Тамшанткан түрк таттуулары

Түрк ашканасында таңкы тамакка өтө маани берилерин билсеңиз керек. Бул көрүнүштү алар “кахвалти” деп аташып, “кофеден кийин” деген маанини берет. Мында жумуртка, сыр сыяктуу тоюмдуу азыктар менен бирге таттуулар, десерттер берилет. Негизи эле таттуулар түрк ашканасында маанилүү орунда. Мисалы,  пахлава, лукум, булочканын түрлөрүсүз түрк  дасторконун элестетүү кыйын. Биз көп желип, таанымал болгон десерттерге токтолдук.

Кадаиф

Керектелүүчү азыктар:

Каймак май – 150 грамм

Кумшекер – 500 грамм

Суу – 1,5 стакан

Мисте же грек жаңгагы –
150 грамм

Лимон ширеси – 1 чай кашык

Камыры үчүн:

Ун – 150 грамм

Жүгөрү крахмалы – 80 грамм

Өсүмдүк майы – 25 миллилитр

Суу – 350 миллилитр

Туз – 0,5 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Кадаифтин камырын даяр да сатып алсаңыз болот. Эгер жасайм десеңиз, ун менен крахмалды элеп, бөлмө температурасындагы сууну, туз жана өсүмдүк майын кошуп аралаштырабыз. Суюк камырды сүзгүчтөн өткөрүп, кондитер мүшөгүнө же целлофан баштыкка куюп алабыз. Учун кичине кесип коёбуз.

2. Көмөч казанды ысытып, отту орточо жайлатабыз. Көмөч казанга камырдан ортодон баштап четине чейин ичке спираль сымал сыгып чыгып, бир аз катыгандан кийин чыгарабыз. Сыгып бүткөндөн 10-15 секунд аралыгында эле даяр болот. Кызарып, күйүп кетпеши керек.

3. Сироп үчүн сууга кумшекерди салып, жай отко коёбуз. Кайнап чыкканда оттон чыгарып, лимон ширесин кошуп аралаштырабыз.

4. Каймак майды отко эритип, ичке жип сымал даяр камырга куюп аралаштырганча сиңиребиз. Камырдын жарымын электр табасына салып басып, үстүнө майдаланган жаңгакты тегиз себелейбиз да, үстүн калган камыр менен жаап күч менен басып коюу керек. Камырдан аз-аздан алып, ортосуна толтурма салып ороого да болот.

5. 180-200 градуста ысып турган электр мешине салып, 30-35 мүнөт коюп бышырабыз. Муздаган соң кесип, сиропту куюп, ал сиңгенче күтө туруу кажет. Таттуу түрк кадаифи даяр! 

Симит 

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 400 грамм

Жумуртка – 1 даана

Суу – 180 миллилитр

Кумшекер – 2 аш кашык

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Ачыткы – 1 чай кашык

Туз – 1 чай кашык

Сироп үчүн:

Суу – 100 миллилитр

Бал – 2 аш кашык

Оонатуу үчүн:

Күнжүт – 50 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Кол күйбөгөн сууга ундан башка азыктардын баарын салып аралаштырып, андан соң унду кошуп жумшак камыр жууруйбуз. 2 эсе көтөрүлүп ачып чыкканча күтөбүз.

2. Камырды 6 бөлүккө бөлүп, кол менен ичкертебиз да, узун камырды ортосунан бири-бирине оройбуз. Оромдун ачык башын туюк башына киргизип бекитүү кажет. Баарын ушул жол менен жасап алабыз.

3. Сироп үчүн сууга балды салып эзип, ага камырларды салып чыгарып, чыккан камырды күнжүткө оонатабыз. Электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, булочкаларды салабыз да, 200 градуста ысып турган электр мешине 20-25 мүнөт салып бышырабыз. Симит даяр!

Сютлач

Керектелүүчү азыктар (4-5 порция үчүн):

Тоголок күрүч түрү – 6 аш кашык

Кумшекер – 1 стакан

Жумуртка сарысы – 2 даана

Сүт – 1 литр

Жүгөрү крахмалы – 4 аш кашык

Ванилин – каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Күрүчтү жууп, үстүнө 300 миллилитр муздак суу куюп жай отко коюп бышырабыз.

2. Ага чейин жумуртканын сарысына кумшекерди кошуп миксер менен чалабыз. Кумшекер эрип калганда бөлмө температурасындагы сүттү аз-аздан куюп чалабыз.

3. Бул аралашманы отко коюп, кайноого жетери менен оттон алабыз. Кайнап кетпеши керек. Буга бышкан күрүчтү салып, үстүнө, ванилин менен 100 миллилитр муздак сууга аралашкан крахмалды кошуп аралаштырабыз да, кайра отко коёбуз. Дагы кайноого жеткизбей оттон чыгарабыз.

4. Атайын электр мешине салууга мүмкүн болгон идиштерге куюп, табага салабыз. Табага бир аз суу куюп койсо сютлач тегиз бышат.

5. Электр мешинин ортоңкудан жогорку көзүнө коюп, 200 градуста 20-25 мүнөт коюп бышырабыз. Десертти муздатып берүү оң.

 

Асел Ишенбай кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1123, 13-19-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан