Азия кубогу-2023: Япония чейрек финалда
31-январда Катарда өтүп жаткан 2023-жылкы Азия кубогунда турнирдин чейрек финалына чыккан дагы бир команда аныкталды. Ал 1/8 финалда Бахрейнди жеңген Япония курамасы.
49-мүнөттө япондор 2:0 эсебинде алдыда келе жаткан. Оюндун жүрүшүн ишенимдүү көзөмөлдөп жаткан алар 64-мүнөттө өздөрүнө гол киргизип алышты, автоголдун ээси дарбазачы Сион Сузуки болду. Бирок бир нече мүнөттөн кийин Аясе Уэда Бахрейндин дарбазасына кайрадан гол киргизип, эки голдук айырманы калыбына келтирди – 3:1. Эми Япония чейрек финалда, анда алар 1/8 оюндагы акыркы беттештин жеңүүчүсү менен кез келет (Иран – Сирия).
Эскерте кетсек, 30-январда Өзбекстан Таиландды 2:1 эсебинде жеңсе, Түштүк Корея пенальтилер сериясында Сауд Арабиясын 4:2 эсебинде утту. Эми Азия кубогунун чейрек финалында Өзбекстан курамасы Катар менен, Иордания Тажикстан менен, Түштүк Корея Австралия менен ойнойт.ыргызстандын таэквондочулары Алматыдагы эл аралык турнирде 43 медаль утушту
26-28-январь аралыгында Казакстанда таэквондо боюнча ITF Almaty Open эл аралык турнири болуп өттү. Кыргызстандын ITF оригиналдуу таэквондо федерациясынын башкы калысы Кутман Мукашевдин айтымында, турнирге 7 жаштан 17 жашка чейинки 62 кыргызстандык спортчу катышты. Командалык мелдештин жыйынтыгында кыргызстандыктар 15 алтын, 14 күмүш жана 14 коло медалга ээ болуп, экинчи орунду ээлеп жемиштүү кайтышты.