КАЙСЫ ФУТБОЛЧУЛАР КЛУБ АЛМАШТЫРЫШАТ?

Жакында Европа футболунун сезону аяктайт. Демек, адаттагыдай трансферлер парады күтүлүүдө. Сезон аяктай электе эле айрым футболчулардын клуб алмаштырары анык болуп калды. Алар учурдагы клубунан кетүүнү өзү чечкендер жана клубу келишимди узартуудан баш тарткандар. 

Кейлор Навас

Мбаппенин артынан ПСЖны дагы бир оюнчу таштап кетери күтүлүүдө. Дарбазачы Кейлор Навас дагы соцтармактагы баракчасына пост жазып, күйөрмандары менен коштошту.

– Мен үчүн бул керемет стадиондо бул клубдун түсүн коргоо сыймык болду,- деди Навас. Коста-Рикалык оюнчу ПСЖнын дарбазасын 2019-жылдан бери кайтарат. Аталган команда менен Өлкө чемпиондугун жана Супер кубогун 3 жолу уткан.

Адистер 37 жаштагы Навастын чечими күтүлгөн нерсе болчу дешет. Анткени үстүбүздөгү сезондо ал 5 гана беттеште оюн талаасына чыкты. ПСЖ жашыраак дарбазачы Жанлуижи Доннаруммага басым коюп, Навас 2021-жылдан кийин старттык курамдагы ордун жогото баштаган.

Тьяго Силва

Бразилиялык футболчу Тьяго Силва “Челсиден” кетет. “Мен бул жакка 1 жылга деп келип, 4 жыл жүрдүм”,- деди ал аталган клубдан кетерин жарыялаган учурда. Оюнчунун “Челсидеги” көрсөткүчтөрү жаман эмес. 2020-жылдан бери 150 беттешке чыгып, Чемпиондор Лигасынын, УЕФАнын Супер кубогунун жана дүйнөлүк клубдар чемпиондугунун жеңүүчүсү болду. Силва быйыл сентябрда 40 жашка чыгат. Коргоочу карьерасын Бразилиядагы мыкты деп саналган “Флуминенсе” клубунда улантары күтүлүүдө. Ал өз мекенинде 2009-жылдан бери ойной элек. 2009-жылы дал ушул “Флуминенседен” “Миланга” өткөндөн бери карьрасы Европада уланды. Демек, Тьяго Силва үйүнө кайтат!

Марко Ройс

Дортмунддук “Боруссиянын” ардагери Марко Ройс да клубдан кетерин жарыялады. Азыркы сезондун аякташы менен Ройс эркин агентке айланат. “Боруссиядагы” 12 жылдын ичинде ал Германия кубогун 2 жолу, өлкөнүн Супер кубогун 3 жолу уткан. Бирок Өлкө чемпиондугун утуп көрө элек. Бул өксүктүн ордун толтурууга Ройсто учурда жакшы мүмкүнчүлүк бар. “Боруссия” Чемпиондор Лигасынын финалына чыкканын билесиз. 1-июнда өтүүчү финалдык беттеште команда “Реал Мадрид” менен күч сынашат, эгер жеңиш “Боруссияга” жылмайса, анда Марко Ройс клубдан башты бийик көтөргөн бойдон кетет. Айтор, Чемпиондор Лигасынын финалы Ройстун “Боруссиянын” курамындагы акыркы оюну болот. 34 жаштагы футболчуга учурда Түркия жана АКШнын клубдары кызыгып жатканы айтылууда.

Рафаэль Варан

“Манчестер Юнайтед” сезондун аякташы менен Рафаэль Варандын кетерин жар салды. 2021-жылы Варан “Реал Мадридден” МЮга өткөндө англиялык клубдун күйөрмандары абдан кубанышкан эле. Бирок адистер "Рафаэль Манчестерде өзүнүн Испанияда көрсөткөн талантынын 50 пайызын да көрсөтө алган жок" деп баалашат. Буга көптөгөн травмалар, башкы машыктыруучу Эрик тен Хаг менен жеке пикир келишпестиги жана башка жагдайлар таасир этти, сыягы. Варандын мындан аркы маршруту Сауд Арабиясы деген версия бар. Арабиялык клубдардын сунуштары “кымбат” болорун эске алганда, аталган версияны жокко чыгарууга болбойт.  

Килиан Мбаппе

Ооба, далайдан бери Киллиан Мбаппе ПСЖдан кетет-кетпейт болуп жүргөн, акыры чекит коюлду. 10-майда Мбаппе өзүнүн соцтармактагы баракчасынан видеокайрылуу жасап, ПСЖ менен келишимди узартпай турганын жарыялады.

– ПСЖ – бул эч кимди кайдыгер калтырбаган клуб. Аны же сүйүш керек, же жек көрүш керек. Мен сүйүүнү тандагам, 7 жыл бою сүйдүм. Албетте, жеңиштер, жеңилүүлөр болду, бирок мен бул престиждүү клуб менен келишим түзгөнүмө бир да жолу өкүнгөн жокмун. Бул бүт өмүр эсимде сактай турган команда,- деди Мбаппе. 

Le Parisien” басылмасы жазгандай, акыркы оюндардын биринин алдында Килиан ПСЖнын президенти Нассер аль Хелаифи менен мушташып кеткен. Ошентип, буга чейин Мбаппенин трансфери бирде клубдардын тил табыша албаганынан, бирде оюнчунун өзүнүн тандоосунан улам ишке ашпай келе жатса, эми биротоло бир жаңсыл болду көрүнөт. Планетанын мыкты футболчуларынын бири деп саналган Мбаппенин кайсы клуб менен келишим түзөрү сюрприз эмес болуш керек. Жыл башында эле испаниялык ЖМКлар Килиан “Реал Мадрид” менен келишим түзүүгө жетишти, анын мөөнөтү 5 жыл (2029-жылга чейин), маянасы сезонго
15-20 миллион евро деп жазып чыгышкан. Андан тышкары оюнчуга 50 миллион евро бонус төлөнмөкчү. Баса, ПСЖ жаңы сезондо Мбаппеге 70 миллион евро төлөнүүчү келишим сунуштап, бирок оюнчу баш тартты деген да маалымат бар.

Эрик Шупо-Мотинг

Мюнхендик “Бавария” 35 жаштагы чабуулчусу Эрик Шупо-Мотингдин клубдан кетип жатканын жарыялады. Аны менен коштошуу аземи 12-майда “Бавариянын” сезондогу акыркы беттешинин алдында болду. Шупо-Мотинг “Баварияга” 2020-жылы ПСЖдан өткөнүн билсеңиз керек. Андан бери 122 беттеште оюн талаасына чыгып, 38 гол киргизсе, 13 голдук топ берүүнү ишке ашырган. Үстүбүздөгү сезондо Бундеслигада 27 беттеш өткөрүп, жалпысынан оюн талаасында 709 мүнөт гана жүрдү. Карьерасынын басымдуу бөлүгүн Германияда курган Шупо-Мотинг мындан ары кайсы клубда ойнойт?

Оливье Жиру

Сезондун аякташы Оливье Жирунун “Миландан” кетишине жол ачат. 37 жаштагы оюнчу аталган клубда 2021-жылдан бери ойнойт. Быйыл апрелде “кетер-кетпесим так чечиле элек” дегени менен, май айында кетерин ачыктады. Ал “Миланда” акыркы оюндарын ойноп, андан кийин МЛСге өтүү планын айтты. МЛС (Major League Soccer) – АКШ жана Канадада футбол лигалар системинин жогорку дивизиону, учурда аталган лигада Лионель Месси, Луис Суарес сыяктуу футбол жылдыздары ойноп жүрүшөт. 37 жаш – футбол үчүн жагымдуу курак болбогону менен, Жиру бул сезондо өзүн жакшы көрсөттү: 16 гол, 9 голдук топ берүү. Чет элдик ЖМКлар МЛС менен француз футболчусу оозеки келишим түзүп коюшканын жазышты. Ал эми МЛСде жайкы трансфердик терезе 18-июлда, Европа турнири аяктагандан 4 күндөн кийин ачылат. 

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1120, 23-29-май, 2024-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан