Ак кунас – Кыргызстанда сейрек кездешкен канаттуу

Ак кунас же илек-илек Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген ири канаттуу. Жаздан кышка чейин өлкөнү байырлап, күн суук тарта баштаганда Индия, Африкага учуп кетишет. Боюнун бийиктиги 90-125, канаттарынын жазылыгы 155-200 сантиметрге чейин жетет. Салмагы 4-5 килограммды түзөт. Сууга жакын тоо этектеринде, шалбаалуу көлмө, саздактуу жерлерде жашап, бака, жылан, кескелдирик, чычкан, келемиш, сөөлжан, коёндун жана суурдун балдары, курт-кумурска сыяктуулар менен тамактанат.

Баткен облусунун айрым аймактарын байырлайт, Жалал-Абад, Ош облустарынын Өзбекстан менен чектеш жерлеринде сейрек кездешет. Негизи Баткен облусунда 15 жылдай жоголуп кетип, 2016-жылдан тарта кайрадан кайтып келе баштаган. Мурда ак кунастар Чүй өрөөнүн да байырлашкан деген маалыматтар бар.

Азыркы тапта аталган канаттууну кармап же өлтүргөндөргө 30 миң сом айып пул салынат. 1985-жылдан бери Кызыл китептин тизмесинде.

Уясын таранчы, жылкычы чымчык кошо уялайт 

Уяларын электр мамыларынын башына, кароосуз калган эски имараттарга, бийик дарактарга салышат. Жазында жумурткалап, орточо 2-5 балапан чыгарышат. Бир уяны бир нече жыл пайдаланып, жыл өткөн сайын уянын көлөмү да чоңоюп отурат. Андай чоң уяны кээде таранчы же жылкычы чымчык, же чыйырчыктар кошо уялап алышат.

Балапандары 50-55 күндө учуп башташат. Ата-энелери андан кийин 15 күндөй багат да, анан өз алдынча жем таап жегенге өтүшөт. 3 жыл дегенде жыныстык жактан жетилишет, бирок айрымдары 6 жыл дегенде гана уя салып, жумурткалашат.

 Кургакчылыктын айынан саны кыскарууда

Өлкөдө ак кунастардын кескин азайып кетишинин бир нече себеби бар деп айтылат:

• Саздардын кургашы, дың жерлердин өздөштүрүлүшү, ак кунастарга жем болчу жаныбарлардын азайышы

• Кеч жетилүү

• Суулуу жерлерге күрүч айдалып, кунастардын башка жактарга ооп кетиши

• Электр мамыларына салган эски уяларынын адамдар тарабынан бузулушу

• Адамдардын атып же кармап өлтүрүшү

Учурда Кыргызстанда жалпы саны 120 чакты. Санын көбөйтүү үчүн ак кунастар байырлаган аймактарды коруу, катуу көзөмөлгө алуу кажет дешет адистер. Атайын жай ачып ооруп же канатын сындырып уча албай калгандарын, жылуу жакка кете албай калгандарын багуу зарылдыгы бар.

Ал эми кара кунастар Кыргызстанда жок, канаттуулардын жер которуусу учурунда гана айрым аймактарга эс алганы конушат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1123, 13-19-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан