“Реалдын” универсал жылдызы Жуд Беллингем

Көпчүлүк сүйгөн атактуу клубдардын Роналду, Месси, Неймар сыяктуу легендаларынын жылдыздуу доору бүтүп, алардын ордун жаш лидерлер басууда. Мисалы, “Реал Мадриддин” жаш жылдызы Жуд Беллингем...  Мындан бир жыл мурун “Реалга” кошулган Жуд суктанарлык оюн көрсөтүп, футбол адистеринин бийик баасына арзый алды.

Анкета

Туулган жери – Англия, Стаурбридж шаары

Туулган жылы – 2003-жыл, 29-июнь

Бою – 186 сантиметр

Салмагы – 75 килограмм

Жылдыз белгиси – рак

Клубу – “Реал Мадрид”

Позициясы – жарым коргоочу

Оюндагы номери – 5

Башында футболду жактырган эмес

2003-жыл, июнь. Марк Беллингем аттуу полиция кызматкери менен жубайы Дениз Беллингем уулдуу болуп, ага Жуд деген ысым ыйгарышат. Марк футбол дегенде ичкен ашын ыргытып жиберчү адам эле, ошондуктан уулун кенедей кезинен футболго кызыктырууга аракет кылчу. Футбол оюндарына дайым аны ээрчитип алчу. Бирок башында футбол Жудду кызыктыра алган эмес. “Адегенде футбол мага жаккан жок. Билем, бул таң калычтуу. Эгер азыр менден футболду тартып алышса, анда акылдан айныйм”,- деп айтканы бар футбол жылдызынын.

Атасын көрүп шыктанган 

Футболдогу алгачкы кадамын Жуд балдардын “Стоурбридж Жуниорс” деген командасынан таштаган. Бул – атасы Марк жана биринчи машыктыруучусу Фил Вулдриж түптөгөн команда эле. Жуддан мыкты футболчу чыгарын атасы ал 4 жашында эле байкаган. “Талантын байкадык, бирок ал футболго кызыкпай жатты. Аны футбол менен “оорутууга” бир топ ай кетти”,- деп эскерет алгачкы устаты Вулдриж. Бара-бара Жуд футболго тартыла баштайт, аны атасынын оюндары шыктандырган. Анткени атасы Марк кичи деңгээлдеги лигалардын оюнчусу эле. “Атам – менин футболдогу алгачкы кумирим болду. Ар аптада анын оюндарын көрчүмүн. Ооба, ал ойногон лига АПЛ же ал сыяктуу лига эмес эле. Бирок анын ойногонун көрүү, атмосфераны сезүү мени футболду сүйүүгө мажбурлады”,- дейт Жуд Беллингем.  

Атактуу клубдардын көзүнө эрте илинген

7 жашында Жуд “Бирмингем Сити” академиясына кирген. Ал жакта өзүн мыкты көрсөтүп, эрте жашынан эле дүйнөлүк атактуу клубдардын көңүлүн бурууга жетишет. Ага кызыккандар аз эмес болчу. 9 жашында Жуд “Ливерпуль” академиясында, 13-14 жашында “Барселонада”, 15 жашында “Манчестер Юнайтедде”, 16 жашында “Аякста” ойношу мүмкүн эле. Бирок Жуддун футболдук тагдырын аныктоодо ата-энеси негизги ролду ойноп, алар уулунун “Бирмингемден” эрте кетишине жол беришкен эмес.

2019-жылы 16 жашында Беллингем “Бирмингемдин” негизги курамында биринчи оюнун өткөрөт. Муну менен ал клубдун тарыхындагы эң жаш дебютант болгон. 2019-2020-жылкы сезондо оюнчу аталган клубда 44 беттешке чыгып, 4 гол киргизүүгө үлгүрдү. Жылдызга айланган Жудга клубдун күйөрмандары уйгактай жабышып, автограф сурашып, селфи өтүнүшүп... Айтор, анын жаңы тепкичке көтөрүлөрү билине баштайт.  

“Боруссияда...”

Убакыт күтпөйт, бат эле трансфер мезгили келди. Жуд жаштар келишиминде болгондуктан анын жаңы клубга өтүшү бекер болушу мүмкүн эле. Бирок ата-энеси жаш оюнчу үчүн “Бирмингемге” толук кандуу компенсация төлөп берүүнү талап кылып, жыйынтыгында 2020-жылы дортмунддук “Боруссия” биздин каарманды 23 миллион евро төлөп сатып алган. Бул 17 жашка чейинки оюнчулар арасында эң кымбат трансфер болгон. Негизи, 2020-жылы жайында Беллингемдин алдында көптөгөн вариант турган. Ага “Манчестер Юнайтед”, “Челси”, “Бавария” жана башка дөө-шаалар кызыгышкан, бирок Жуд “Боруссияны” тандады. Аталган клубда оюнчу 3 жыл жүрүп, биринчи сезондо Германия кубогун утту. Клубдун тарыхындагы эң жаш гол автору аталды (17 жаш 77 күн). 2022-23-жылкы сезондо Беллингем Бундеслиганын мыкты оюнчусу аталды, атүгүл команда капитаны болууга жетишти.

“Реалда”...

2023-жыл, Беллингем мадриддик “Реалга” өтүүнү чечти. Ал эми дортмунддук клубга ыраазычылыкты калың айтты. “Бала болуп келип, жигит болуп кетип жатам. Бул клубга ар дайым жүрөгүмдө орун болот”,- деди ал. Оюнчунун “Реалга” өтүүдөгү баасы 103 миллион еврону түзгөн, бонустар кошулганда 134 миллион еврого чамалайт. Бул “падышалык клуб” оюнчуга 100 миллион евродон ашык төлөп берген үчүнчү трансфер. Келишим 6 жылга деп түзүлгөн. Ошентип англиялык жарым коргоочунун “Реалдагы” дебюту 2023-жылдын 12-августунда болду. “Атлетик Бильбаого” каршы беттеште Беллингем алгачкы голун киргизип өзгөчөлөндү. Ноябрда болсо “падышалык клубдун” тарыхында старттык 15 оюнда 14 гол киргизген биринчи оюнчу болуп калды. Футболдук тарыхы алдыда. “Реалдын” Лука Модрич, Тони Кроос сыяктуу легендарлуу жарым коргоочуларынын ордун басат деп үмүт кылгандар көп. Учурда ал “Реалдын” мыкты бомбардири дагы. 

Оюн талаасында...

Беллингем – универсалдуу оюнчу: оюн талаасында бир нече позицияда командасын коргой алат. Денеси олбурлуу болбогондуктан жөөлөшүп топ талашуу ал үчүн кыйыныраак. Бирок укмуштай ылдамдыкка жана таамай сокку узатуу жөндөмүнө ээ. Статистикага таянсак, аны атаандаштары көп кулатышат. Жуд тайманбас, кээде оюн талаасында командалаштарын да сындап, жакалашып кетмейи бар.

Жеке жашоодо...

Беллингем үчүн ата-энесинин сөзү – мыйзам. Апасы Дениз уулун клуб алмаштырганда Германияга да, Испанияга да коштоп барды. Жуд дагы деле апасынын камкордугуна муктаж экенин жашырбайт, апасы аны машыгууларга ташып, тамак-аш даярдап берет. Беллингемди “азыркы муундун өкүлүнө окшобойт” деп да айтышат. Мисалы, ал компьютер оюндарына кызыкпайт, китеп окуганды жактырат. Ал эми достору “атактуулук Беллингемдин мүнөзүн өзгөрткөн жок” дешет. Маалыматтарга таянсак, Жуд Беллингем учурда голландиялык модель Лаура Селия менен кыз-жигиттик мамиледе. Канткен менен футболдо түбөлүккө калуу мүмкүн эмес, ошондуктан футболчу эки жакты бирдей тең салмактап алып кетүүгө аракет кылат.

Жакында...

1-июнда Чемпиондор Лигасынын финалы өттү. Анда "Реал" 2:0 эсебинде "Боруссияны" утуп, дагы бир жолу чемпион аталды. Беллингем биринчи сезондо аталган турнирдин чемпиону болуп, жылдызы ого бетер жаркырады... 

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1122, 6-12-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан