Тоюнда Түрк президенти күбө болгон Эсра Билгич

Эсра Билгичтин кинодогу багын ачкан, дүйнө элине тааныткан “Кайра жаралуу: Эртугрул” сериалы болду. Түрктөрдүн бул тарыхый тасмасы 2014-жылы башталып, азыркы күнгө чейин экрандан түшпөй келет. Сериалдын жылдызына айланган Эсра Билгичтин өмүр баянына кененирээк токтололу дедик. Татынакай актрисага кызыксаңыз, бул макала сиз үчүн.

Туулган жери: Түркия, Анкара

Туулган жылы: 1992-жыл, 14-октябрь

Жылдыз белгиси: тараза

Бою: 177 сантиметр

Кесиби: актриса

Тартылган белгилүү сериалдары: “Кайра жаралуу: Эртугрул”, “Рамо”, “Мыйзамсыздыктын жери”, “Бир гана үмүт жетиштүү...”, “Убакыт дарбазасы”

Болор бала богунан...

Эсранын чыгармачылыкка шыгы эрте эле ойгонгон. 8 жашынан театралдык спектаклдерде роль жарата баштаган эле. Анын киного, сахнага кызыгуусуна Голливуд актёру Леонардо Ди Каприонун салымы бар. Айтылуу “Титаник” тасмасынан актёрду көрүп, жактырып, кумир туткан Эсра да сахнада образдарды ийине жеткире ачууга умтула баштаган. Кошумча скрипка жана фортепиано ийримдерине барып, аталган музыкалык аспаптарды жогорку деңгээлде өздөштүрүп алган. Бирок мектептен кийин кесип тандоодо бир топ чайналды...

Бир нече билимдин ээси...

Орто билимден кийин тандоосу археология жаатына токтогон. Бирок кызыгуусу бат эле тарап, эл аралык мамилелер факультетине которулуп кеткен. Андан кийин юридикалык билимге да ээ болгон. Актёрдук чеберчилик боюнча билимди Улуу Британиядагы белгилүү Падышалык драмалык искусство академиясынан алган.

Чү дегенде негизги роль...

Ооба, Эсра Билгич актрисалык карьерасын чү дегенде эле башкы роль менен баштады. Стамбулдагы театралдык курска барган кызга продюсер Мехмет Боздагу кызыгып калып, сериалдан роль сунуштайт. Болгондо да тарыхый жанрдагы “Кайра жаралуу: Эртугрул” сериалындагы Эртугрулдун жубайы, Осмон империясын түптөгөн Осмон Iдин апасы Халиме-султандын ролу болчу. Сериалдын ийгилиги, популярдуулугу менен кошо Эсранын да жылдызы жанган. Актриса долбоордо 2014-2018-жылдар аралыгында, тагыраагы, 4 сезондо тартылган. 4-сезондун акырында анын каарманы каза болот. Халиме-хатундун ролу үчүн 6 ирет “Аялдын мыкты ролу” жана “Жылдын мыкты актрисасы” номинациясында жеңишти илип кеткен.

Көп эмес...

Актрисанын кино куржунунда тартылган тасмалардын саны өтө көп эмес. Анткени узак убакыт бир долбоорго тартылуунун натыйжасы ушундай болот эмеспи. Ошентсе да “Эртугрулдан” кийин дагы бир көзгө көрүнөрлүк ролду белгилүү актёр Мурат Йылдырым менен биргеликте “Рамо” сериалында аткарган. Эсра Билгичти “Мыйзамсыздыктын жери”, “Бир гана үмүт жетиштүү...”, “Ататүрк”, “Сүйүү искусствосу” сериалдарынан да көрүп, талантына баа берсеңиз болот. Учурда актрисанын “Убакыт дарбазасы” аттуу жаңы долбоору экранга чыгып жатат, өнөктөшүнүн ролунда актёр Биркан Сокуллу. Сериал канчалык ийгиликтүү болот, аны убакыт таразалайт.

Модель

Халиме-султандын ролунан кийин Эсра Билгичтин чет элдик күйөрмандары көбөйгөн. Өзгөчө Пакистанда фанаттары көп болгондуктан актриса ал жакта көптөгөн дүйнөлүк бренддер менен жарнамалык негизде иштешип баштаган. Азыр да актрисалыктан сырткары моделдик карьерасында суроо-талапка ээ. Атактуу журнал, порталдардын башкы бетин кооздоп турат.

Активдүүлүктү сүйөт

Эсра кичинесинде эле активдүү болчу дешет жакындары. Анын бул сапаты азыр да бар. Бир карасаң тартуу иштеринен колу бошобой жүрөт, бир аз бошоду дегиче ат мингенди үйрөнгөнү ипподромго жөнөйт. Андан сырткары вокалдан сабак алат, бий ийримине барат, спорт менен машыгат, айтор, жаны тынбайт. Үйдө тынч уктап эс алгандын ордуна жашоосунун ар бир мүнөтүн активдүү жашоо образында өткөргөндү жактырат.

Атагы таш жарган үйлөнүү той

2017-жылы Эсра футболчу Гёкхан Торе менен таанышып калат. Немис жана түрк клубдарында чабуулчулук позицияда ойногон футболчу менен актрисанын мамилеси тез арада өнүгүп, ошол эле жылы үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүшкөн. Эсра жолдошунун фамилиясына толук өтпөй, болгону өзүнүкүнө Торе дегенди кошуп алган – Эсра Билгич Торе аталып. Спорт менен маданият, шоу-бизнестин башын бириктирген атактуулардын тоюна Түркиянын “каймактары” чогулган эле. Негизги конок катары Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган чакырылган. Ажо жубайы менен жаңы баш кошкон жуптарга күбө болуу кызматын аркалашкан. Бирок президенттин тойго катышуусу бактылуу жашоого кепилдик берген жок. 2019-жылы актриса менен футболчу ажырашуу чечимин кабыл алып, байлык талашып-тартышпай, тынч эле эки жолго түшүштү. Анын үстүнө ортолорунда бала жок болчу. Ажырашуунун себеби Гёкхан мырзанын жубайынын көзүнө чөп салуусу болгон.

Актриса менен кыска суроо-жооптордон үзүндүлөр

– Муздаткычыңызда дайыма эмне болот?

– Жашылча-жемиштер, үй шартында жасалган йогурт.

– Жалгыздыкта эмне кылган жагат?

– Жалгыздыкта өзүм менен өзүм өткөргөн убактым, иш-аракетимдин баары жагат.

– Кофе же чай?

– Чай.

– Кийинүү стилиңиз 3 сөз менен...

– Ыңгайлуу, саркеч, жөнөкөй.

– Адамдардагы сиз жаман көргөн сапаттар?

– Текебердик жана эки жүздүүлүк.

– Сулуулук сырыңыз?

– Тазалык жана жөнөкөйлүк. 

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1124, 20-26-июнь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан