Чынаркан Абдувалиева, 63 жашта: “Енисей дарыясына чөгүп кеткен неберем 7 айдан бери табыла элек”

Каарманыбыз – Чынаркан Абдувалиева, 63 жашта. 2023-жылдын 8-ноябрында 13 жашар небереси Орусиядагы Енисей дарыясына боюн таштап, азыркыга чейин табылбай жатканын айтат ал. Издөө ишине Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, ыктыярчылар тартылганына карабай натыйжа чыга элек. “Чырактай неберемдин сөөгү 7 айдан бери табыла элек, элеси эсимден кетпейт. Жараткандын буйругуна баш ийгенден башка арга жок окшойт”,- дейт сыздаган чоң эне.

“Эл катары жашайлы деп Орусияга иштегени келгенбиз”

– Базар-Коргон районунун Акман айылынан болом, 2 уулум бар. 2000-жылдары турмуштун жакшы-жаман күндөрүн жеңебиз деп темселеп Орусияга келип калганбыз. Бир күкүм нан болсо дагы Кудай өз мекениңден буюрганы жакшы экен. Орусияны жаман дебейм, бирок баары бир өз мекениңе жетпейт. Үй-жай тургузалы, унаа сатып алалы, эл катары жашайлы деп иштегени келип Орусия жарандыгын алганбыз. Балдарым Москвада чоңоюп, ушул жактан үйлөнүп очор-бачар болушту. Бир балам тывалык кызга үйлөнүп, бир кыздуу болушкан. Ошол неберем менин сүймөнчүгүм эле. Өзүмдүн колумда чоңоюп калгангабы, элден башкача жакшы көрчүмүн. Жалал-Абадда да көп жашадык. Балам менен келиним урушуп-талашкан деле жок. Бир жолу экөө таарыныша кетип, келиним кызын алып мекени Тывага кетип калды. Балам болсо иштегени Кореяга кетти. Неберем менен такай сүйлөшүп турчумун.

“Тывалык курдаштары шылдыңдашчу экен”

– Неберем апасы менен Тыванын Кызыл шаарында жашап жаткан. Ал жакка жаңы барганда орусча жакшы билчү эмес. Мен телефон чалганда “апа, карачы, дарыянын жээгинде отурам сууну карап” деп көп көрсөтчү. Неберемди курдаштары, теңтуштары “кара сөөк кыргыз” деп шылдыңдап, басынтышчу экен. Кызымдын көздөрү бакырайган, бою узун эле, тывалыктарга окшош эмес болчу. Балким, ошондой өзгөчөлүгү үчүн өгөйлөшкөндүр. Неберем менен бир жолу сүйлөшкөндө “силер, кыргыздар, өз жериңерди чанып Борбор Азияга көчүп кеткенсиңер деп айтышат, апа” десе көңүл бурган эмес элем. Байкуш кызым ошондой келеке, басынтууларга чыдабай, 2023-жылдын 8-ноябрь күнү Енисей дарыясына боюн таштап жиберди.

“Куткаруучулар кайра бизден жардам сурашты”

– Өмүрүмдө бирөөдөн жардам сураган аял эмесмин. Балдарымды өз күчүм, ак эмгегим менен чоңойтуп үйлүү-жайлуу кылдым. Бирок тагдырым ушундай жазылган окшойт, неберемдин сөөгүн издейм деп көп жерге жалдырап бардым. Карыганда карайлап, темселеп калам деп эч ойлогон эмес элем. Тыва өлкөсүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарытылуу техникасы жок бир бечара мекеме экен. Улуу державанын
ӨКМи ушундай абалда болсо, анда сөз жок дедим. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жардам сурап кайрылсак, “силер Орусиянын жараны экенсиңер, биз киришкенге акыбыз жок” деп коюшту. Орусиянын тийиштүү органдары да кайдыгерлик кылып жатышат. Куткаруучулары келип 5 мүнөт издемиш болушту, видео отчётуна керек болду окшойт. Кайра “кантип издейт? Силерде суу астында иштөөчү видеокамера, дрон, жип барбы?” деп бизден сурап жатышпайбы. Муздун калыңдыгы 1 метр болуп кеткенине байланыштуу издөө иштерин токтотушту. Неберемдин сөөгү ак кар, көк муздун астында ай талаада калды. Кийин 30-40тай ыктыярчылар кошулуп издешти, тапкан жокпуз. Муз эрисин, жазында издейли деп токтотуп коюшту, бирок жазында издесек деле табылган жок.

“Күндө соолуп баратам”

– Неберемдин суу астында жатканына 7 ай болду. Анын эркелегенин, сүйлөгөн сөздөрүн эстей берип күндө соолуп баратам. Сууга боюн таштагандан кийин Тывага барып мугалимдери, теңтуштары менен урушуп келгенмин. Ыктыярчыларга 3 кой союп бердим, өзүм кошо Енисейди жээктеп күндө издедим. Тывада жашаган 20-30 чакты кыргыз бар экен, ошол мекендештерге рахмат, ыйласам жашымды сүртүштү, көңүл айтып “кайрат кылыңыз, апа” деп турушту, тыйын-тыпыр чогултуп берип жатышты. Айтарым – Кудайым баарыбызга өз мекенибизден өлүм буюрсун. Өлкөбүздө миграция күчүндө, көр тирлик деп каякка гана кетип жатышкан жок кыргыздар. Баарына аманчылык тилейм. 

Лунара Бекиева       

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1124, 20-26-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан