Жоламан Шаршенбеков: "Альянс Алтын" бизге унаа белек кылган"

“Альянс Алтын” өлкөнүн социалдык, экономикалык тармагында активдүү каржылык колдоо көрсөтүп, салымын кошуп келет. Ал эми спорт – алтын өндүргөн компания тарабынан колдоого алынган негизги тармак. 25-июнь күнү компаниянын жетекчилери Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жана Дүйнө чемпиондугуна бара турган кыргыз балбандарына каржылык колдоо көрсөттү. Иш-чарага биз да катышып, спортчуларды сыйлоо аземине күбө болуп кайттык.

7 спортчуга 100 миң сомдон көмөк

“Альянс Алтын” компаниясы кыргыз туусун эл аралык аренада желбиреткен спортчуларды дайыма колдоп келет. Бул жолу эң маанилүү Олимпиада оюндарынын алдында ишкана 7 спортчуга 100 миң сомдон акчалай көмөк көрсөттү. Спортчулар менен жолугушуу аземинде компаниянын башкы директорунун укуктук маселелер боюнча орун басары Адилет Акматалиев төмөнкүлөргө токтолду:

– “Талас облусунун балбандары” уюмун түзгөнүбүзгө бүгүн бир жыл болду. Бул аралыкта биздин коомго мүчө болгон бир топ балбандарды атайын акчалай көмөк, автоунаа белек кылып куттуктадык. Бул 3-жолку жолугушуубуз. Бир жыл ичинде Дүйнөлүк, Азия оюндарында ийгилик жаратып, жакшы натыйжа көрсөткөн спортчуларыбыз менен сыймыктанабыз. Биздин уюмга мүчө 5 спортчу Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Олимпиадага даярдануу үчүн балбандарга да чоң каражат талап кылынат. Бүгүн биздин уюмга мүчө болгон 7 спортчуга 100 миң сомдук сертификаттарды тапшырып жатабыз. Биз бир гана таластык балбандарга эмес, башка спортчуларга да каржылык колдоо көрсөтүп келебиз. Алсак, “Альянс Алтын” компаниясы “Талас облусунун балбандары” уюмуна демөөрчүлүк кылып баштаган бир жыл аралыгында өнөктөштөрү менен биргеликте 11 миллион 600 миң сом каражат жумшаган. Андан тышкары колдоо көрсөтүү иретинде Кыргыз Республикасынын Олимпиада комитетине 3 жылдын ичинде 6 миллион сом каражат которгон. Биз үчүн бул чек эмес, кыргыз туусун чет өлкөдө желбиреткен бардык спортчулар өзгөчө көңүл бурууга татыктуу деп ойлойм.

Ири мелдешке аттанып жаткан спортчулар Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Ислам Орозбеков, Раззак Бейшекеевдерге 100 миң сом акчалай сыйлыктан тышкары, спорттук кийимдер да тапшырылды.

Иш-чарага конок катары чакырылган балбандарды жолугушуу аяктагандан кийин кепке тарттык.

Жоламан Шаршенбеков: “Дүйнө чемпиондугуна да спорттук форма, акчалай сыйлык берип узаткан”

– Мен Олимпиадага жолдомону бир жыл мурда Дүйнө чемпиондугунда уткам. Дүйнө чемпиондугуна аттанарда да кийим-формаларды, акчалай сыйлыктарды берип узатышкан. Чемпионаттан келгенде "Альянс Алтын" бизге унаа белек кылган.Ошондой эле биз Раззак Бейшекеев, Ислам Орозбеков, Айпери Медет кызы болуп Таластагы Жер-Үй алтын кенине барып, алтын кандай өндүрүлөт, кызматкерлер кантип иштешет, айтор, баарын көрүп келгенбиз. Өзүм үчүн кичи мекеним тууралуу көп кызыктарды билдим. Олимпиаданын алтынын тагынуу – бул менин кичинемден берки кыялым. Кудайым ошол күндөрдү буюрсун, аз калды.

Мээрим Жуманазарова: “Альянс Алтын” бизди бир жылдан бери колдоп келет”

– “Альянс Алтын” компаниясы бизди бир жылдан бери колдоп келет. Чет өлкөгө мелдештерге барарда дайыма белектерин берип узатышат. Учурдан пайдаланып компанияга ыраазычылык билдирип кетем. Биздин кыялданганыбыз эле Париждеги Олимпиада, бардык спортчуларга ийгилик каалайм!

Үзүр Жусупбеков: “Бизге дайым колдоо көрсөткөн ага-эжелер бар экенине сыймыктанам”

– “Альянс Алтынга” рахмат! Артыңда дайыма ушундай колдоо, көмөк көрсөтүп, мотивация берип турган агаларыбыз, эжелерибиз бар экенине аябай сыймыктанам. Спортчу үчүн мындай көңүл буруу чоң стимул. Аталган компания Таласта көп иштерди жасады. Бизге “Альянс Алтын” компаниясы форма, тамактануу, фармакология маселелери боюнча ишенимдүү өнөктөш болуп келет. Кызматташуубуз мындан ары да үзүлбөсүн!

“Альянс Алтын” өнөктөштөрү менен бирге балбандарга унаа жана акчалай сыйлыктарды тапшырды

2024-жылдын 22-апрелинде "Альянс Алтын" компаниясы өнөктөштөрү  "Аджи Сервис" ЖЧКсы, "Кыргыз Логистик Сервис" ЖЧКсы, "ААЕngeneering" компаниясынын КРдагы өкүлчүлүгү менен биргеликте Жоламан Шаршенбеков менен Айпери Медет кызына компания жетекчиси убадалаган унааларды тапшырды. Шаршенбеков кара түстөгү, ал эми Медет кызы өңү ак Toyota Camry унаасын белекке алды.

Ошондой эле дагы сегиз спортчуга — Мээрим Жуманазарова, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Калидин Асыкеев, Раззак Бейшекеев, Исламбек Орозбеков, Тынар Шаршенбеков менен Атабек Азизбековго 100 миң сомдон акчалай сыйлыктар ыйгарылган.

“АЛЬЯНС АЛТЫН” ӨЛКӨДӨГҮ АЛДЫҢКЫ САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮ КОМПАНИЯ

«Альянс Алтын» май айында КРнын бюджетине рекорддук суммадагы салык төлөдү. 2015-жылдан 2024-жылдын май айына карата «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 18,6 миллиард сом салык төлөгөн. Алардын ичинен үстүбүздөгү жылдын май айында 927,4 миллион сом төлөнүп, бул акыркы үч жыл ичиндеги айларга салыштырмалуу эң чоң салык төлөмү болду. 

Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин компания “Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоого алтынды сатуудан түшкөн накталай каражаттан 2 пайыз” беренеси боюнча
1,3 миллиард сом которгон. 

Алардын ичинен 655,2 миллион сом Талас облусун өнүктүрүү фондуна, 393,1 миллион сом Талас районун өнүктүрүү фондуна жана 262 миллион сом Шумкар-Уя айыл өкмөтүн өнүктүрүү фондуна которулган. 

Андан тышкары 2015-жылы компания түзүлгөнддөн тарта, анын астында “Альянс Алтын” (мурунку Бакубат Талас) өнүктүрүү фонду ачылган. Жыл сайын компания тарабынан аталган фондго 150 миллион сомдон которулуп турат. Каражаттын 60%ы орто жана чакан ишкерликти өнүктүрүү багытында бериле турган насыяларга жумшалса, 40%ы Талас облусундагы социалдык тармак, маданият, илим жана билим, медицина тармагын өнүктүрүүгө жумашалат. 

Эске сала кетсек “Альянс Алтын” компаниясы 2022-жылы өлкөдөгү ири салык төлөөчүлөрдүн ичинен 2-орунга чыккан. Жалпы Жер-Үй кенинде 1400гө жакын кызматкерлер эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү жергиликтүү тургундардан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1125, 27-июнь-3-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан