жашадык. Аксай кичинесинде таттууга жакын болчу. Бизге кийим-кече, азык-түлүктү тик учак менен жеткиришчү. Шоколад, токоч дегендерди чакаларга салып алып келишчү. Тик учак келип конгондо эле Аксай чуркап барып таттууларга жабышып үйгө ташый баштачу. Таттуулар түгөнүп баштаганда эми тик учак качан келет деп күтчү. Менин резина өтүгүм бар эле. Негедир ошону, анан башына чоң келген калпагын жакшы көрчү. Аны издеп калганыбызда коңшулардан “Аксайды көрдүңөрбү?” десек, “кандай кийинип жүрөт эле?” дешсе, “баягы өтүгү жана калпагы менен” деп айтар элек.

“Талаада кетмен чаап өскөн, акчанын баркын билет”

– Эс тартканда атамдын жанынан чыкпай, кол-арага жарай баштады. Кой десе болбой атам менен отунга барат, кык чыгарса тырмалаңдап кык чыгарышат. Атам бир аз отун байлап берип койсо ишке жараганына сүйүнүп барбалаңдап көтөрүп келчү. Үйдө кызыл магнитофон бар эле. Ошондон 1-классынан тарта Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеевдин ырларын угуп, жаттап алып ырдай баштады. Мектепте активист болду. Майрамдык кечелерге, райондук сынактарга катышып ырдап жүрдү. Эл ошондо эле “келечектеги ырчы” дечү.

Төрт кыздан кийин Аксай төрөлгөн. Бирок ата-энем аны жалгыз уул деп эркелетип, өз эркине коюшкан жок. Кийин инилүү, карындаштуу болуп, аларды көтөрүп жүрүп чоңойтту. Анан Токмок тарапка, Жаңы-Турмуш айылына көчүп келдик. Союз тарагандан кийин оор жылдар болбодубу. Дунгандардын талаасында акыга жалданып иштеп жүрдүк. Кетмен чаап, кызылча, жүгөрү, семичкеден башыбыз чыкчу эмес. Жайкы каникулубуз талаада эле өтчү. Ошондо да Аксай такыр жалкоолонгон жок. Бир туугандарына кадимкидей бел болуп, бизден көп иштеп жүрдү. Акча кантип табыларын, анын баркын билип өстү. 9-10-класс кезинде аккордеон, гитара черткенди үйрөнүп, айылда өзүнчө эле жылдызга айланды. Кадимки ырчылардай ырдачу.

“Чогулткан акчасына үйдүн пайдубалын куйдуруп салган”

– Сүрөттү жакшы тартчу, ошого биз аны сүрөтчү же архитектор болосуң дечүбүз. Мектептен кийин жогорку окуу жайга окумак болду. Үйдүн улуусу болгондуктан аны ээрчитип алып Бишкекке келип, 2 университетке алпарып көрсөтүп, ушул экөөнүн биринде оку дедим. Ал кыйылып болбойт. “Искусство институту каякта? Ошол жакка бир барып көрбөйлүбү?” деди. Көңүлү калбасын деп ал жакка алып бардым. Ырдап берип, башка сынактарды жакшы тапшырып өтүп кетти. Эми ойлосом, ал кесибин туура тандаптыр.

1-курсунда ата-энеме оордук келтирбейин деп сабактан кийин иштеп, акча таап жүрдү. 2-курсунан тартып кафелерде ырдай баштады. Ошондо көбүрөөк каражат таап калды. Эсимде бир күнү үйгө такси менен барды. Аны көргөн апам “өзүң студент болсоң, анан неге таксилеп жүрөсүң? Автобус менен эле келбейт белең?” деп жатат. Аксай күлүп толтура азык-түлүк түшүрүп, “муну иштеп тапкан акчама сатып алдым. Дагы көп алып келем” деди. Ошондо үйдөгүлөр таң калдык. Таксисттин “эл студент баласына тамак-аш ташып багат, силердин балаңар тескерисинче силерге ташып багат тура” дегени азыр да эсимде.

Стипендиясын, анан кафеде ырдап тапкан акчаларын үнөмдөп, чогултчу. Үйгө келип “жаңы там салабыз” деп ошол чогулткан акчасына пайдубал куйдуруп салды. Ошентип күтүлбөгөн жерден үй башталды, бүттү. Ошондо да Аксайдын чечкиндүү, өжөр, акылдуу экенине дагы бир ирет ынанганбыз. Иним кичинесинен апама жакын өстү, азыркыга чейин апам менен сырдашат.

“Экинчи Магомаев”

– Аксай классикалык, италиялык музыкага жакын. 2011-жылы “Музаман” тобунун түзүлүшүнө салым кошту. 2012-жылы топ Астанада өткөн фестивалга катышып лауреат болушту. 2013-жылы Сочиде өткөн мызыкалык сынакта 1-орунду ээледи. Ошол эле сынакка 2015-жылы топтогу Алымкул экөө барып, баш байгени утуп келишти...

Муслим Магомаевдин ырларын 4-курстан баштап аткара баштады. Кийин Улуттук филармонияда “Магомаевдин ырлары” деген аталышта концерт берди. Ошондон кийин алып баруучулар сахнага аны “экинчи Магомаев” деп чакырчу болушкан.

“Баласаак, кыздары да жакшы ырдашат”

– Келинчеги Айчүрөк менен бир институтта окуп жүрүп, таанышып калган. Ага сезимин билдирип, белектерди берсе да кабыл албай, артынан 1 жыл чуркатат. Айласы кеткен Аксай куулук кылып анын иниси менен таанышып, ага гитара үйрөтмөй болуп көңүлүн алат. Айчүрөктүн туулган күнүндө өзүнүн сүрөтү менен гүлдестени анын бөлмөсүнө иниси аркылуу койдуруп коёт. Ошондо кыз “Аксай үйгө чейин келдиби?” деп таң калыптыр. Акыры экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошушту. Сүйлөшүп жүрүшкөн убакта Аксай футбол ойнойм деп колун сындырып алды. Жатаканада жашачу эле да. Айчүрөк кирин, башын жууп берип камкордук көрүп жүрдү. Апам ошондо болочок келинине ичи жылып, жакшы көрүп калган.

Аксай жар тандоодо да жаңылышкан жок. Келинибиз жароокер, иштерман, акылдуу жан. Аксай өзү ал тууралуу “сапаттуу жубай, оригинал” деп тамашалап калат. Иним 2 кызын бөпөлөп багат, баласаак. Эки кызы тең жакшы ырдайт.

Мээнети, талантынын арты менен үй-жайлуу, бир нече эл аралык сынактардын лауреаты болду, эл сыйлаган ырчыга айланды. Ушундай бир тууганыбыз бар үчүн сүйүнөбүз, сыймыктанабыз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1086, 29-сентябрь-5-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан