Бүтүрүүчүнүн билим сапатын ЖРТ менен баалоо туурабы?

2024-жылкы жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы чыгып, алтын сертификат алган 56 окуучунун 34ү Бишкек шаарындагы мектептерде окугандар деп жарыяланды. Бул статистика "аймактарда билим берүүнүн сапаты начар" деген маселеге карата талкууну кайрадан күн тартибине чыгарды. Билим берүү боюнча мамлекеттик жана жеке мектептердин ортосундагы айырманы жоюуга мүмкүнбү? ЖРТ мектеп окуучуларынын билимин адилеттүү баалап жатабы? Макалада ушул жана башка суроолор менен адистердин пикирин сурадык.

 Абдывахап Нурбаев, экс-депутат: “ЖРТ – окууга тапшыруудагы коррупцияны жойду”

– Жалпы республикалык тестирлөө – бул биз эгемендик алгандан берки билим тармагында жасалган эң мыкты реформа. Союз убагында университетке 90 пайызы тааныш-билиш, акча менен өтүшкөн. Окууга тапшыруу чоң коррупцияга айланып калган эле. Ата-энелер айылдагы уй, кой, эчкисин сатып келип тааныш таап, ага пара берип, анан баласын окууга киргизчү. ЖРТ ошол коррупцияны жойду, азыр эч кимге акча бербей эле, тесттен алган упайың менен университетке тапшырасың. ЖРТ менен мектептердеги окутуу деңгээлинин көрсөткүчүн билсе болот. Окуу китептери боюнча айтсам, биз дагы эле союз убагындагы аткаруучуну даярдаган программада окутабыз. Союз учурунда “сен ойлонбой эле кой, айтканды аткарып жүрө бер, сен үчүн өкмөт менен партия ойлонот” деген принциптеги китептер менен окутушкан. Биздин министрлик дагы деле китептерди жаңылай албай жүрбөйбү. Мына, жакында 1998-жылы чыккан алиппени кайра чыгарып жатышат. Бул туура эмес, азыр заман өзгөрдү да. Ал эми ЖРТда эркин ойлонгон, эркин пикирин айта алган, эркин изилденген балага даярдалган суроолор.“Сапат” лицейлери көп балдардын шыгын ачты, көрө албастык кылбай, тескерисинче, мамлекеттик мектептер алардын окутуу системин колдонушсун. Мына, кэмбридж системин киргизип англисче окутуп жатышат, айылдагы эле жөнөкөй балдар дүйнөдөгү ири компанияларда иштеп жүрүшөт. Бирок биздин мамлекеттик мектептер Борбор Азия боюнча билим берүүнүн сапаты жагынан эң артта калганбыз. Эң башкысы – окутуу системин өзгөртүш керек, балага сүйүү, мээрим берип окутканды үйрөтөлү.

Гапыр Мадаминов, мугалим: “Билим сапатын жакшыртууга ата-эне да катышыш керек”

– ЖРТнын кыргыз эли үчүн орду толгус. Биздин Лейлек районундагы №3 мектеп лабораториясынан 180-190 упай алып, Медициналык академияга бюджеттик орунга өткөндөр бар. 150дөй окуучубуз Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бюджеттик бөлүмүндө окуп жатышат. ЖРТ болбосо чек арага жакын, биздей борбордон алыс аймактардагы окуучуларга мындай шарт түзүлмөк эмес. Ошол үчүн шүгүр дешибиз керек. ЖРТ, алтын сертификат менен окуучуларды атаандаштыруу эч кандай психологиялык сокку болбойт. Демек, бала жакшы окусун, билим алсын. Турмуштун өзү жарыш, базар экономикасында сөзсүз атаандаштык болот. Айрымдар “отличниктер деле ЖРТдан төмөн упай алып жатышат” деп жатышпайбы? Демек, ал жасалма, формалдуу "отличник". Мен 50 жылдан бери  агартуу тармагында иштейм, 20 жылдан бери окуучуларды ЖРТга даярдап, китебин жазып жүрөм. Көптөр “ЖРТнын суроолору мектеп программасына дал келбейт” дешет, 99 пайыз дал келет. Ошол эле төл сөз, бөтөн сөз, синтаксис, фразеологизм, пунктуация мектеп программасында бар. Бардык жаңы нерсени түшүнбөгөн адам көп болот да. Ошол үчүн бир нерсени сындоодо кылдат мамиле кылсак. Окутуучулардын билим сапатын көтөрүү зарылдыгы бар, ата-энелер да баланын билим алуусуна активдүү катышуусу керек.

Кеңешбек Сайназаров, билим берүү тармагында эксперт: “Окуучулардын билимин ЖРТ менен баалоо туура чечим”

– ЖРТ – ушул окуучу жогорку окуу жайга өтсө болот деген эле тастыктама. Мен окуучунун билимин ЖРТ менен баалоо туура эле чечим деп эсептейм. Бирок аз упай алып калгандар кабатыр болбошу керек, окууга өтүү үчүн башка жолдор деле толтура. Бир байкаганым, биз мектептен алган билимдин сапатын ЖРТ менен өлчөп жатпайбызбы, менимче, университетти бүткөндө да студенттердин билим сапатын баалоочу ушундай “рычаг” керек деп ойлойм. Жеке менчик мектептер менен мамлекеттик мектептердин атаандаштыгы боюнча, бизде мамлекеттик мектептер окуу китептерин, мугалимдерди квалификациялоо боюнча иштерди жүргүзүшү керек. Жеке мектептер бул боюнча бир топ алдыда. “Көч бара-бара түзөлөт” дешет эмеспи, бизде азыр жылыш бар, бирок жакшы натыйжага жетиш үчүн дагы убакыт керек.

Сейтек Качкынбай, агартуучу: “Көйгөй ЖРТда эмес, билим берүү системинде”

– Дүйнөлүк тажырыйбаны алсак, мисалы, Японияда 3-класска чейин сынак тапшыруу, баа коюу системи жок. 4-класстан тарта баа коюп башташат. Биз да балдар бактылуу болуп, комплекси жок, эркин чоңойсун десек ушул системди колдонсок болот. Ал эми бүтүрүүчүлөрдүн билим сапатын аныктоодо ЖРТдан жакшы ыкма жок азыр, ЖРТ болбосо ким баалайт билимди, мурункудай университеттин комиссиясыбы, мугалимдерби же министр өзүбү? Анда накта мурунку тас кейпибизди кийип коррупцияга батабыз. Андыктан көйгөй ЖРТда эмес, билим берүү системинде. Көбү “ЖРТда мектепте өтүлбөгөн суроолор келүүдө” деп нааразы болууда. Мектептер мурункудай “Алыкул Осмонов баланчанчы жылы төрөлгөн, баланча ыры бар” деген жаттама, маанисиз окутуусун токтотушу керек. Баланын ойлонуу жөндөмүн өөрчүтө турган, логикага басым жасаган кошумча сабактарды киргизүү зарыл.

Дүйшөн Шаматов, профессор: "бИЛИМДИН САПАТЫН АР ТАРАПТАН ТЕКШЕРҮҮ ЗАРЫЛ"

– Алтын сертификат, тесттеги жогорку упай бүтүрүүчүнүн билимин аныктоодо жалгыз индикатор болуп калбаш керек. Билимдин сапатын ар тараптан тешерүү зарыл. ЖРТны жүргүзгөн борбор өзү деле "бул тестирлөө билим берүүнүн сапатын аныктабайт" деп билдирип келет. Андан көрө жалпы билим берүүнүн сапатын кароо көйгөйүн чечүү маселеси курч турат. Тест адамдык сапатты, адамгерчиликти, эмпатияны текшербейт. Ошондуктан жалгыз тест менен эле жыйынтык чыгарып, тестке эле байланып калуу туура эмес. Эгер тест, олимпиадалар менен эле билимдин сапатын текшере беребиз десек, анда чектелген болуп калабыз. Мамлекеттик мектептердин артта калуу көйгөйүн комплекстүү карасак туура болот. “Сапат” лицейлерин эмнеге мактап жатышат? Ал жакта тандалма мугалимдер иштешет, колдоосу жакшы, иштөө шарттары сонун. Мамлекеттик мектептерде андай ресурстар жок. Бизде мугалимдерди даярдаган окуу жайлар союз мезгилинен бери реформа боло элек. Ал жак каралбай жатат. Негизи эле бир ишти баштап, аягына чыкпаган чийки реформалар көп болууда. Биз мамлекеттик мектептерде билимдин сапатын көтөрөбүз десек, системдүү реформалардан башташыбыз керек.

Күлийпа Оторбай (каармандын өтүнүчү менен аты-жөнү өзгөртүлдү), мугалим: “Начар окуган балага бир нерсе үйрөтүү “рингде” мушташууга тете”

– Мен жөнөкөй мектепте да, анан “Сапаттын” лицейинде да иштедим. Мамлекеттик мектепте үстү-үстүнө тапшырма берип, өтүлгөн сабакты баладан сыгып сурасаң, эртеси ата-энеси келип “эмне, окумуштуу кыласыңбы? Сабагыңарды балдарга жеңилдетип өткүлө” дейт. Балдар мугалимдер менен айтышат, укпайт. Ал эми “Сапатта” тартип, талап такыр башка, бейбаш, тентек окуучу менен келишимди токтотуп, окуудан чыгарып салышат. Берилген тапшырманы сыгып сурайбыз. Мамлекеттик мектептердеги билим берүү системи азыркы муунга туура келбейт. Баягы эле бор, доска, какшаган мугалим. Ал айткан маалыматты интернеттен каалаган убактыңда окуп алсаң болот. Билимдин рейтингин олимпиада, ЖРТнын жыйынтыгы менен баалоо туура эмес. Бул жалпы көзөмөл менен караганда билинет. “Сапат” лицейлерине таң калып кереги жок, анткени алар начар окуган балдар менен иштешпейт. 6-класстан тарта мыкты окуучуларды тандап алышат, мисалы, машыктыруучулар 1-2 шыктуу спортчу менен иштешет го, ошол сыяктуу көрүнүш да. Ал эми логикасы жай, начар окуган балдар менен иштешүү, бир нерсе үйрөтүү “рингде” мушташкан менен барабар. Министрлик билим берүүнү баалоонун башкача стратегиялык формасын иштеп чыкса дейт элем.

Лунара Бекиева       

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1125, 27-июнь-3-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан