“Саясат аялдын иши эмес” дешет айрымдар. Деген менен эгемен Кыргызстандын тарыхында аял лидерлер коомдук трибунага чыгып, өлкөнүн саясатын аныктоого активдүү катышкан учурлар аз эмес. Бир кезде жогорку кызматтарды ээлеп турган белгилүү айымдар учурда эмне менен алек? Саясий жылдызы өчтүбү же?..
Чолпон Баекова “жасачубузду жасадык, эми жаштар иштесин” дейт
Чолпон Баекова – өлкөбүздүн Конституциялык сотун 14 жыл: 1993-жылдан 2007-жылга чейин башкарган аял. Мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев менен иштешип, көптөгөн саясий чечимдердин кабыл алынышына түздөн-түз катышты. Албетте, анын ишине мезгил, тарых өз баасын берет. Чолпон Баекова учурда 77 жашта, Бишкек шаарында жашайт.
– Мен азыр ардактуу эс алуудамын, 12 неберем бар. Элдикиндей дача, виллам жок, Бишкекте эле 3 бөлмөлүү батирде турам. Саясатты жыйыштырганыма көп болду, азыркы саясий абалга баам салганга деле чамам жок. Кээде университет, академиялар чакырышса барып студенттерге лекция окуп берип турам. Көпчүлүк убактым үй-бүлөм, ден соолугумду чыңдоо менен, бала-чака, неберелер менен өтүп жатат. Биз өлкөгө жасачубузду жасадык, эми жаштар иштесин,- дейт Баекова.
Аида Салянова мыйзам жазганды үйрөтүүдө
Кыргыздын “темир айымы” аталып, Аида Салянованын саясий жылдызы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жанды. Башкы прокурор болуп турганда бир топ саясий лидерлерге чуулгандуу кылмыш иштерин козгоп, далай душман арттырып алгансыды. Кызмат түбөлүктүү эмес да, кийин ал кызматтан бошотулду. Юстиция министри, башкы прокурор болуп иштеген Саляновага 2017-жылы УКМК тарабынан айтылуу “Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан” деп айып тагылган. Райондук сот Салянованы күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратып, бирок кичинекей кызы 14 жашка чыкканга чейин деп жаза өтөө мөөнөтү артка жылдырылган. Ошондон кийин Салянова саясат майданда жок. Учурда жеке инновациялык долбоору менен алек, машыктыруучу. Жарандарга мыйзам жазуунун жана талдоонун ыкмаларын үйрөткөн тренингдерди өтүп келет.
Роза Отунбаева Ооганстанда жашайт
Өлкөбүздүн биринчи аял-президенти. Кыргызстандагы гана эмес, Борбор Азиядагы алгачкы аял-президент катары тарыхта калды. Аны “оор учурда өлкөнү башкарды” деп мактагандар да, президент болуп турганда көп катачылыктарга жол берди деп сындагандар да көп. Азыркы тапта Роза Отунбаева пенсияда, экс-президент деген статустун ээси. Кыргыз саясатынын сахнасынан кетсе да, эл аралык уюмдун жооптуу кызматында иштейт. 2022-жылы БУУнун башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган, учурда Ооганстанда жашайт.
Эльвира Сариева ишкердик менен алектенет
Убагында вице-премьер-министр, билим берүү жана илим министри кызматтарын аркалаган Эльвира Сариева саясий карьерасын жыйынтыктаган. Ал мектептерге бирдиктүү форма киргизген реформасы менен өзгөчөлөнө алды окшойт. Эльвира Сариева учурда ишкердик менен алектенет.
Ишенгүл Болжурова илим казуу үстүндө
Мурдагы билим берүү жана илим министри, Кыргыздын Беларустагы экс-элчиси Ишенгүл Болжурова учурда илимий эмгек жазуу менен алек экенин айтат.
– 2019-жылы Тышкы иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы болуп шайлангам. ТИМ кызматкерлерине керектүү көптөгөн илимий эмгектерди жаздым. Азыр деле илимдин артынан жүрөм, китеп жазам, илимий конференцияларга катышып кеңеш берип, мамлекеттик кызматта иштеген тажрыйбам менен бөлүшүүдөмүн.
Лунара Бекиева