ЖАПАЙЫ ПИЯЗ

Пияз – байыркы доордо адамзат биринчи колдонгон жашылчалардын бири. Жапайы түрүн адамдар кийин колдо өстүрүп, маданий өсүмдүккө айлантышкан. Тамак-аштан тышкары аны элдик медицинада колдонуп келишкен. Кытайдагы Кунь-Лунь тоосунун чечмелениши “пияздуу тоо” дегенди билдирет. Бул да пияздын тарыхый маанисин айгинелеп турат. Кыргыздын Улуттук илимдер академиясынын Биология институнун флора лабораториясынын жетекчиси, профессор Георгий Лазьковдун көмөгү менен Кыргызстанда көп колдонулган жапайы пияздын айрым түрлөрүн айтып берели. 

Өлкөдө жапайы пияздын 97 түрү өсөт

Жапайы пияздарга алай, кытай, каролин, чычкан, федченко, фергана, гүлчө,  литвинов, сох, талас жана түркестан пиязы, көбүргөн, согон жана башкалар кирет. Тамыр түбү пияздыкына окшоштордун баары пияздар уруусуна киргендиктен жапайы сарымсак да пияздар тукумуна кирет. Жапайы пияздардын көбүнүн даамы кадимки пияздын даамына окшошсо, калгандары сарымсактыкына окшошуп кетет.

Көбүргөн

Кыргызстанда бийик тоолордун таштак беттеринде, сууга жакын жерлерде өсөт. Чүй, Ысык-Көл аймактарында көп жолугат. Жалал-Абад, Ош, Талас облустарында, Суусамыр өрөөнүндө көбүргөндүн башка түрү – федченко пиязы жолугат. Көбүргөндүн орточо бийиктиги – 40-60 сантиметр. Жалбырагы катуу. Гүлү чатыр сымал (зонтичный) топ гүлдөргө чогулган. Сабагын жулуп алып, түп жагындагы жумшак бөлүгүн жешет.

Көбүргөндү сууга салганда көбүрө турган касиетинен улам илгери самын пайда болгуча айрым түрк тилдүү элдер кир жуучу каражат катары колдонгон деген маалыматтар бар.  Алтайлыктар аны “татар самын” аташканы айтылат. Көбүрө тургандыгынын себеби – анын курамында сапонин затынын бар экендиги. Бара-бара самын ордуна колдонулбай калган, бирок аты сакталып калган. Май-август айларында гүлдөйт.

Согон

 Кыргызстандын бардык облустарында тоолордо, таштак жерлерде өсөт. Муну декоративдүү өсүмдүк катары да өстүрүп жүрүшөт. Бийиктиги 25-95 сантиметрге чейин жетет. Гүлүнүн түсү – сыя-көк. Согондун да бир нече түрү бар, бирок жалпысынан баары согон деп аталат. Даамы сарымсактыкына окшош. Ошого айрым жерлерде жапайы сарымсак деп айтылып жүрөт. Май-июнда гүлдөйт. Пияз түпчөсүнүн диаметри 2 сантиметрдин тегерегинде. Топ гүлдөрүнүн арасында пияз түпчөлөрү да өсүп калат. Алар канча бир убакыттан кийин жерге кулап түшөт да, кийинки жылы өсүп чыгат. Минтип көбөйүү вегатативдүү көбөйүүгө жатат. Илгери кыйынчылык кездери эл жазында мүшөк, куржундарын көтөрүп согон терип, тамак-ашка колдонушканы тарыхта белгилүү.

Ак пияз 

Ак пияз (ак баш пияз, аймактарда башкача аталышы мүмкүн) таштак жерлерде, тоо боорлорунда өсөт. Нарын, Жалал-Абад облустарынын көп жерлеринде жолугат. Токтогулда көп өсөт. Учурда Ош-Бишкек жолунун боюнда сатылып жаткан пияз ушул пияз. Даамы, көрүнүшү кадимки пиязга окшош. Бийиктиги – 50-70 сантиметр. Гүлү – ак. Июлда гүлдөйт. Май айында солкулдак болуп, жегенге жагымдуу. Гүлдөгөндөн кийин катуу тартып, жегенге жарабай калат. Пияз түбү жумуртка сымал формада, диаметри – 1-4 сантиметр, тамак-ашка колдонулат. 

Сасык матал 

Сасык матал (афлатун пиязы) жоголуп бараткан өсүмдүктөрдүн катарына кирет. Талас облусунда, Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунда көп, Базар-Коргон районунун аймагында аз кездешет. Тоодо, тоо боорлорунда өсөт. Кыргызстандан тышкары Казакстандын 1-2 аймагында өсөт. Боюнун бийиктиги – 80-130 сантиметр. Андан башка өлкөлөрдө өспөйт. Ошого көптөр аны эндемик өсүмдүк деп да аташат. Жалбырагы желбейт, пияз түбү гана тамак-ашка колдонулат. Пияз түбүнүн даамы ачуу. Курамында сопонин, күкүрт, эфир майы болгондуктан кескин жыты бар, ошого сасык матал аталып калган. Пияз түбүн сууга апталап чылап, суусун улам алмаштырып, анан колдонушат. Болбосо ич өткөрөт. Ашказанды да оорутушу мүмкүн. 

Аюу согон

Аюу согон же жапайы сарымсак Жалал-Абад, Чүй облустарында, Алай районунда көп өсөт. Калган облустарда чанда кездешет. Эң көп өскөн аймагы – Чаткал району. Пияз түбүнүн диаметри – 2-4 сантиметр. Узун өзөгү бар. Жегенге өзөгү да, жалбырагы да, пияз түбү да жарайт. Даамы кадимки сарымсактыкындай. 

Сасык матал 

Сасык матал (афлатун пиязы) жоголуп бараткан өсүмдүктөрдүн катарына кирет. Талас облусунда, Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунда көп, Базар-Коргон районунун аймагында аз кездешет. Тоодо, тоо боорлорунда өсөт. Кыргызстандан тышкары Казакстандын 1-2 аймагында өсөт. Боюнун бийиктиги – 80-130 сантиметр. Андан башка өлкөлөрдө өспөйт. Ошого көптөр аны эндемик өсүмдүк деп да аташат. Жалбырагы желбейт, пияз түбү гана тамак-ашка колдонулат. Пияз түбүнүн даамы ачуу. Курамында сопонин, күкүрт, эфир майы болгондуктан кескин жыты бар, ошого сасык матал аталып калган. Пияз түбүн сууга апталап чылап, суусун улам алмаштырып, анан колдонушат. Болбосо ич өткөрөт. Ашказанды да оорутушу мүмкүн. 

Жапайы пияздардын курамында эмнелер бар?

Сабагы, жалбырагы жана пияз түптөрүнүн курамын жалпы караганда фосфор, кальций тузу, фолий кычкылы, фитонциддер, фитин, марганец, жез, лимон жана алма кычкылы, витаминдерден A, B1, B6, PP, C жана башкалар бар. Күкүрт кычкылы, сапонин айрымдарында азыраак, кээ бир түрлөрүндө көбүрөөк кездешет.  

Касиети

Сөөктү бекемдейт, курамындагы антиоксидант организмдеги уулуу заттардын чыгышын шарттап, денени тазалайт. Күндүн зыяндуу нуруна туруштук берүүдө организмге көмөктөшөт. Кан тамырларда холестериндин туруп калышынын, инсульт, инфаркт дарттарынын пайда болушунун алдын алат. Кан басымдын бир калыпта турушуна көмөктөшөт, андыктан гипертониктерге көп колдонуу сунушталат. Суук тийүүдө, жөтөлдө, өпкө ооруларында жесе бат айыгууга жардам берет. 

Дүйшөнбек Чомо уулу, табып: «Согон ашказан, ичегини тазалайт»

– Аюу согондун тамырын күздө казып алып, бышырып, анан сары майга аралаштырып, табып сунуштаган өлчөмдө колдонсо өпкө (анын ичинде кургак учук), жөтөл ооруларынан айыгууга жардам берет. Тамырынын аракка чыланган ачытмасы кургак учуктан, ал эми уксуска чыланган ачытмасы денедеги сөөлдү жоготот.

Жазгы күн күркүрөгөндөн кийин согондун ширеси чыгып, жегиликтүү болот. Ошондой кезде айранга туурап жесе ашказан, ичегини, организмдеги уулуу заттарды тазалап, кан айланууну жакшыртат. Экзема, аллергия, диатезде табыптын көрсөтмөсү менен колдонсо жакшы жардам берет.

Жанчып алып, бака жалбырак менен кир самынды кошуп аралаштырып, бир нече жолу тартса денедеги жара кетет. Нерв ооруларында маңызы 2 аптадай атайын ыкма менен ичилет.

Сасык маталдын пияз түбү да элдик медицинада колдонулат. Илгери табыптар сырткы жараларга, ашказан, геморрой ооруларына колдонуп келишкен. Адатта, тамырын казып, майдалап туурап, кургатып алып анан колдонушат. Өз алдынча колдонууга болбойт.

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1120, 23-29-май, 2024-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан