Бала эмне үчүн нышан болуп төрөлөт?

Өлкөдө ымыркайлардын нышан болуп төрөлүшү көбөйүүдө дешет адистер. Себеби – кош бойлуу кезде эненин ден соолугу же кайдыгерлиги. “Мурда орточо 650 баладан бирөө нышан болуп туулса, учурда 500-550 баладан бирөө төрөлүп жатат. Аял кош бойлуулуктун алгачкы 3 айында өзүн абдан жакшы карап, оорубаганга, стресс болбогонго аракет кылышы зарыл”,- дейт Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Мамыралиев. 

Дүйнөдө ар бир 11 мүнөттө бир нышан ымыркай туулат

– Нышан – бул үстүнкү эриндин тубаса жырык болушу. Медицинада “хейлосхизис” деп аталат. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, дүйнөдө ар бир 11 мүнөттө бир нышан бала туулат. Эриндин жырыгы оң же сол тараптан, кээде 2 тараптуу да болуп калат. Формаларына келсек, толук жырык (эринден мурунга чейин), жарым жырык (мурунга жетпейт) деп бөлүнөт. Кээ бирлерде эриндин жырыктыгына кошо таңдайдын жырыктыгы да кездешет. Тамак, кулак, мурун үчөө каңылжаар аркылуу тыгыз байланышып турат, булчуңдары да туташ. Ушул себептүү эриндин жырыктыгы тегерегиндеги булчуң, кемирчек жана сөөктөргө да терс таасир этип, беттин түзүлүшүнүн бузулушуна жеткирет. 

Нышандык угууга да таасирин тийгизет  

– Нышандык угууга да, сүйлөөгө да таасирин тийгизет. Эрин жырык болгондуктан бала эчмек эмгенде, тамак ичкенде кыйналат, ичкени оозунан куюлат. Адатта, бала физикалык өсүүсү жагынан өзү теңдүүлөрдөн артта калып, салмакты аз кошот. Эриндин жырыгынан дайыма аба кирип тургандыктан тамакта, ооздо сезгенүү жаралып, сезгенүү башка органдарга да таасир берип, бала көп ооруйт. Бронхитке, отитке, пневмонияга көп чалдыгып, ал тургай бронхиалдык астмага учурап калышы мүмкүн.

Эрин жырыгынан улам үстүнкү тиштер туура эмес чыгып, тамак чайноого терс таасирин тийгизет. Тиштер туура эмес чыккандан жана оозго аба кире бергендиктен бала тыбыштарды туура айта албайт, туура сүйлөй албайт. Мурду менен сүйлөйт, үнүнүн тембри бузулат.

Жырык мурунга чейин жетсе, мурун кайкысы жана мурундун өзү бир тарапка кыйшайып калышы мүмкүн. Бул мурундун бат-баттан бүтүүсүнө, таноонун четтеринин кеңейип кетишине жеткирет.

Себепкерлер – оор талгак жана стресс

– Түйүлдүктү нышандыкка жеткирчү себептер көп, мисалы, тукум куучулук, гендик мутация (жакын туугандардын баш кошуусу), радиация, экологиянын начардыгы, аялдын химиялык заттар менен иштеши, тамеки тартышы, баңгизат колдонушу жана башка. Кош бойлуулуктун алгачкы 3 айында аялдын инфекциялык же жыныстык жактан жугуучу оорулар менен оорушу, талгак мезгилинин оор өтүшү, витамин жетишсиздиги, стресстер, оор жумуштарды жасоо да түрткү болот. Анткени түйүлдүктүн бет-жаагынын ткандары түйүлдүктүн 8 апталыгына чейин түптөлөт.

Мисалы, дарыгерге кайрылган нышан балалуу аялдардын көбү “кош бойлуулуктун баштапкы этабында сасык тумоо же башка дарттар менен ооруганын ырасташат” дешет адистер. Кеч төрөт да баланын нышан төрөлүшүнө себеп болушу мүмкүн. Эгер аял 40 жаштын тегерегинде же андан кийин төрөсө.

Оор учурда операция 3 этап менен өтөт

– Түйүлдүктө нышан бар экендиги кош бойлуулуктун 14-16 аптасында УЗИден билинет. Бирок так диагноз бала туулгандан кийин коюлат. Нышан менен төрөлгөндөрдө башка патологиялар бар же жок экендигин аныктоо үчүн анын угуусу, көрүүсү да текшерилет.

Дартты оор же жеңил түрүнө карабай операция аркылуу 1-3 этап менен дарылоо талап кылынат. Операция адатта бала туулгандан кийинки 3-6 ай арылыгында жасалат. Андан эрте жасоого баланын эрининин кичинелиги, канды көп жоготуу коркунучу болгондуктан уруксат берилбейт. Мисалы, жырык мурунга чейин жетпесе, үстүнкү эрди жамалат. Өтө зарыл учурда гана ымыркай туулар замат операция жасалат. Таңдай да жырык болсо, операция 3 этапта өтөт. Биринчи этапта, 3-6 айлыгында эрин жамалат. Экинчи операция бала 2 жашка толгондо жасалып, таңдайындагы жырык жамалат. Мурда мындай операциялар бала 5-6 жашка чыкканда жасалчу, кийин бала сүйлөп, чөйрөнү жакшылап тааный баштаганда сүйлөөсү, мүнөзү туура эмес калыптанбашы үчүн 2 жашында жасала баштаган. Үчүнчү операция баланын 14 жашында жасалат, мурундагы кыйшык кемирчектер калыбына келтирилет.

Дарылоонун натыйжалуулугу хирург менен нышан баланын ата-энесинин аракетине түздөн-түз байланыштуу. Хирургга баланы операциядан кийин убак-убагы менен текшертип, баланын өсүшүнө байкоо жүргүзүп туруу кажет. Эринге кошо таңдайдын жырыктыгына операция жасалгандыктан кийин үстүнкү жаактын өсүшү астынкы жаактын өсүшүнөн калып кетпеши же андан көбүрөөк өсүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан баланы жылына жок дегенде 3 жолу текшертүү сунушталат.

Бала патология менен туулбашы үчүн...

Кош бойлуу аял дайым витаминдүү тамактанып, стресстен, баңгизат колдонуудан, тамеки тартуудан, жыныстык жол менен жугуучу ооруга же инфекциялык ооруларга чалдыгуудан алыс болушу кажет. Башка оорулары болсо, кош бойлуулукка чейин толук дарыланып, анан балалуу болууну пландаган туура. Врачтар көп энелер кош бойлуулукка олуттуу маани беришпейт дешет. Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда аялдардын орточо 20 пайызы гана алдын ала дарыгерлерге текшерилип, анан гана балалуу болууну пландайт. Калган 80 пайызы кош бойлуу экени билингенде же түйүлдүккө бир нече ай болуп калганда гана врачка кайрылып, каттоого турушат.

“Кош бойлуу болгондон тартып дайым гиекологдун көзөмөлүндө болуп, врач жазып берген фолий кычкылы сыяктуу керектүү дарыларды ичип, өзүн карап жүрсө ден соолугу чың бала төрөлөт”,- дейт Алтынбек Мамыралиев. 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1116, 26-апрель-2-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан