Мухтар Атаналиев: «Мени азыркыга чейин «БИРИНЧИ АТАМАН» дешет»

“Мен биринчи атаман, сен экинчиде” деген саптары бар ыр эсиңиздеби? Дал ушул ырдын, ошондой эле “Жаш сулуу”, “Балалыкты сагынуу”, “Кыз-жигит”, “Эгиз кыздар Батма-Зуура”, жана башка бир топ ырлардын автору, ырчы, кинорежиссёр Мухтар Атаналиев менен маектештик. Мухтар ага ырчылыктан алыстаганы менен чыгармачылыкта эле жүргөнүн айтат. 

– Мухтар Атаналиев дегенде дароо “Мен биринчи атаман” ырын эстейм негедир. Маегибизди ушул ырдын жаралуу тарыхынан баштасак...

– Биринчиден, силерге чоң рахмат. “Жүрөктө калган жылдыз” деген рубриканын аталышы эле мени ойготту. Ар бир сахнага чыгып жүргөн адамдын максаты ошол да, элдин жүрөгүнөн түнөк табуу.

Бул ыр кантип жазылып калды? Кубик Калыковго башка бир ырдын аранжировкасын жасатайын деп бараткам. Жолдон адамды мырзалыкка, намыска, күчтүүлүккө чакырган бир орусча ыр угуп калдым. Ошондо бала кезде баштап коюп, аягына чыга элек ырымды эстедим. Кубикке жеткиче анча-мынча кайырмасын жазып, аранжировкасын ойлонуп бардым. Кубикке айтсам, жактырды, дароо аранжировка жасадык. Анан бир сутка уктабай текстин толук жазып чыктым. Бул ырда айтылгандар ар бир эркек баланын жүрөгүндө жашаган нерсе да. Аранжировкасы да, тексти да тез эле бүттү. Кызык жери, клиби да бат тартылды. Мыктыбек Арстанбек менен Мырза Добутов досторум. Ырды жазып бүтүп эле аларга “эркекче ыр жаздым” деп сүйүнүп бардым, алар угуп эле “эртең аэропортко кеттик” дешти. Ошентип клиби тартылды. Жалпысынан ыр клиби менен кошо 6 сааттын ичинде даяр болгон.

Бул ырдан улам азыркыга чейин мени “Биринчи атаман” деп калышат. Мени “молдо болуп кеткен” деп тамашалап калышат го, мечитке барсам деле ошол, “биринчи атаман”, кандай?” дешет. Бул ыр мага таандык бренд болуп калды.

– Чын эле молдо болуп кеттиңизби?

– Кээ бирөөлөр “молдо аке, сиз биротоло молдо болуп кетпейсизби?” дешет. Башкасы “молдо болуп эмне кыласыз, ырдап эле жүрө бербейсизби” дешет. Мен молдо да, башка да болуп кеткен жокмун. Болгону Кудайды тааныган, мусулмандык парзды аткарыш керек экен деген түшүнүккө келген адаммын.

– Ырчылык жолдо 7 жыл жүрүпсүз, бул убакытта эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?

– Кудайдын ар бирибизге жазып койгон программасы бар окшойт. Ал кезде ооруп жүргөм. Гастролдорго чыккандан да абайлачумун, себеби ичкен тамагым аш болбой кыйналчумун. Үйдө отурганда деле тынчсыздана берер элем. Мээге “оору” деп жазылып калса, ал оюңдан кетпей, “ооруп жатам” дей берет экенсиң. Анын ордуна башка маалымат жазылса мурункуну унутасың. Мен ырчылыкка келип, түнү-күнү аранжировка жасатып, ыр жазып, клип тартып, гастролдоп, той-концерттерде жүрүп баягы ооруну унутуп калдым. Дайыма ушуга ыраазы болом, Кудай мени жаман нерседен чыгармачылык, изденүү аркылуу алып чыкты.

Экинчиден, атагың чыгып көчөдөн адамдар таанып калганда кээде бутуң жерге тийбей баштайт экен. Азыр деле көчөдө же базарда жүрсөң таанып, шыбырашып калышса, оо, бутуң жерден көтөрүлө түшөт. Сахнада ушул нерседен этият болуш керек. Мен өзүмдү “жылдыз оорусу” менен ооруган жокмун деп эсептейм. Ошентсе да айрымдар “ошондо сага жолукканымда “жылдыз” болуп калган экенсиң, сүйлөгөндөрүң башкача болчу” деп калышат. Адам өзү байкабайт экен да.

Ырчылыктын артынан абдан көп дос күттүм. Ал кездеги жашоомо өкүнбөйм. Ырчылыкты токтоторго жакын, 2005-2006-жылдары “Эл ырчысын эл тандайт” деген фестиваль өткөрдүк. Ага 3000 бала катышып, анын 20 чактысы финалга өткөн. Ошондо финалга өткөнү, өтпөгөндөрүнөн да белгилүү ырчы болгондору бар. Мисалы, Кайрат Примбердиев, Эдил Маматов, KG Эльмурат, Акмаанай Эшбаева, Акбар Сүйүнбаев, Лутфилла Бусурманкул уулу, Нурмат Садыров, Мээри Шакулина, Аваз Муратов, Нарынбек Калыбаев. Мен жакшы билбей калгандары да бар экен, былтыр лагерде жүрсөм бир арык кыз баласын көтөрүп келди. “Мени тааныдыңызбы? 2005-жылы сиздин фестивалыңызга катышкам, мени өткөрбөй койгонсуз” дейт. Көрсө, ал белгилүү ырчы Каныкей экен. Мен баласын көтөрүп жүрсө тааныбаптырмын. Сүйүндүргөнү – “мен сизди сыйлайм, ушундай жакшы иштерди кылгансыз” деп 20 жылдан кийин жолугуп айтканы болду. Мындайлар көп, Кыргызстандын кайсы бурчуна барбайын 1-2 киши чыгат.

Мен ырчылыктан эле кеткем, азыр деле чыгармачылыктамын. 15 жыл кино тарттым. Мисалы, “Аят”, “Үркүн”, “Салбуурун” деген сыяктуу тасмаларым бар.

– Сиздеги обончулук, ырчылык өнөр даана байкалган учур эсиңизде барбы?

– Атам 5-классымда комуз чаап берди, кийин гармошка алып берди. 8-класста баян, анан аккордеон сатып беришкен. Обончулук дээримде бар экен, бир жолу бирөөнүн ырын ырдап жатып эле обон жазгым келди. “Жаз келди, жаз менен кошо келгин куштар да келди” дейм, обонум ритмге түшпөйт. Ал ырымды 5-6 күн бою оңдоп, бир балага ырдап бердим. “Сонун экен” деди, ал деле бала да. Анан классташтарым “сүйгөн кызыма ыр жазып берчи” дей башташты. Ошентип башталды. Бирок сахнага чыгам деген оюм жок болчу. Институтта окуп жүргөндө деле ыр жазчумун, бирок концерттерде ырдачу эмесмин. Политехти бүтүп өкмөттүк ишке кеттим. Бир күнү шаарда жүрсөм Мыктыбек Арстанбек жолугуп калды. Ал телевидениеде иштечү, “ыр жазчу эмес белең, бир ырыңды жаздырып койбойлубу” деди. Макул деп, жаздырдык. Бир күнү үйдө отурсам телевизордон өзүм ырдап жатам. Ырдаганым өзүмө жакты. Эртеси жумуштан кетүүгө арыз жаздым да, ырчы болом деп Бишкекке көчүп баса бердим. Анан 2 жыл аябай кыйналдым. Ошентип жүрүп жанагы “Мен биринчи атамандын” клибин тарттык. Ошентип ырчылык жолго түшүп калдык.

– Ырчы болот элем дегендерге устаттык кыласызбы?

– Азыр деле “балам бар, ырдайт” деп чалышат. Билген насаатымды гана айтам, анан музыканттар, теледе, радиодо иштегендер менен тааныштырып, жолун көрсөтүп коём. Ырчылыкта да, кинодо да көптөгөн окуучуларым бар. Киночу эмесмин, анын окуусун бүткөн жокмун. Кудайдан берилген өнөрдү пайдаланып жатам. Режиссёрлук, актёрлук ишин мени менен бирге баштап, ишти колго алып кеткен режиссёр, актёр, оператор балдар көп. Мен акыркы 5 жылдан бери лагерь иштетем, ал жерде кыргыз баласы кыргыз болушу керек дегенди үйрөтөм.

– Кантип кыргыз болуш керек?

– Азыр, тилекке каршы, коомдо ушундай бөлүнүү бар, айрым мусулманчылыкты кармангандар кыргызчылыкты жактырышпайт, кыргызчылыкты кармангандар мусулманчылыкты жектейт. Бул туура эмес. Кыргыз эли мусулманчылыгын да, кыргызчылыгын да карманган. Экөөнүн ортосунда эч кандай ажырым болушу мүмкүн эмес. Мен ушуну түшүндүм. Лагерде балдарга ат мингенди, жаа атканды, “Манас” айтканды үйрөтөбүз, тоого алып чыгабыз. Кыргызстанды жакшы жагынан таанып-билүүсү үчүн аракет кылам. Билесиз да, азыркы балдар чет өлкөгө кетебиз дешет. Мектептерде жолугушуу өткөргөндө “ким Кыргызстанда калат?” десем 15 пайызы эле кол көтөрөт. Бул кыргыз үчүн коркунучтуу көрүнүш.

– Уул-кызыңыз үйлөнүп-жайланып өз алдынча болуп калышса керек?..

– Ооба, Кудайга шүгүр. Учурда 3 уул, 1 кызым бар. Баары үй-бүлөлүү болушту. Баары тарбиялуу, айтканымды угушат, сыйлашат, ушуга шүгүр кылам. 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1119, 16-22-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан