40 жыл мурун Кызыл китепке киргизилген
Кара кур – токойлуу жана токойлуу-талаа аймактарын мекендеген канаттуу. Кыргоолдор түркүмүнө кирет. Кыргызстандын Кызыл китебине 1985-жылы киргизилген. Аны кармагандарга жана өлтүргөндөргө 25 миң сом айып пул салынат. Өлкөдө болжол менен 200дөй гана каракур калды деп айтылат.
Чоң-Кеминди, Ысык-Көлдү байырлашат. Эркектеринин көзүнүн үстү кызыл болот, ал эми ургаачыларынын өңү күрөң чаар. Денесинин узундугу 40-55 сантиметрге, салмагы 700 граммдан 1,4 килограммга чейин жетет. Курт-кумурска, жер-жемиш, өсүмдүктөрдүн уругу жана жалбырактары менен тамактанышат. Душмандары – карышкыр, түлкү, бүркүт, карчыга куш, ит жана аңчылар.
Жарадар болгондой түр көрсөтүп адамды алаксытат
Ургаачылары коюу чөпкө уя салып, 5-9 жумуртка тууп, балапан басып чыгарат. Картаңдары жаштарына караганда эрте жумурткалайт. Бул – балапандары аз чыгып калса, кайрадан жумурткалоо үчүн керек. Балапандарын карга, сагызган, кирпи жеп кеткен учурлар болот. Кышында топ-топ болуп чогулуп, түнкүсүн карга чөмүлүп укташат. Абдан сак канаттуулар. Чурулдап, чуруу-чуу түшүп учушат. Энелик инстинкти мыкты өөрчүгөн, коркунуч туулса катуу үн чыгарып балапандарына “сигнал” берет да, качууга аракет кылышат. Кээде жарадар болгондой түр көрсөтүп адамды алаксытып, балапандарынын качып кетишине мүмкүндүк түзүп берет.
Токойлор азайып бараткандыктан саны кыскарууда
Каракурлардын азайып баратышынын себеби – токойлордун аянтынын кыскарып баратышы, алар жашаган аймакка мал жайылып, эс алуучулардын көп барышы, браконьерлик. Тынч жашоосу бузулса коңшу өлкөлөргө ооп кетишет. Чүйдүн аймагындагы Ала-Арча жаратылыш паркына кара курдун өрөөндөрдө жашоочу түрүн сырттан алып келип, байырлатып көрүшкөн. Бирок климаты туура келбегендиктен жашап кете алышкан эмес. Чоң-Кеминде алар жашаган аймак катуу кайтарууга алынган.