"Балам бактым, балам базарым..." Эл сүйгөн ырлардын обону кантип жаралган?   

“Балама”, “Табар белем”, “Жаштар маршы”, “Таң Чолпонум” жана башка ырлардын жаралганына бир топ жыл болсо да азыркыга чейин ырдалып келатат. Белгилүү обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Эсенбек Мааданбеков менен анын керемет обондору тууралуу сүйлөштүк. 

“Балама” ырынын обонун 15 жашымда жараттым”

Көлөкөлөп көңүл ачарым,

Берекелеп жарпым жазарым.

Бал татыган балдыр тили бар,

Балам бактым, балам базарым.

– Анда 15тен 16га караган курагым. Телевидениеде чыгармачыл адамдар арасында өткөн бир сынакка катышып “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанынан өтүп баратсам лотерея ойнотулуп жатыптыр. Уткандарга китеп берилип жатат. Ойноп, утуп алдым. Акын Эсенгул Ибраевдин китеби колума тийди. Ичин ачсам эле көзүмө “Балама” деген ыры илинди. Текст жакты, өзүм бала жытын жыттай элек өспүрүм болгонум менен ата-эненин балага деген мээримин билем да. Обон чыгарууга абдан ынтызарландым. Бирок обон мени күттүрүп, дароо чыга койбоду. Бир жолу велосипед тээп баратсам аялдамада бир аял ымыркайын “алдей ай, бөпөм ай” деп эркелетип, эзилип жакшы көрүп жатат. Ага чейин “бөпөм” деген сөздү дегеле укпаптырмын. Ошол сөз мени катуу таасирлентти, үйгө жеткиче обондун айрым кайрыктары жаралып калды. Апамдан “бөпөм” тууралуу сурасам “эне баласын тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай бөпөлөп чоңойтот. Ошого бөпөм дейт. Бешикке терметкенде алдейлеп уктатат. Эненин мээрими бардык мээримдерден бийик тепкичте турган нерсе” деди.

Ошентип ырдын обону толук чыкты. Аны менин биринчи сынчыларым болгон иниме, карындашыма угузсам “укмуш” дешти. Алар 11-12 жаштагы немелер. Анан апама ырдын текстин берип, обонумду ойноп берсем “обонуң текстке ылайыктуу экен, буюрса элге жагат” деп мактады.

Бирок элге “Балама” ырына обон чыгардым деп айта албайм, “өзү бала туруп балама дегенин кара” деп айтабы деп тартынам. Ал кезде ырчы Гүлмайрам Момушева 19 жаштардагы кыз, бир жерде иштейбиз. Обон чыгарганымды айтсам ал дагы “балама дейсиңби?” деп чочуп кетти. Анан угузчу деди эле аккордеондо ойноп бердим. “Жакшы экен, ырдап чыгам” деп сүйүнүп кетти. Ошентип текстти жаттады. Артисттер кечинде үйлөрүнө кеткенде экөөбүз репетиция кылабыз.

Ырды Ак-Сай жайлоосуна малчыларга концерт койгону барганыбызда Гүлмайрам биринчи жолу ырдап чыкты. Эл 4 ирет суранып кайра-кайра ырдатты. Ошондо өзүмдүн эмгегиме ыраазы болуп, жаным жай тапты. Бул ырды кыргыздын көптөгөн аттуу-баштуу ырчылары ырдашты. Бирок эч бири Гүлмайрам ырдагандай жалындап, бал татыган балдыр тилдүү баланын жандуу кебете-кешпирин көз алдыга элестетип, жан балкытып ырдай алган жок.

