ДАРЫГЕРЛЕР ЖАНА ӨЗГӨЧӨ ОКУЯЛАР

Хирургдардын ишинде “ой, тобоо” деп жаканы карматкан окуялар көп учурайт. Бул жолу белгилүү врачтар кызыктуу, өзгөчө окуяларын айтып беришти. Адам организми таң калычтуу жана сырдуу экенине дагы бир жолу ынанасыз, окурман. 

Миталип Мамытов, нейрохирург: “8 жашар кыздын мээсинен 1 метр чач чыкты”

– 2024-жылдын 11-апрелинде Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда татаал операция жасадым. Жалал-абаддык ата-эне 2016-жылкы кызын алып келди, кыздын башында шишик бар экен. Баш оорусу күчөп, кусуп, көзү караңгылап, түз баса албай  калыптыр. Шишик мээнин 4-карынчасынын түбүндө жайгашып, кистоздуу тератома болуп чыкты. Тагыраак айтканда, ичинде боткодой килкилдеген массасы бар шишик. Шишиктин ичинен жука кабыкча менен капталган дагы бир нерсе көрүндү, ачсак бир тутам чач экен. Чачты сууруп алып, шишикти кесип тазалап бүткөндөн кийин чачты жазсам 1 метрдей чыкты. Операция 3 жарым саатка созулду. Кыздын абалы жакшы, көп өтпөй үйүнө чыгарылган.

Шишиктин качан пайда болгону белгисиз. Сыягы, туулгандан кийин эле жаралып, улам өсүп отурган. Ал эми чач боюнча... 

Менимче, кыз түйүлдүк кезде чачтын бир нече пияз сымал түпчөлөрү жулунуп, кан менен барып мээге жармашып калган. Анан кан аркылуу азыктанган түпчөлөрдөн чач улам өсө берген.

Болот Эсенбаев, уролог: “Кыйын абалда калган жигитке жасалма табарсык жасап бердик”

– Эне жана баланы коргоо борборунда табарсыктын экстрофиясы  оорусуна да операция жасалат. Табарсык дененин ичинде эмес, сыртында жайгашып, сыртынан чел кабык менен эле капталып турган оору ушинтип аталат. Жыныстык органдар, заара чыкчу каналча өсүп жетилбей, уретранын ылдый жагы тешик болот. Заара табарсыкта кармалбай тынбай тамчылап турат. Дарт 30-35 миң баланын биринен жолугат.

Бир жолу Оштон 17 жаштагы баланы алып келишти. Заарасы тынбай аккандыктан канча жуунса деле дене жыттанат, сасыйт да. Ошого бала абдан чүнчүп, достору менен бир жакка бара албай, кыздар менен мамиле кура албай депрессияга түшөт. “Өлөм” деп 3 жолу асынып, үч жолу тең үйүндөгүлөр куткарып калышыптыр. Балага оор операция жасап, табарсыктын сыртын жаптык. Жыныс мүчөсүн жыныстык жашоого даярдап, чоңойтуп, толук жасап чыктык. Сокур ичегисин (аппендикс) кесип алып, андан жасалма табарсык жасадык. Аппендикстин бир учун киндикке чыгарып, экинчи учун табарсыкка уладык. Жыйынтыгы жакшы, бир жолу колдонулуучу катетерди киндигине салып, заарасын киндиктен чыгара бере турган болду. Андай катетер дарыканаларда сатылат. Алыска жолго чыкса, же конокко барса катетерден көбүрөөк камдап алат. Учурда ал жигит иштеп жүрөт, жашоосу жакшы.

Таалай Акматов, хирург: “Жүрөгүнө бычак сайылган абалда дүкөнгө кирип барган”

– 1990-жылы күзүндө Улуттук хирургия борборуна жүрөгүнө бычак сайылган абалда мас кишини алып келишкен. Хирургдар “эмне болду, бычакты ким сайды?” дешсе, “өзүм сайдым, өлгүм келди” дептир. Врачтар дароо операцияны сунушташат, тиги баш тартат. Хирургдар “азыр ар бир мүнөт кымбат, макул бол, болбосо өлүп каласың” деп ызылдашса да тигил көгөрүп макул болбойт. Ошондо хирургдар ачууланып тигини ой-боюна койбой операцияга алып кирип кетишет. Операцияда көрүнгөндөй, бычак жүрөк менен өпкөнүн ортосунан өтүп, омурткага такалып калыптыр. Эч бир органды, ири кан тамырларды да кесип, тешип кетпептир. Операцияда кан кетүү да болгон эмес. Эртеси сурасак окуя мындай болуптур:

Бейтап кесиби боюнча инженер экен. Ал иштеген цехте жумуш бирде болуп, бирде болбой, айлыгы да аз... Бир күнү жумуштан кийин спирт ичимдигин ичип алып үйүнө барса аялы “акча таппайсың, ичип келесиң” деп чатак салып, 2 баласын алып үйдөн кетип калат. Мас болгондуктан “жашоого тойдум” деп өзүнө кол салат. Анан эсин жоготот, өзүнө келсе – тирүү. Башы катуу ооруп, тамеки чеккиси келет да тамеки сатып алганы дүкөнгө жөнөйт. Бир дүкөнгө кирип 100 грамм арак ичип, акчасын төлөйүн деп күрмөсүн ачса сайылган бычакты көрүп дүкөнчү кыздын эси ооп кулайт. Анан экинчи дүкөнгө барып, дүкөнчүгө “Тез жардам” чакырып кой, тиги кыздын эси ооп калды” дептир. Ал дүкөнчү да нес болуп, бирок “Тез жардам” чакырат. Тиги киши дагы 100 грамм ичет да, кулап түшөт.

“Тез жардам” кызматкерлери келип, дүкөнчү кызды эсине келтирип, бейтапты ооруканга алып келиптир. Ошентип аман калган. Ооруканадан чыкканда кызматынан көтөрүлгөнүн, айлыгы жогорулаганын угузушат. Кийин ал жигитке жолугуп калдым, рахматын, жашоосу жакшы экенин айткан. 

Сабырбек Жумабеков, ортопед: “Кашка жиликтен 2 килограмм шишик алынды”

– Жакында Ысык-Көлдүн Тоң районунан келген 40 жаштагы жаранга оор операция жасадым. Ал 2019-жылы жыгылып, буту ташка тийиптир. Ошол жеринде, тагыраак айтканда, тизе муунуна жакын жердеги кашка жиликте (сан сөөгү) залалдуу шишик пайда болуптур. Бизге чейин бутуна Бишкектеги ооруканалардын биринен операция жасаткан экен.

Бейтапты текшерсек, ооруган тизеси бүгүлгөн чыканакка окшоп сыртка кыйшайып калыптыр. Операция жасалган жеринде шишик кайра өсүп чыгыптыр. Бейтап баса албай калган. Мен операция жасап, кашка жиликтин жарымын тизе мууну менен кошо кесип салдым. 2 килограмм шишик алынды. Кесилген сөөк менен муундун ордуна Түркиядан буюртма менен жасалган онкопротез коюлду. Бейтап 3 күндөн кийин баса баштап, 10 күндөн кийин үйүнө чыгарылды. Азыр таяк менен басып жүрөт. Жакында, буюрса, өз алдынча басып калат.

Канымжан Усупбекова   

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1119, 16-22-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан