Футболдун күйөрмандары үчүн быйылкы жай өзгөчө. Чемпиондор лигасынын оюндары бүтөрү менен 14-июнда Европа чемпиондугу старт алды. Учурда тайпалык этаптагы оюндар жүрүүдө, кызыктын баары алдыда. Сиздерге Евро-2024 турнири тууралуу 7 кызыктуу фактыны айтып берели.
Көк майсаңда 24 команда
А тайпасы:
Германия
Швейцария
Шотландия
Венгрия
В тайпасы:
Италия
Хорватия
Испания
Албания
С тайпасы:
Словения
Дания
Англия
Сербия
D тайпасы:
Франция
Нидерланд
Польша
Австрия
Е тайпасы:
Румыния
Бельгия
Словакия
Украина
F тайпасы:
Чехия
Түркия
Португалия
Грузия
1. Биринчи жолу турнирдин талисманы – аюу
Коён, арстан, короз Европа чемпиондугунун талисманы болушкан. Аталган турнирдин тарыхында биринчи жолу аюу тандалып, ага Альберт деген ысым коюлду. Бернардо, Бернхарт жана Герци фон Бер деген да варианттар сунушталып, добуш берүүдө көпчүлүк Альберт дегенди жактырышкан. Немисче “Бер” (Bär) деген сөз “аюу” деп чечмеленет. “Турнирдин талисманын презентациялоо менен биз балдарды футбол ойноого шыктандыра турган шайыр жана келбеттүү персонажды түзөбүз”,- деп билдирди Евро-2024 турниринин директору, Германия улуттук курамасынын экс-капитаны Филипп Лам.
2. Эң жаш оюнчу 16 жашта
Турнирдин эң жаш футболчусу – испаниялык Ламин Ямал. “Барселонанын” оюнчусу учурда 16 гана жашта, атайын сөз кылууга арзый турган каарман. Аны бекеринен атактуу Лионель Мессиге окшоштурушпайт, Ямал дагы ыкчам дриблинги, натыйжалуу оюндары менен айырмаланууда. Евро-2024төгү алгачкы оюнунда эле голдук топ берүүгө жетишти. Буга чейин “Европа чемпиондугунун эң жаш оюнчусу” деген рекорддук көрсөткүч польшалык Кацпер Козловскийге таандык эле. Ал Евро-2020 турниринде 17 жашында оюн талаасына чыккан. Эгер Ямал турнирде гол киргизсе, Европа турниринде гол киргизген эң жаш оюнчу аталып, дагы бир рекордду жаңыртканы турат. Азырынча аталган рекорд швейцариялык Йохан Фонлантенге таандык (Евро-2004, 18 жашта).
3. Роналду тарыхты кайра жазат
Португалия улуттук курамасынын капитаны, турнирдин жылдызы Криштиану Роналду жеке жетишкендиктерин жаңылашы күтүлөт. Ансыз да ал Европа чемпиондугунда 6 жолу ойногон тарыхтагы жалгыз футболчу. Роналду 14 голу менен Европа чемпиондугунун эң мыкты бомбардири дагы. Демек, ар бир киргизген голу анын жеке рекорддорун жаңылайт. Эгер гол киргизсе, анда Европа чемпиондугунда гол киргизген жашы эң жогорку оюнчу деп (азыркы тапта 39 жашта) табылары күтүлөт. Учурда аталган рекорд австриялык Ивица Вастичке таандык (Евро-2008, 38 жашта).
4. Фавориттер кимдер?
Футбол эксперттери жана букмекерлер турнирдин негизги атаандаштары деп Германия, Франция, Англия жана Португалияны айтышууда.
Англия курамасы – командада Жуд Беллингем, Харри Кейн, Фил Фоден сыяктуу лидерлер бар. Биринчи оюнда Сербия курамасын 1:0 эсебинде жеңди. Машыктыруучу Гарет Саутгейт “эгер Англия курамасы Евро-2024’тө жеңишке жетпесе анда кызматтан кетем” деп билдирди. Англия курамасы Евро-2020 турниринде финалга чыгып, Италияга утулуп калганын айта кетели.
Франция курамасы – башкы сыйлыкка негизги талапкерлердин бири. Курамы да мыкты, Килиан Мбаппе, Антуан Гризманн, Жуль Кунде, Тео Эрнандес сыяктуу футбол жылдыздары оюн талаасын чаңытышат. Деген менен турнирдеги алгачкы беттешинде Франция курамасы атаандашын минималдык эсепте, анда дагы автоголдун эсебинен жеңди. Азырынча курамдын оюну күйөрмандардын купулуна анча толбой жатканы байкалат.
Германия курамасы – турнирдин кожоюну. Алгачкы оюнда Шотландия курамасын 5:1 эсебинде жеңип, турнирдин фаворити деген жоромолду бекемдеди. Ошентсе да команданын дымагы тайпалык оюндардан кийин, күчтүү командаларга туш келгенде даана байкалат. “Немис машинеси” акыркы 10 жылдан бери ири мелдештерде ийгилик жарата албай жатканы белгилүү. Демек, өз үйүндө өткөн Евро-2024 күйөрмандарын кубантууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. Курамда Тони Кроос, Мануэль Нойер, Томас Мюллер, Илкай Гюндоган, Жамал Мусиала, Антонио Рюдигер сыяктуу легендалар бар.
Португалия курамасы – Евро-2024 турнирине тандап алуу оюндарында 32 гол киргизүү менен 8 беттешти жеңип, өзүнө 2 гана гол өткөрдү. Демек, начар формада эмес. Анын үстүнө команда капитаны Криштиану Роналдуга ишеним арткандар аз эмес экени белгилүү. 1,5 жылдан бери Сауд Арабияда ойноп жаткан Роналду өзүн кандай көрсөтөт?
5. Ардагер оюнчулар үчүн акыркы Европа чемпиондугу
Лука Модрич, учурда 38 жашта. Чемпиондор лигасынын 6 жолку чемпиону кайрадан турнирдин негизги фигурасы болууда. Евро-2024 ал үчүн акыркысы.
Тони Кроос Евро-2024 турниринен кийин спорттук карьерасын жыйынтыктай турганын жарыялады. Учурда 34 жашта, Германия курамасынын негизги оюнчуларынын бири. Турнирдин биринчи беттешинде 102 жолу топ берүү жасап, анын 101и дарегине таамай жеткени мактоого алынууда.
Мануэль Нойер – дүйнөнүн мыкты дарбазачыларынын бири. 38 жаштагы оюнчу үчүн бул жолку Европа чемпиондугу акыркысы болорун чет элдик ЖМКлар жазып жатышат.
Роберт Левандовский Евро-2024 турниринде Польша курамасын жеңишке жеткирүүгө жан үрөйт. Учурда 35 жаштагы футболчунун да кийинки Европа чемпиондугунда оюн талаасына чыгары күмөн.
6. “Акылдуу топ”
Европа чемпиондугунун расмий тобу Fussballliebe деп аталат, кыргызча “футболдук сүйүү” деп которулат. Евро-2024 турниринде биринчи жолу Adidas Connected Ball технологиясы колдонулду, топтун ар бир кыймылын жана абалын даана көрүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Ичине чип орнотулган “акылдуу топ” Бельгия-Словакия беттешинде футболчунун колуна топ тийип кеткенин заматта, так аныктоого жардам бергенине көпчүлүк күбө болду.
7. Кимге канча акча берилет?
Евро-2024 турниринин байге фонду 331 миллион еврону түзөт. Оюндун жыйынтыгына карабай турнирге катышкан өлкөлөрдүн футбол федерациялары 9,25 миллион евродон алышат. Тайпалык беттештеги жеңишке 1 миллион евро, тең чыгууга 500 миң евро каралган. 1/8 финалга чыгууга 1,5 миллион евро, чейрек финалга чыгууга 2,5 миллион евро, жарым финалчыларга 4 миллион евро берилет. Финалга чыгууга 5 миллион евро, ал эми жеңүүчүгө 3 миллион евро ыйгарылат. Демек, чемпион максималдык түрдө 28,25 миллион евро алат, ал үчүн тайпалык 3 оюнда тең жеңишке жетиши керек.
Ошондой эле...
Финалдык оюн өтө турган Берлиндеги стадионго 71 000 көрүүчү батат
Уюштуруучуларга дүйнө жүзү боюнча 16 000 ыктыярчы жардам берет
Командалар 22 күндүн ичинде 51 оюн өткөрүшөт. Турнир өзү 14-июндан 14-июлга чейин созулат
Жеңүүчүлөр жана экинчи орунду алган команда үчүн жалпы 40 медаль даярдалган
Европа чемпиондугу 17-жолу өтүп жатат
Европа чемпиондугун жеңүү боюнча Германия менен Испания биринчиде турушат (экөө тең 3 жолудан уткан)
Евро-2024 Германиянын 10 шаарында өтүүдө
Лунара Бекиева