Микробдор: Оң жана терс таасири

Адам организминде микроорганизмдердин же микробдордун саны клеткалардын санынан да көп. Алардын саны азайганда адамды өздөрү каалаган тамакты жедирүүгө мажбурлай алышат. Бул илимдеги жаңы ачылыштардын бири. Микроорганизмдердин жашоосу, адамга таасири тууралуу сөз кылалы.

Бир адамда 40 триллиондой микроб бар

Микроорганизмдер – кыргызча “кичинекей жашоо” дегенди билдирет. Ушунчалык кичине болгондуктан, аларды микроскоп менен гана көрүүгө мүмкүн экенин билесиз. Микроорганизмдерге бактерия, вирус, козу карын сымалдар кирет. Алар бардык жерде, мисалы, сууда, музда, булутта, ысык булактарда, океан түбүндө, жердин тереңинде, жанар тоолордо да жолугат. Экосистемде алар башкы ролду ойнойт. Жаныбар тарптарын, куураган жалбырак, өсүмдүктөрдү, тамак-аш калдыктарын жана башкаларды чириндиге айлантышат. Адамдын денеси өтө көп сандаган микроорганизмдердин байырлоочу жайы. Бактерияларды гана алсак, алар адамдын организминдеги клеткалардын санынан көп. Салмагы 70 килограмм болгон адамдын клеткаларынын саны 30 триллионго жакын болсо, микробдордун саны 40 триллиондой деп айтылат илимде. Алардын көбү зыянсыз, адамдын денесинде микроскопикалык “квартиранттардай” жашашат. Алар мурун көңдөйүндө, ооздо, кулакта, бронх, өпкө, ичеги, тери, жадакалса көздө да жолугат.

Зарылдык жаралса адамды башкара башташат

Ашказан-ичегидеги микроорганизмдер, өзгөчө жоон жана ичке ичегидегилери маанилүү ролду ойнойт. Алар “ичеги флорасы” деп аталат жана түрлөрү аз дегенде 1000дей, булардын 30-40 түрү негизгилери болуп саналат. Жалпы салмагы – 1,5-3 килограммга чейин. Иммунитеттен баштап мээге чейин таасир тийгизишет.

Микробдун пайдасы:

• Жеген тамакты аш кылууга жардам берет.

• Тамак-аштын курамындагы магний, кальций, темир сыяктуу микроэлементтердин сиңишине түрткү болот. K жана B тобундагы айрым витаминдердин синтезделип чыгышына салым кошот жана башка.

Ичеги флорасындагы микроорганизмдер, албетте, адам жеп-ичкен тамак-аш менен азыктанат. Демек, адам дасторконго отурганда алар да “чай ичкени отурушат”. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, ичегиде микроорганизмдердин түрү көп болгон кезде алар азык, орун үчүн бири-бири менен атаандашып, согушуп, энергияларынын көбүн ошол жакка кетиришет. Түрлөрү азайып кеткен учурда аларда атаандашуу абдан азаят. Ошондуктан кенен, жыргап, оңой жашоо жолуна өтүшөт. Ээсин (адамды) көп энергия берүүчү жана жеңил аш болуучу тамак-аштарды жегенге түртө башташат. Адам өзү байкабай зыяндуу делген азыктар (мисалы, фаст-фуд) менен тамактанууга өтөт. Микроорганизмдер оңой жол менен алынуучу энергиянын порциясына ээ болот, калгандары адамга ашыкча калория болуп калат. Мындай болгондо адам семирип, микроорганизмдердин жашоосу жеңилдейт. Ошентип түрлөрү азайганда адамды өздөрү каалаган тамакты жегенге мажбур кыла алышат. Мисалы, ичегиде фирмикут бактериялары көбөйүп кетсе, адам майлуу жана таттууну көп жеп баштайт. Буга бактериялар мажбурлайт.

Ичеги флорасы өт суюктугун иштеп чыгарат, ал “дезоксихол кычкылы” деп аталат. Окумуштуулар адам семиргенде аталган кычкылдын деңгээли өтө жогору болот дешет. Анын айынан боордун рагы жаралышы мүмкүн деп болжолдошот. 

Балага тамакты түрлөп берүү зарыл

Иммундук систем негизи бактерияларды жок кылууга тийиш. Тимуста (айры сымал без) атайын иммундук клеткалар өз клеткаларын чоочун клеткалардан ажыратууну үйрөнүшөт. Бирок алардын “билими” менен ичеги бактерияларын жок кылууга мүмкүн эмес. Анткени триллиондогон бактериялардын ичинен ким өз, ким жат экенин ажыратуу абдан кыйын. Бул жаатта ичегиде иммундук системдин өз “департаменти” – лимфа тканы бар дешет окумуштуулар. Лимфа тканындагы иммундук клеткалардын саны көк боор, лимфа бездери, сөөк чучугундагы иммундук клеткалардын жалпы санынан көп. Булар да алгач тимустагы “окуудан” кийин лимфа тканынан кошумча “окуу курсунан” өтүшөт. Анан барып ичеги флорасындагылардын кайсынысы өз (пайдалуу), кайсынысы жат (зыяндуу) экенин так билишет жана жаттарды жок кылууга өтүшөт.

Кичине кезде баланын ичегисинде микрофлоранын түрү аз болсо аутоиммундук (иммунитеттин жаңылыштыгынан жаралган оору) дарттар жаралары белгилүү. Ичегиде бактериялардын түрүн аз көргөн иммундук клеткалар “өз” жана “жат” дегенди начар ажыратышат. Алардын милдети жатты таап, жок кылуу болгону үчүн алар өз дегендерден да шек санап башташат да, аларга чабуулга чыгып, жок кыла башташы мүмкүн. Ошондуктан балада аллергия, астма, диабетке жакындык жаралбашы үчүн ичегиде бактериялардын түрүнүн көп болушу зарыл. Бул үчүн баланы тамактын аз түрү менен чектебей, түрлөп тамак-аш берип багуу кажет.

“Жүрүм-турумга, маанайга таасир этет”

Иммунитет күчтүү болсо рак клеткаларына чейин чабуулга чыга алат, эгер алсыз болсо таасири аз. Ичеги флорасындагы пайдалуу бактериялардын түрү, саны азайып кеткенде зыяндууларынын саны өсүп, ооруларды жаратарын билсеңиз керек.

Ичеги флорасы жүрүм-турумга, маанайга таасир эте аларын 2000-жылдары окумуштуулар айтып чыгышкан. Адам антиботик менен дарыланып жатканда пайдалуу бактериялар азайып кетип, мунун айынан ич өтө баштаары да белгилүү. Ошондуктан антибиотик менен кошо ичеги флорасын калыпка келтире турган пробиотикти кабыл алуу сунушталат. Ичеги флорасы тамак-аш менен байланыштуу болгондуктан ага тамак-аш аркылуу таасир эте алабыз. Пайдалууларынын сүйүктүү тамагы болуп клетчатка жана тамак-аш буласы эсептелет. Бул алардын энергия алуусу жана көбөйүүсү үчүн зарыл. Клетчатка менен тамак-аш буласы жашылча-жемиштерде, кургатылган кактарда, жаңгактарда, соя, буурчак, күрүч, сулу сыяктуулардын курамында көп. Зыяндуу азыктарды, мисалы, фаст-фудду аз жеп, спорт менен алектенүү, жок дегенде жөө басуу, көнүгүү жасоо зарыл. Спорт, жөө басуу, көнүгүү жасоо дени сак, пайдалуу микрофлораны түзүүгө салым кошот.

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1120, 23-29-май, 2024-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан