Мыкты роль үчүн бардык курмандыкка даяр Мерт Языджыоглу

Бүгүн түрк кинематографиясында орду бар таланттуу актёр Мерт Языджыоглунун өмүр таржымалына токтололу деп турабыз. Мунун жөнү бар, анткени ал баш каармандардын бирин ойноп жаткан “Кызыл бутон” сериалы учурда Кыргыз жергесинде да кызыгуу менен көрүлүүдө. Баса, аны айрымдар белгилүү актриса Афра Сарачоглунун мурунку жигити катары да таанышат.

Туулган жери: Түркия, Стамбул

Туулган жылы: 1993-жыл, 10-май

Жылдыз белгиси: букачар

Бою: 177 сантиметр

Кесиби: актёр

Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Кызыл бутон”, “Өлүм убактысы”, “Мыкты оюн”, “Бир эненин күнөөсү”, “Кара гүл”, “Сүйүү 101” жана башка

Билими

Мерт Түркиянын сыймыктуу Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө эки уулдун кичүүсү, ата-энесинин көкүрөк күчүгү, эркеси. Жогорку билимди Стамбулдагы Айдын университетинен алууну чечкен. Андыктан мектептен кийин аталган окуу жайдын административдик ишмердүүлүк факультетине тапшырган эле. Бирок бул тармакка болгон кызыгуусу бат эле тарап кеткен. Тагыраагы, кино дүйнөсүнө кызыккан жигит актёрдук чеберчилик боюнча семинарларга катышып жүрүп окуусуна көңүл бурбай калат. Ошентип университеттеги ишмердүүлүгү бир жарым жылга жетпей, 2-курсту аягына чыгарбай баса берген.

Кинодогу жолу

Кээ бирлер дебюттук ролу менен эле атактуу болуп төрөлүшөт го. Бул эреже Мерт Языджыоглуга тиешелүү болгон жок. Актёрдук тушоосу 2011-жылы “Чоң атамдын эли” сериалында кесилген. Ошондон тарта акырындык менен ийгиликтин артынан кууп жүрүп отурду. Көпчүлүккө атын тааныткан 2013-2016-жылдар аралыгында экранга чыккан “Кара гүл” сериалы болду окшойт. Анда Мерт алгачкы жолу баш каармандын образына чакырылган. Андан кийин да көптөгөн сериал-тасмаларга тартылды. Алардын көрүнүктүүлөрүнө токтолсок, “Бир литр көз жаш”, “Сүйүү 101”, “Өлүм убактысы”, “Мыкты оюн” жана башкалар. Анан, албетте, учурда коомчулуктун кызыгуусун жараткан “Кызыл бутон” сериалы.

“Кызыл бутон”

Бул сериалга кененирээк токтолбосок болбос. Анткени Мерт мырзага дүйнөлүк атактуулук алып келген долбоор болду десек жаңылышпайбыз. Кийинчерээк сериал тууралуу дагы маалымат беребиз. Азырынча Языджыоглунун сериалдагы орду тууралуу сөз кылалы. Сериалда түрк киносунун алптары саналган Өзгү Намаль жана Өзжан Дениз сыяктуу актёр-актрисалар ойногонуна карабай, башка каармандардын ролуна тандалган актёрдук курам да өз профессионалдуулугун көрсөтүүдө. Мерт үчүн Жүнейд Гүнештин ролу карьерасындагы “ачылыш” деп эсептешет актёрдун күйөрмандары. Жүнейд сектанын башчысы, бул роль ага чоң атасынан өткөн. Кичинесинде апасын жоготуп, ошол көз ирмемдер балага катуу таасир калтыргандыктан психикалык ооруга чалдыккан. Өзүнө эч кимдин физикалык жактан кол тийүүсүнө жол бербейт, өзү да эч кимди кармабайт. Философиялык ой жүгүртүүлөрү мыкты, акылдуу, илимге берилген адам. Жубайы Зейнепти сыйлайт, коргойт. Айтор, башкалардан өзгөчө адам. Ошол өзгөчө адамдын образын жараткан Мерт үчүн сериалды көрүп жатканын айткан билдирүүлөр интернет желесинде көп.

Афра Сарачоглу

Келишимдүү мырзанын жеке жашоосу анын күйөрман кыздарына өзгөчө кызык. Үй-бүлөлүк абалы – бойдок. 2018-жылдан 2022-жылга чейин актриса Афра Сарачоглу менен кыз-жигит мамиледе болчу. Экөө бири-биринин үй-бүлө мүчөлөрү менен таанышышты, мына-мына үйлөнөт деген кабарлар чыгып жүрүп эле үйлөнүү үлпөт тууралуу маалыматтын ордуна эки жолго түшкөнү тууралуу кабар уктук. Кайсы “кара мышык” себеп болгонун экөө гана билет, ошентсе да атактуулар достук мамиледе калганын билдиришти. Азыр Афрага да, Мертке да кызыгуу күч. Анткени Афра дагы бир хит сериал “Зимородокто” тартылууда, ал эми Мерт “Кызыл бутондо”. Ажырашкандан кийин экөө тең кайгынын кучагында көпкө болгон жок окшойт. Мерт Түркиянын дагы бир таланттуу айымы, актриса, модель, “Чукур” сериалы менен атактуу болгон Дилан Чичек Дениз менен роман куруп, алардын сүйүүсү 5 айга созулду. Учурда Языджыоглу тандоосун кайсы айымга токтоткону же таба электиги тууралуу маалымат ачыкка чыга элек. Ал эми Афрада баары жакшы. Ал “Зимородок” сериалындагы өнөктөшү Мерт Рамазан Демир менен жашоодо да сүйүү мамилесинде. Кызыгы, эки Мерт мурда дос болчу, азыр кандай  мамиледе экени белгисиз.

Мерт тууралуу кыскача...

 Кичинесинен математика менен “дос” эмес.

 Мектепте окуп жүргөндө “Жоголгон шаар” сериалын тартуу учуруна туш болот. Режиссёр аны массовкада тартылууга чакырган. Ошондон кийин Мертте киного тартылуу, актёр болуу кыялы ойгонгон.

 “Кара гүл” сериалына тартылуу учурунда атасы каза болгонун уккан. Тасма талаасындагылардын колдоосу менен долбоорго тартылып бүткөн.

 Кайрымдуулук иштерин көп жасайт. Өзгөчө үй-жайы жок калган жаныбарларды багып-кароого каражат жумшайт.

 Өзү жөнүндө айтканды жактырбайт, журналисттерге маек бергенден качат, интернетте баракчалары бар, бирок активдүү эмес. Ошентсе да аны колдогон күйөрмандары көп.

 Өткөнгө байланбай, же келечекте эмне болот деп кабатырланбай, азыркы көз ирмем менен жашаш керек деп эсептейт.

 Мыкты роль үчүн кандай курмандык, тобокелдик болсо да даяр.

 Хоббиси – сүрөт тартуу, анан да компьютердик оюндарды ойногонду жактырат.

 Кызуу кандуу мүнөзүнөн улам эмоциясын кармана албай калып конфликт чыккан учурлар бар.

 Психология, философия багытында билим алууну каалайт.

 Үй жумуштарынан качпайт, тамак жасаганды, үй жыйнаганды жакшы көрөт.

 Мода кубалабайт, ыңгайлуу кийим болсо болду.

 

Асыл Орозбекова 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1119, 16-22-май, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан