“Бирөөгө ор казсаң, кенен каз, өзүң түшүп калышың мүмкүн”, “Кандай салам берсең, ошондой жооп аласың...” Мындай накыл кептерди турмушта угуп эле жүргөн чыгарсыз. Бирөөгө жамандык кылба, ал өз башыңа кайтып келет деген эле сөз. “Бумеранг мыйзамы” деген эмне? Ал кантип иштейт? Макалада ушул суроолорго психолог Барчынай Кадырбекованын көмөгү менен жооп издеп көрөлү.
Бумеранг мыйзамы деген эмне?
– Бумеранг мыйзамын кыргызча “кайтар дүйнө” деп коюшат. Ал эми психологияда бул биздин баалуулуктар, ишенимдерибиз, түпкүлүгүбүз. Жаш кезибизде түпкү аң-сезимибизде жазылып калган программа. Мисалы, атасы апасын уруп, зордук-зомбулук көрсөткөн үй-бүлөдө өскөн кызда эркектердин баары ушундай мыкаачы, зөөкүр деген программа жазылып калат. Же биз бир нерседен абдан корксок, ошол эмоциялар программа болуп түпкү аң-сезимде жазылып калат. Мисалы, бойдок кезде кыз бир жигит менен сүйлөшүп, ал жигит кийин башка кызга кетип калса, биринчи жолу кыздын жан дүйнөсү жанчылат, кыйналат, ошол эмоциялар аң-сезимде коркунуч болуп орноп калат. “Күйөөмдүн ала жипти аттаганын кечире албайм” дешет эмеспи көп аялдар, бул – ошол коркунуч, кайра ошол жан дүйнөсү жанчылган абалга баргылары келбейт. Аң-сезимде орноп калган ишенимдер адамда түбөлүк жашап, иштей берет. Адам түпкү аң-сезиминдеги коркунучтарын, жараларын айыктырып чыгышы керек, ошондо баягы “установкалар” таасир эте албай калат.
Бумеранг мыйзамы канча убакытта иштейт?
Бумеранг мыйзамы – бул Кудайдын колундагы маселе, эч ким ал мыйзамдын канча убакытта ишке кирерин айта албайт. Бирок адамда эмоциялар канчалык деңгээлде тез иштеп жаткан болсо, бумеранг ошончолук тез-тез айлана берет. Анткени сезимдер ылдамдыкка жооп берет, адамдын ички абалына, “установкаларына” жараша болот.
Кылганың өзүңө кайтып келбеш үчүн эмне кылыш керек?
– Кыргызда “эмнени эксең, ошону аласың” деп жатпайбы. Айланага позитив сепсең позитивди, негатив сепсең негативди аласың. Кылганың өзүңө кайтып келбеш үчүн эң негизгиси каталарыңды моюнуңа алышың керек. Каталардын миссиясы – ошол адамга сабак берүү. Чыныгы сабактардын баары жашоодо, эгер адам өзү жөнүндө билип, өзүн тааныса, жаратылыштын мыйзамдарын тааныса, бумеранг мыйзамы анын пайдасына иштеп баштайт. Жараткан “кылган жакшылыгың да, жамандыгың да өзүңө кайтып келет” деп бумеранг мыйзамын айтып жатат. Демек, биз эмне кылабыз? Көңүлүн оорутуп алган адамдардан кечирим сурайбыз, акчага алдап кеткендердин акчасын кайтарабыз, жок дегенде “мен ошондой ката кетирип алдым эле” деп моюнга алуу деле тазаланууга жатат. Башка адамдарга жакшылык кылып, туура иш жасоо менен кетирген катачылыктарыбызды жууп, тазаланып, трансформация болууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Бумеранг мыйзамы аба сыяктуу нерсе
– Бумеранг мыйзамы аба сыяктуу нерсе да. Аба көзгө көрүнбөйт, бирок дем алып жатпайбызбы. Психологияда “бул ааламда менден башка эч ким жок, чөйрөмдөгүлөрдүн баары менин ички чагылышым” деген жөнөкөй формула бар. Бул формула менен айтканда, адам жашоосунда кыйынчылык же кубаныч болобу, баары өзүнөн көз каранды. Бумеранг деле ошол сыяктуу, жакшы мамиле жасасаң, жакшы мамиле аласың. Туура жаша, туура жүр, бардык нерсенин жообу болот деген маани да. Бумерангды жакшылыкка иштетесиңби, жамандыккабы, баары өзүңдөн көз каранды.
Лариса Асанбекова, парапсихолог: “Бумеранг мыйзамы жети урпакка чейин өтө берет”
– Бумеранг – бул темирден же жыгачтан жасалган буюм. Аны күч менен ыргытканда күүлөнүп барып, кайра айланып ыргыткан адамга келет. Мына ошол кубулуштун философиялык маанисинен алып “бумеранг мыйзамы” деп коюшкан. Мен бумерангды карма деп коём, карма – бул кыргызча “кармалып калуу” деген эле сөз. Кылган жакшы иштериң да, жаман иштериң да биоталаада кармалып калат, анан кайталана берет. “Эмнени сепсең, ошону аласың” деген бул бумерангдын башкы принциби. Бумеранг же карма кандай кайтарылат, мисалы, мурунку жашоосунда баласын таштап, карабай койгон адамдар бул дүйнөгө келгенде балалуу болбой, бала жытына зар болуп өтүшөт. Эгер ал үй-бүлө башканын баласын багып алып, ага өзүнүн баласындай мээрим төгүп, сүйө алса анда Жараткан аларга бала берет. Анткени ал адам мурунку жашоосундагы кармасын актады, жакшы ата же апа боло аларын далилдеди. Адам баласы өзүнүн гана жашоосундагы карманы өтөбөйт, ата-энесинин, ата-бабасынын, уруусунун, туулган жердин да кармасы болот. Себеби Кудай сени ошол айылда, ошол райондо жөн эле төрөлтүп койгон жок. Актай турган кармаң же өтөй турган миссияң бар. Арабызда ийгиликтүү адамдар бар, аларга Кудай жарытып иш кылбаса деле ченемсиз ырыскы бере берет. Алар мурунку жашоосунда кармасын өтөп койгондор, алар өткөн жашоосунда берчүсүн берип, бул жашоого алыш үчүн гана келгендер. Бирөө өмүр бою жаман иштерди жасап, бирок бумеранг мыйзамына туш келбей өтүп кетсе “аа, бумеранг мыйзамы жок турбайбы” деп ойлобош керек. Анын баласы, туугандары бар, аларга катуу тиет деп Кудай эч кимдин башынан сылабайт. Бумеранг мыйзамы ал адамдын жети урпагына чейин иштей берет. Таза жаша, жан дүйнөңдү таза карма. Таза энергия жеңил болот, жеңил энергия бийиктерге уча алат. Адам туура жашоо менен келечегин өзгөртсө болот, ар бир адам тагдырынын сценарийин өзү жаза алат. Карма, бумерангга туш болбош үчүн дайыма тазаланып, трансформация болуп туруш керек. Эң башкысы – жан дүйнөнү кирдетпей таза кармоо зарыл.
Бумеранг мыйзамы динде
Бумеранг түшүнүгү буддизмде жана башка индиялык философиялык окууларда башкы орунду ээлейт. Буддизмде аталган түшүнүк адамдын ойлору, сөздөрү, иш-аракеттери анын кийинки жашоосунун ортосундагы себептик байланышты билдирет. Мындан тышкары, буддизм динин тутунгандар реинкарнацияга (адам өлгөндөн кийин жандын башка денеге көчүүсү) ишенишет. Тагыраагы, бумеранг адамды бул дүйнөдө гана эмес тиги дүйнөдө да ээрчийт деген ишеним бар. Ал эми ислам дининде “эгер ким бирөөнү ак жеринен караласа, өзү да ошентип караланмайынча өлбөйт" деген мааниде хадис бар.
Лунара Бекиева