Арабызда ашкере баласаак, бала десе үзүлүп түшкөн ата-энелер бар. Мындай мамилеси менен алар “балдарыбызга күчтүү сүйүүбүздү көрсөтүп жатабыз” деп ойлошот. Бирок бул жаңылыш ой, психологдор жагдай башкада дешет. Кыргызда муну “Атасы болушчаактын уулу урушчаак, энеси болушчаактын кызы ыйлаак” деп таамай сүрөттөп коюшкан. Төмөндө ашкере баласаактыктын балага тийгизген оң жана терс таасирлери тууралуу сөз кылабыз.
Ашыкча камкордук баланы чечкинсиз кылат
Баласаактык – ата-эне же чоң эне, чоң атасы баланы ашыкча бөпөлөп, көкөлөтүп, камкордук көрсөткөн ата-эне-бала мамилесинин бир түрү. Баласаак ата-эне баласын толугу менен козөмөлдөйт, үстөмдүк кылат же каалаганын кылдырып кареги менен тең айландырат. Муну менен алар баланы өз алдынчалыктан ажыратышат. Мисалы, 15 жаштагы баланы апасы беш мүнөттө жөө жете турган мектепке ээрчитип алып барат, 10 жашар балага апасы кашыктап тамак берет, болбосо бала өзү деле жей алат. Мындай бөпөлөө баланын инсандык өнүгүүсүн басаңдатып коёт. Баласаактыктын терс таасири – бала кандайдыр бир кыйынчылыкка же көйгөйгө туш келгенде аны чечүүгө аракет кылбай, дайыма бирөөдөн жардам күтө берет. Чечкинсиз болот, көйгөйдү менин ордума башка бирөө чечип берет деп ойлойт.
15 жаштагы балага 3 жаштагыдай мамиле кылбаңыз
Ата-эне-бала мамилесиндеги камкордук түшүнүгүн карап көрсөк, бала жашоосунун алгачкы жылдарында өзүнүн муктаждыктары жөнүндө эч нерсе билбейт. Ага ар тараптуу кам көрүү зарылдык болуп саналат. Бирок адам чоңойгон сайын эмнени каалап, ага кантип жетүүнүн жолун түшүнүп, жоопкерчиликти сезе баштайт. Мисалы, мектептен келгенден кийин үй тапшырмасын аткарышы керек. Ата-эне акырындык менен алыстап, баланын өз алдынча аракеттенүүсүнө мүмкүнчүлүк бериши зарыл. 3 жашар балага эртең мененки тамакты даярдап берүү нормалдуу көрүнүш, бирок 15 жаштагы өспүрүм өзү жумуртка кууруп жеп, мектеп формасын өзү үтүктөй албаса, анда ал ата-энесинин ашыкча камкордугунун курмандыгы болуп саналат. Бала жыл сайын моралдык, физикалык жактан өсүп отурат, бул нерсе ага чөйрөсүнө ыңгайлашууга, майда көйгөйлөрүн өз алдынча чечүүгө үйрөнүүгө шарт түзүшү керек. Ал эми ашыкча баласаак ата-энелер баланы мындай жөндөмдөн ажыратып коюшат.
Камкордук менен ашыкча баласаактыктын чеги кайсы жерде?
Баласаактыкты илим эки түргө бөлөт: үстөмдүк кылуучу жана ырайымдуу. Үстөмдүк кылууда баланы толугу менен башкарып, ал тургай айрым учурда ата-эне агрессивдүү болуп кетиши мүмкүн. Мында ата-эненин каалоосу мыйзам: бала кайда барарын, эмне жей турганын, эмне кыларын, кандай кийинерин ата-энеси чечет. Баланын өз оюн айтууга укугу жок, анткени алар “чоңдор жакшы билишет” деп ойлошот. Ал эми ырайымдуу камкордук – бул тескерисинче, балага ашыкча сүйүү берүү дегенди билдирет. Ата-эне баласынын ар бир аракетине суктанып, анын бардык каалоолорун канааттандырат, көп нерсеге уруксат берет. Үстөмдүк кылуучу камкордук менен ырайымдуу камкордуктун чеги кайсы жерде? Үстөмдүк кылганда ата-энелер бала ичкиси келбеген шорпону зордоп ичиришет, анткени ден соолукка пайдалуу. Ал эми ырайымдуу камкордукта ата-энелер шорпону ары жылдырып, ордуна бала жегиси келген “чипсыны” берип коюшу мүмкүн. Мындай учурда ата-эне эмне кылышы шарт? Биринчиден, бала эмнеге аталган тамактан баш тартып жатканынын себебин билиңиз. Балким, таттуу жеп табити тартпай калды, ооруп калды же жөн эле шорпо балаңызга жакпайт, мүмкүн, курсагы ача элек. Ооруп калса, табити жок же ачка болбосо – зордобоңуз, ордуна башка альтернатива издеңиз. Бирок эч качан “чипсы” же ошол сыяктуу бирдеме карматып койбоңуз. Терс жактары: ашыкча үстөмдүктүн алдында өскөн балдар критикалык ой жүгүртүүнү билишпейт, жоопкерчилик алып, олуттуу чечимдерди кабыл ала алышпайт. Ал эми ашыкча камкордук, ашыкча сүйүү көргөндөр өзүнө болгон баасы жогору, эгосу бийик балдарга айланышат. Бардык адамдарды өзүнө бир нерсе кылууга милдеттүү деп эсептешет. Мындай балдар да өз алдынча боло алышпайт, анткени жүрүм-туруму импульстарга негизделген нерселердин өмүрү кыска болот. Андыктан балага чеги менен эркиндик, сүйүү, камкордук берген туура.
Гүлзат Исабекова, психолог: “Көйгөй балада эмес, ата-энеде”
– Баласаактык – бул тынчсыздануу сезими. Маселе балада эмес, психикалык көйгөйү бар ата-энеде. Ата-эне бала аркылуу өзүнүн коркууларын, башынан өткөргөн окуяларын, ийгиликсиздиктерин жана каалоолорун психикалык жактан коргойт. Алар өздөрү ымыркайдын ичинде чагылышып, аны өзүнүн долбоору, жашоосунун мааниси кылып, баланын чыныгы муктаждыктарын этибарга албай калышат. Ашыкча баласаактык энеге канааттануу сезиминен башка эч нерсе бербейт. Баланы канчалык эрте өз алдынчалыкка үйрөтсө, жашоодо ошончолук эрте ордун табат. Бизде азыр бир көйгөй бар: “Мен оюнчугу жок өскөм, жетиштүү ойнобой калгам, мен көрбөгөндү балам көрсүн” деп эле балага толтура оюнчук алып берип, сейил бактарга алып барып коюп эле бала менен сүйлөшкөндү унутуп калдык. Балдарыбызды азыр телефон тарбиялап жатат. Балага тандоо бериш керек деген – талтаңдатып эркелетүү эмес, укуктары менен кошо үйдөгү милдеттерин кошо үйрөтүү туура. Кээ бир ата-энелер “мени бала кезде аябай иштетишкен” деп балдарын такыр эмгекке үйрөтпөй ак кол кылып алышат. Бала жалкоо болуп чоңоёт, ал эми ийгиликсиздиктин баары жалкоолуктан башталарын баарыбыз билебиз. Менин оюмча, баланы 5 жаштан баштап эмгек кылганга үйрөтүш керек.
Чолпон Сманова, психолог: “Ашыкча эркиндик, демократия бала тарбиялоодо анархияга алып келди”
– Ашыкча камкор, баласаак ата-энелер бардык доордо болуп келген. Баласы сабактан “2” алып келсе мектепке барып териштирип, мугалими баласын урушуп койсо баласына болушуп чыр чыгарып... Айтор, бизде азыр тарбия берүү системи 180 градуска өзгөрдү. Мурун тарбия, "улууга – урмат" деген нерсенин баары калыпка салынган эле да, азыр ашыкча эркиндик, демократия деген нерсе бизди анархияга алып келди. Балабыз короодогу балдар менен мушташып кетсе ага болушуп ата-энелер урушабыз, муну менен биз балабызды тарбиялаган жокпуз, тескерисинче, аны алсыз кылып жатабыз. Бала өзүн, өзүнүн чек арасын коргогонду дал ушундай абалда үйрөнөт. Кичинесинен өзүн коргогонду үйрөнбөсө, чоңойгондо үй-бүлөсүн, жакындарын коргой албай калат. Тарбия, милдет, жоопкерчилик, мунун баарын ата-эне өзүнөн башташы керек. Баланы эмес, өзүбүздү тарбиялаган туура. Ар бир ата-эне баласынын кичинекей жеңиштерин байкайт, кубик-рубикти чогултканын, конструкциялар менен үй курганын. Бул бала үчүн өзгөчө ырахат, чоңдор үчүн кыйынчылык, коркуу сезимдери менен күрөшүп ийгиликке жеткендей эле сезим. Балада “мен өзүм жасадым, менин колумдан келет экен” деген ишеним ойгонот. Балдарыбыз келечекте жаңы бийиктиктерди багынтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн аларды жеңиштеринен ажыратпайлы дейт элем.
Лунара Бекиева