Теңизбек Токтомушев, бүтүрүүчү: “АКШнын 10 университетине окууга өттүм”

Адамдагы түгөнгүс байлык – акыл менен билим. Каарманыбыз Теңизбек Токтомушев билимге умтулган, чет өлкөдө окууну көксөгөн жаштар үчүн мыкты үлгү боло алат десек жарашат. Ал АКШнын 10 университетине окууга өтүп, 1 миллион долларлык арзандатуу алганга жетишкенин айтат. Кантип? Окуудагы ийгилиги, максаттары тууралуу Теңизбек мырза маегинде кенен токтолду.

- Кандайсыз, Теңизбек? Окуу жылы аяктап, бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жай тандоо алдында турушат, сиз кайсы окуу жайды тандадыңыз?

- Жакшы, мен АКШнын 10 университетине тапшырып, алардын баарына өтүп, ири суммада арзандатууларды алдым. Бардык университеттердин арзандатууларын эсептесем 1 миллион доллардан ашып кетет экен. Ата-энеме айтсам, абдан кубанышты. 10 университеттин арасынан Миссури штатындагы Сент-Луис окуу жайын тандадым. Себеби АКШда жүргөндө аталган окуу жайга баргам. Анын кампусу, атмосферасы, чет өлкөдөн келген студенттерди кабыл алган маанайы абдан жаккан эле. Жайгашкан жери да менин келечекте ишке ашырчу пландарыма туура келгендиктен тандоомо чоң таасир берди десем болот. Саясат таануу факультетине тапшырдым, буйруса, өз кесибимдин мыктысы болгонго аракет кылам.

- Миллион долларлык арзандатуу дегенди окурмандарга кенен түшүндүрүп кетсеңиз?

- АКШнын көп эле университеттерине арыз таштагам. Арасынан 10 окуу жай кабыл алды. Башында окууга 70 пайыз арзандатуу беришкен, бирок ал жакта окуудан сырткары, баскан-турганым, тамак-ашым бар, ата-энем төлөй албай калабы деп чочуладым. Мугалимдерим менен кеңешип университеттин кабыл алуу комиссиясына мотивациялык кат жазып көрүүнү туура көрдүм. Мотивациялык кат – бул эркин формадагы эссе, анда эмне үчүн дал сенин талапкерлигиң грант алышы керектигин түшүндүрүшүң керек. Мен чын жүрөгүмдөн аябай “душевный” мотивациялык кат жаздым, эмне үчүн АКШда окугум келгендигин, келечектеги пландарым, айтор, баарын. Бактыма ылайык, университеттин кабыл алуу комиссиясы мага арзандатуунунун суммасын көбөйтүп беришти. Өзүм окуй турган университеттен тышкары Дрексел, Барри университеттери, Мерси колледжи сыяктуу бир нече окуу жайларга өткөм. Ар бир окуу жай төрт жылдык окуу үчүн болжол менен 100-150 миң долларга чейинки арзандатууларды беришти. Бардык гранттарды эсептесем миллион доллардан ашат экен.

- Жакшы экен. Кыргызстанда чет өлкөдөн билим алгысы келген жаштар көп, аларга кандай кеңеш берет элеңиз?

- Биз өзүңө болгон ишеним, мотивация жөнүндө көп айтат эмеспизби. Бирок ошол эле учурда ичибизде көп шектүү, күмөн ойлор болот. Ошол күмөн ойлор баягы мотивацияны артка тартып коёт. Жаңы нерсени билүүгө, изденүүгө, өзүңдү табууга умтулуу процесси жайлап калат, же такыр эле каалоо жок болуп кетет. Бирок ийгилик сен баарына кол шилтеп басып кетейин деп жатканда келерин түшүндүм. Ийгиликке жетиш үчүн бекем дисциплина анан жеке принциптер керек. Көңүлүбүз каалабай турса да, активдүү кыймыл-аракет жасашыбыз керек. Бизде көпчүлүгү “өзүңө ырахат тартуулаган нерсени гана жаса, кыл” деп ынандырышат. Бирок ийгиликке жетүүдө бул менимче, туура эмес кадам, андай учурда биз эмоциябыздын, жеке сезимдерибиздин гана жетегинде калабыз.

- Теңизбек мырза, өзүңүз тууралуу кенен айтып берсеңиз?

- 2006-жылы Жалал-Абад шаарында төрөлгөм. 7-класска чейин кадимки орто мектепте окуп, кийин Курманбек баатыр атындагы Түрк лицейине тапшыргам. Биз карапайым эле үй-бүлөдөнбүз, атам ишкерлик, дыйканчылык кылат, апам кыргыз тили мугалими. Бирок кыйналышканына карабай мени жеке мектепте окутушканы эң туура чечим болгон деп эсептейм. Бул үчүн ата-энеме рахмат айтуудан тажабайм. Беш бир тууганбыз, мен лицейде окуган алгачкы жылдары бир туугандарыма оңой болгон жок. Анткени атам менен апам бардык айлыгын менин окуума төлөшчү. Бул нерсе мага алдыга жылганга дем, күч берет. Адамдын жеке каалоосунан да бийик, маанилүү нерселер бар экенин түшүндүм. Жакындарыбыздын алдындагы карыз, милдеттерибизди аткаруу приоритет болуш керек экен.

- Лицейде кандай окудуңуз?

- Аракет кылганыма карабай, башында оңой болгон жок. Бирок бул мени чектеп койгон эмес. Өзүм абдан социалдашкан адаммын, мен үчүн адамдар менен тил табышып, баарлашуу, сүйлөшүү өтө маанилүү. 9-классымда мектеп парламентине мүчө болуп, 10-классымда өз командамды чогултуп лицейдин президенти болдум. 10-классты аяктап жатканда АКШда өткөн “Genius” олимпиадасына катышып экологияны коргоо боюнча долбоорумду презентация кылгам. Байгелүү орун албасам да, менин өсүүмө бул Олимпиада аябай чоң таасирин тийгизди. Түрдүү чөйрөдө окугум келип, жаңы мүмкүнчүлүктөргө умтулууга түрткү берди.

- Кандай ойлойсуз, жеке мектептерде билим берүүнүн сапаты жогорубу мамлекеттик мектептерге караганда?

- Чынында, кайсыл жерде окуганың маанилүү эмес, кандай жерде окуйсуң, ошол маанилүү. Анткени жеке мектептерде бар китеп мамлекеттик мектептерде жок болушу мүмкүн. Бирок мамлекеттик мектептерде компьютерлер бар, ошол жактан жок китептерди издеп тапса болот. Бул жерде окуучунун дарамети, аракети, дээринен болсо керек. Айырмасы атмосферада, жеке мектептерде атмосфера окуганга ыңгайлуу. Ата-энемдин акчасы кетип жатат, кой, жакшы окуюн деп жан талашкан балдар бар мага окшоп. Ал эми мамлекеттик мектеп бекер да, бекер нерсе барксыз болот, өзү үчүн окуп, аракет кылгандар азыраак.

- Келечегиңизди кандай көрөсүз? Алдыга койгон максаттарыңыз кандай?

- Эң башкысы адам бойдон калуу. Конкреттүү максатка токтолсом, университеттеги окуумду аяктагандан кийин өзүмдү Кыргызстан үчүн жакшы өзгөрүүлөрдү алып келген Теңизбек элестетем. Мамлекетти башкаруу системин талдап, салыштыруу жүргүзгүм келет. Университеттен башка өлкөлөрдүн башкаруу системин кенен окусак керек. Ошондон кийин  пикирлеш адамдарды табууга аракет кылам. Меникиндей максаты бар жаштар көп, бизге азыр билим, тажрыйба топтош керек. Билимге тоюп келген жаштар өлкөбүздүн мүмкүнчүлүктөрүн туура багытта пайдалана аларына көзүм жетет.

- Окуудан сырткары кызыгууларыңыз барбы?

- Ооба, бар (күлүп). Бош убактымда лицейдеги досторум менен футбол ойнойбуз. Окуудан чарчаганда, дем алыш күндөрү тоого ат минип чыгып кетем. Жылкыларга болгон сүйүү мага атамдан өткөн, кичине кезимде көк бөрү оюндарына аябай көп ээрчитип барчу. Азыр деле хоббим көк бөрү ойноо.

- Ийгилик, бар болуңуз! Сиздин маек билимге умтулган жаштарга мотивация берет деген ишеничтебиз...

- Сиздерге рахмат! Менин да максатым ушул, азыр илим-билимге умтулган жаштар абдан көп. Биз күч менен эмес, билим менен атаандаша турган заманда жашап жатабыз. Жакшы билим алган балдар кийин Кыргызстандын ажайып жаңы барактарын жазышат. Кыргыз каганаты деле бир күндө түзүлгөн эмес, баарына акырындык менен жетебиз.

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1121, 30-май-5-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан