Саясат жаңылыктары

Ажылыкка барган 550 адам ысыктан каза тапты 

Сауд Арабияда ажылык зыярат учурунда 550 адам каза тапты. Себеп – күндүн кескин ысып кетиши, Мекке шаарында 17-июнда абанын температурасы 52 градуска чейин жеткенин жазышты чет элдик ЖМКлар. Каза болгондордун 323ү египеттиктер. Иорданиядан 40, Тунистен 35, Ирандан 5 зыяратчы көз жумганы маалымдалды.

Ажылык зыярат 14-июнда башталган. 17-июнда абанын температурасы дээрлик 52 градуска жеткен. Аталган өлкөнүн өкүлдөрү зыяратчылардын массалык түрдө каза болушунун бир себеби – каттоодон өтпөгөн зыяратчылардын ашкере көптүгү деген версияны да айтууда. Зыяратчылар жайгашкан лагерде башаламандык жаралып, мунун айынан зыяратчыларга жардам көрсөтүү иши үзгүлтүккө учураган. Жыл сайын он миңдеген адамдар ажылык зыяратка мыйзамсыз жол менен келишери, бул алардын өмүрүнө коркунуч жаратары, анткени алар ажылык зыяраттын алкагында Сауд Арабия бийлиги камсыздаган аба муздатуучу жабдууларга ээ боло алышпай турганы да айтылып жатат. Өлкөнүн бийлиги ажылыкка баргандарды күн ысыгынан коргонууга, сууну көп ичүүгө чакырды. 

Меккеде зыяратчылардын каза табышы кадыресе эле көрүнүш. Мисалы, 2023-жылы 240 зыяратчы каза тапса, 10 миңден ашык адам ысык аба ырайынан жабыркаган.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу октябрда башталат

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу үстүбүздөгү жылдын октябрь айында башталат. Маалыматты 19-июнда “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев парламент жыйынында айтты. Жогорку Кеңеш аталган долбоор боюнча макулдашууну ратификациядан өткөрдү.

18-июнда аталган мыйзам долбоору парламент комитетинде талкууланып жатканда депутаттар темир жолду курууга Кыргызстан каражатты кайдан табарын сурашты. Сакиев Кытайдын эки банкынан насыя алынышы мүмкүн экенин билдирди.

– Темир жолдун курулушуна 4 миллиард 700 миллион доллар кетет. Каражаттын 51 пайызын Кытай, 24,5 пайызын Кыргызстан, 24,5 пайызын Өзбекстан чыгарат. Эки меморандум, бир макулдашууга кол коюлган. Кытай кредит берет, азыркы учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат,- деди Сакиев.

Айта кетсек, аталган темир жолдун жалпы узундугу 480 чакырымды түзүп, ага 18 станция, 81 көпүрө, 41 туннель курулат. Жолдун Кыргызстандын аймагынан өтчү тилкеси 311 чакырымды түзмөкчү.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров айыпка жыгылды

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду Бишкектин Биринчи Май райондук соту күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып төлөөгө милдеттендирди. Мындай чечим 19-июндагы сот отурумунда кабыл алынды.

Өндүрүш Токтонасыровго 2023-жылы социалдык желеге жазган посту үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси – Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголгон эле.

18-июнда прокурорлор Токтонасыровду 3 жылга эркинен ажыратууну сурашкан. Жарандык активист райондук соттун чечимине макул эместигин, шаардык сотко кайрыларын билдирди. “Кайсы күнөөм үчүн айып пул төлөйм?” дейт ал.

Дем алыш күндөрдүн саны кыскарат

Кыргызстанда майрамдардагы дем алыш күндөрүнүн саны кыскарат. Жаңы Эмгек кодексине ылайык, 3 майрамдагы дем алышты иш күнү кылуу сунушталууда: 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь. Тагыраагы, аталган күндөр майрам деп эсептелет, бирок дем алыш күндөр болбойт. Ал эми 7-январь, 8-март, 21-март, 5-май, 9-май жана 31-август, мындан тышкары Орозо айт жана Курман айт майрам жана дем алыш күндөрү боюнча калат. Жаңы жылдык каникулдар: 1,2,3,4,5,6-январь, иш күнү эмес. Май айындагы каникулдар: 1,2,3,4,5,6,7,8-май, иш күнү болбойт.

Жогорку Кеңеш Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча министрлер кабинетинин демилгесин талкуулап жатат. Буга чейин айрым депутаттар 8-мартты дем алыш эмес, иш күнү кылууну сунуштап чыгып сынга кабылышкан.

“Тынчтык жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окуудан өттү

Парламент 19-июнда “Тынчтык жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулап, 1-окууда жактырды. Мыйзамдын максаты – жарандардын тынчтыгын бузган нормадан ашыкча үн басымын чектөө.  “Жай мезгилинде жарандар оюн-зоок жайларынан, көбүнчө көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында же алардын жанында жайгашкан кафе, ресторандардан чыккан ызы-чууларга көп даттанышат. Мыйзамдарды либералдаштыруу жарандардын укуктарынын акыркы орунда калышына алып келгендиктен, милициянын, санитардык кызматтардын баруусу, ал тургай соттук талаш-тартыштар түнү менен уктай албай жүргөн жарандардын пайдасына чечилбей келет”,- дешет демилгечилер.

Мыйзам кабыл алынса, башкалардын уйкусун бузган нормадан ашыкча үн басымын текшерүүчү органдын ыйгарым укуктары күчөтүлөт. Азыркы мыйзамдарда деле үн басымынын максималдуу жол берилген деңгээлин бузгандар үчүн жоопкерчилик каралган. Бирок тийиштүү рычагдар болбогону үчүн андайларды жазага тартуу мүмкүн болбой келген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1124, 20-26-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан