Бир иш баштайын деп ойлоносуң, эртеңкиге калтырасың, же толгон-токой шылтоо таап улам жылдыра бересиң. Же болбосо бир-эки жолу мүдүрүлсөң, "колумдан келбейт экен" деп баш тартып кете бересиң. Мындай абал баарыбызда эле болсо керек. Түштүк кореялык актёр Пён У Сок жалкоолукту дейбизби же коркоктукту дейбизби, айтор, шылтоолордун баарын четке кагып, өз максатына жете билген адам. Канчалаган тоскоолдуктардан өтүп, бүгүн дүйнөгө белгилүү актёр катары ысымы тарап отурат.
Туулган жери: Түштүк Корея, Кёнгидо
Туулган жылы: 1991-жыл, 31-октябрь
Жылдыз белгиси: чаян
Бою: 189 сантиметр
Кесиби: актёр, модель
Тартылган белгилүү сериалдары: “Сон Жени ал да, чурка”, “Күчтүү кыз Кан Нам Сун”, “Келбеттүү жигиттердин тобу: Чосондун нике агенттиги”, “Гүлдөр гүлдөгөндө, мен Ай жөнүндө ойлоном”, “20-кылымдын кызы”, “Жаштардын окуялары” жана башка
Хоббиси: Ырдоо, китеп окууСпортто: волейбол, баскетбол ойнойт
Кастинг + баш тартуу
Чынында бүгүнкү күндө Пён У Сок көпчүлүктүн назарында. Анткени анын актёрдук жылдызы жанып, карьерасындагы эң ийгиликтүү роль жаратты десек болот. “Сон Жени ал да, чурка” дорамасына башкы ролго Пён У Сокту чакырардан мурда андан белгилүүрөөк бир нече актёрго кайрылып, бирок “жок, тартылбайм” деген жооп алышкан тартуучу топ. Ал эми У Сок макул болгон. Сериалдын алгачкы сериялары чыга баштагандан тарта “бул роль Пён У Сокту күтүп жаткан, ошондуктан башкаларды жолоткон эмес, бул – тагдыр” деген билдирүүлөр көп. Кайгы, күлкү, сүйүү... Көптөгөн эмоцияларды камтыган дорама учурда рейтинги жогору болуп жаткан долбоорлордун катарында. Сериалдан да анда башкы ролдогу Пён У Соктун жылдызы бийик жанып, көптөн күткөн дүйнөлүк популярдуулукка жетти. Бул мезгилди ал көпкө күткөн...
"Бүгүнкү күн менен жаша! Бүгүнкү күндөн көп бакыт тап! Мына ушундай девиздер менен жашаганыма көп болду. Мындай ойго келишиме артымдагы жашоом себеп. Азыр өзүмдү шумдук ийгиликтүү адаммын деп эсептебейм. Болгону менин убактым келди деп ойлойм. Кичинемден эле актёр болом дечүмүн. Бирок болом десең эле боло калбайт экенсиң. Актёрлукка келиш үчүн 100 жолу кастингден өттүм окшойт. Бир айда 30дан ашык кастингге катышып, баарынан баш тартуу алгам. Ошондо “мен туура эле жол тандадымбы?” деп өзүмө суроо бердим. Туура эмес жол дейин десем, актёр болуп көрө элекмин да деп өзүмө-өзүм жооп берчүмүн. Өжөрлүк мүнөзүм бар, акыры режиссёрдун көзүнө илинип, максатыма жеттим",- дейт актёр.
Үй-бүлөнүн колдоосу
Пён У Сок Түштүк Кореянын Кёнгидо аймагында чоңойгон. Кичинесинде бай анан атактуу адам болгусу келчү. Бул анын үй-бүлөсү ортозаар жашагандан келип чыккан кыял болсо керек. Бул балалык кыялга оңой эле жетүүгө мүмкүн эмес экендигин, көп эмгек, аракет керектигин ошондо эле түшүнчү. Бирок келечегин ата-энеси айткандай акчасы аз, ийгиликке жетеби-жетпейби күмөнү бар кесиптер менен байлагандан корккон жок.
- Биздин үй-бүлөнүн финансылык абалы көңүл жубатарлык эмес эле. Ошентсе да ата-энем менин көңүлүмдү кыйган жок. Алар үчүн модель, актёр деген кесиптер олуттуу эмес, бүдөмүк кесиптер эле. Менин умтулуумду жактырбаганын ачык эле айтышты, бирок колдоп да беришти. Аларды деле түшүнөм, эч кандай таанышы же сокур тыйыны жок баласы модель же актёр болом деп жатса санааркашса керек. Мектепти бүткөндөн кийин моделдердин сынагына бардым. Оюмда “жок дегенде 3-орун алсам экен, болбосо, башка кесипке өтөм” деп бардым. Бактыга жараша 1-орунду алып, кыялыма туура кадам жасаганымды түшүнгөм.
Экинчи планда
Шоу-бизнес дүйнөсүнө модель катары баш баккан Пён У Сок бул тармакта 6 жыл эмгектенген. Бул аралыкта киного тартылууга аракет кылып, башында айткан кастингдерге барып, жолу болбой кала берген. Актёрлук дебюту 26 жашында, “Кымбаттуу менин досторум” аттуу сериалда болгон, экинчи пландагы актёр катары. Андан кийин “Оор атлетиканын периштеси Ким Бок Чу”, “От болгон жүрөктөр: Корё”, “Вайкикидеги күлкү-2” сындуу популярдуу долбоорлорго тартылган, дагы да болсо экинчи планда.
"Мен актёрлукту кайсы бир атактууга таасирленип же бир кино жагып калып тандаган эмесмин. Өзүмө эмне жагарын, кайсы кесипти аркаласам бактылуу болорумду көпкө ойлонгом. Анан көңүлүм актёрлукту тандаган үчүн аракетимди баштагам. 26 жашта дебют жасоо кеч деп эсептелет да. Мен жаңы баштаганда мени менен теңдүүлөр эчак тасма талаасында орун-очок алып калышкан экен. Эмнеге меники окшошпой жатат деп көп ойлончумун, кайсы режиссёр менен иштешсем, ошого барып кайсы жерим окшошпой жатат, эмне кылышым керек деген суроолорду жаадыра берчүмүн. Көпчүлүгү “бир эле кадрды түрдүү эмоция менен аткар, анан өзүңө туура келгенин табасың” деген сыяктуу кеңештерди беришти. Ошондон бери аракет кылып келе жатам, кыла берем. Көрсө, актёрлукта негизгиси убакыт жана тажрыйба экен.
Хейтерлер
Пён У Сокту экинчи пландан башкы каарманга жылдырган “Жаштардын окуялары”, “Күчтүү кыз Кан Нам Сун”, “Келбеттүү жигиттердин тобу: Чосондун нике агенттиги”, “Гүлдөр гүлдөгөндө, мен Ай жөнүндө ойлоном”, “20-кылымдын кызы” дорамалары болду. Мына ушул тасмалар аркылуу жаш талант катары көпчүлүккө тааныла алды. Баса, актёр башында хейтерлердин билдирүүлөрүн көп окуп, алар айткан кемчиликтерди жойгонго аракет кылганын айтат.
Жеке жашоосун жарыялаганды жактырбайт. Китеп окуганды баалайт, жумасына 2-3 китеп окуган күндөрүм болот дейт. Китеп кругозорду кеңейткенге, түрдүү психологиялык абалдарды түшүнгөнгө жардам берет деп эсептейт. Музыкага да жакын, чынында эле жакшы ырдайт, “Сон Жени ал да, чурка” дорамасында ырчынын ролунда талантын байкап жатасыз да. Стресс менен күрөшүүнүн эң мыкты ыкмасы – даамдуу тамак жана тынч уйку дейт.
"Толтура сын-пикирлердин арасында “сен моделге окшош экенсиң” деген жалгыз позитивдүү комментарий окуп жүрөгүм жылыган. Бир адам болсо да менден бир нерсе көрүптүр деп. Менден “экинчи пландагы каармандарды ойной бергенден тажаган жоксуңбу?” деп көп сурашчу. Эмнеге тажамак элем, экинчи пландагы каарман болсо да эңсеп жүргөн, сүйгөн кесибим менен алек болуп жүрөм. Тасма талаасынан сырткары жакта мага окшоп жүздөгөн кастингден өтпөй, массовкага да болсо тартылып жүргөндөр канча. Буюрса, алдыда көпчүлүк күткөндөй ролдорду жаратам, дагы да такшалам, өсөм...- деген актёрдун максаты ишке ашып келе жаткан өңдүү.
Асыл Орозбекова