“Таң чолпонумдун” обону 3 жыл дегенде чыкты”

– Институтта окуп жүргөн кезим. 5 ырга обон чыгарып, элге бир аз таанылып калган маалда Болот Алаков деген киши менен таанышып калдым. Болот ага акын эмес, бирок поэзияга жакын адам экен. Мага бир жолу 3 ырын алып келди, “Таң Чолпонум”, “Жел кайык” жана “Жүрөк кусасы” деген ырлар эле. Окусам 3 ырынын тең темасы автордун текстте берейин деген ою менен куюлушуп, мыкты экен. Алардын ичинен алгач “Таң чолпонуна” обон чыгарайын дедим. Эргүү келет да, негедир обон чыкпайт. Жолуккан сайын Болот ага “обон чыгардыңбы?” деп сурайт, мен “жок” дейм. Бара-бара ага жолуккандан качып калдым. Үчүнчү жыл дегенде обондун кайрыктары келди. Троллейбуста бараткам, үйгө жетип эле аккордеонду колго алганымда обон шыр чыкты. Менин да кыз сүйүп, мамиле куруп калган кезим эле да. Жүрөгүмдөгү сезимге ырдын тексти дал келип, гармония түзүлдү окшойт. Бул ыр дароо эле эл оозуна илинип, ырдалып кетти.

“Кусалык” деген эмгегим театрда жаңырды”

– Көп жыл мурун Токтоболот Абдумомуновдун “Чолпонбай” драмасына музыка жазгам. Драмада Чолпонбай окопто жатып, асманды карап туулган жерин сагынып, жоокерлерге өзүнүн ырын ырдап берет. Чолпонбайдын ролун аткарып жаткан Марат Алышпаев ошол ырды элге жеткизе ырдады. Маалыматтарга таянсак, Чолпонбайдын Гүлжан деген сүйлөшкөн кызы болгон экен, ырда ага болгон сагынычы да камтылат.

“Күкүгүм” бир сулуу, назик кызга арналган”

– Бул ырдын сөзү да, обону да меники, 15 жашымда чыгаргам. Параллель класста окуган бир кызды жактырчумун. Сулуу, назик, акылдуу жакшы кыз болчу. Андай кыздарды көп балдар жактырышары турган кеп да. Бири мен болчумун, мен деле оңой жигиттерден эмес элем. Бирок ал кызга сезимимди билдире алган жокмун. Ага арнап обондуу ыр чыгарганымды кийин деле айта албадым. Сезимдер ичте жашап, кала берди.

Жаным сүйгөн жалжал көз,

Жагалданган мүнөзүңдү сүйдүм ай.

Гүлүм ай, гүлүм ай,

Жалгыз сени сүйдүм ай,- деген саптары бар ыр.

 

“Табар белем” ырынын уландысы “Таптым сени”

Кайдасың сен ажарланган айлуу түнүм,

Кайдасың жылаажындай жаштык үнүм.

Сен мынча баалуу белең, таттуу белең, ай,

Жаралып кайра экинчи келбес үчүн.

– Акын Гүлсайра Момунованын сөзүнө жазылган ушул ырга обон чыгаргам. Ыр чыкканда эле популярдуу болуп кетти. Кийин билсем ырдын тарыхы мындай экен. 

 Гүлсайра эже 6-класста окуп жүргөн кезинде бир баладан кат алат. “Артисттер келди” деп баары чогулуп турушса бир бала жөөлөп келип, кучактап туруп,чөнтөгүнө бир нерсе салып кетет. Үйүнө барганда караса классташ баласынын ашыктык каты болуп чыгат. Аябай уялат. Катты апасынан катып, алып жүрөт. Ал бала абдан шок бала болгон экен. Катынын жообун күткөнсүп тентектигин таштап, аябай ойлуу болуп кетет. Кайда басса да эженин жолун тосуп, тегеренип калат бала. Антсе эже кызыктай абалда калат. Жооп бербесе да ичинен бир жакшы сезимдер болот. Студент кезинде да ошондой каттарды алып, жолугушууга барган учурлары болот. Бирок экөөнүн жолдору кайчыланып кетет. Жүрөктөгү сезим ошол бойдон калат да, кийин ушул ырдын чыгышына түрткү болот.

Кийин Гүлсайра   эже мага жолугуп калып “сен обон чыгарган “Табар белемдин” уландысын жаздым. Ыр “Таптым сени” деп аталат. Окуп көрчү, мүмкүн обон чыгып калар” деп текстти берди. Бул ырдын обону көп күттүрбөй эле жаралды.

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1121, 30-май-5-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан