БАЛАНЫН МАЙДА, БИРОК МААНИЛҮҮ “ИШТЕРИ”    

1,2,3 жаш жана андан ары... Бала улам өз алдынчалыкка үйрөнүп, акырында сепарация процессинен өтөт. Мисалы, сүйлөө, эмчектен чыгуу, “горшокко” отуруу, кыскасы, баланын жашоосундагы ар бир этап маанилүү. Башкысы – бул этаптардан бала травма албай өтүшү керек. Кантип анын алдын алыш керек? Врач-педиатр Анара Сагынбекова ушул жаатта кеңеш берет. 

Стресске кабылтпай эмчектен чыгаруу

– Баланы 2 жашка чейин эмизүү талапка ылайык. Андан кийин эненин сүтүндөгү витаминдер азайып баштайт, бала өз алдынча болушу үчүн эмизүүнү токтотуу керек болот. Баланы эмчектен чыгарууда буларды эске алыңыз. 

• Бала кошумча тамакты жакшы жеп, эмчектин сүтү суусундук гана болуп калган учурга жетиш керек.

• Күнүмдүк рационунда мөмөлөр, жер жемиштер, белоктор, углеводдор ченеми менен болушу кажет.

• Жай саратанда эмчектен чыгарган болбойт.

• Күч менен эмес, баланы психикалык жактан даярдап, акырындык менен ишке ашырыңыз. Баланы эмчектен чыгарууга эне өзү дагы даяр болушу шарт. Болбосо эненин эки анжы ойдо турганын бала сезет, ыйлактап кайра-кайра эмчек сурай берет. Күндүз бала ойнойт, уктайт, тамак ичет, айтор, алектене турган көп нерсеси бар. Эмчекти көп эстебейт. Ошондуктан адегенде күндүзгү эмизүүнү токтотуш керек. Андан кийин эмизип уктатканды токтотуп, таптап уктатканга көндүрүү зарыл. Акырындан сүт азайып баштайт, ошондо түнкүсүн да эмизбей, эмчектен толук чыгаруу шарт. Эмчектен дароо чыгарып салса, бала кыйналып, ооруп калышы мүмкүн.

• Мурунку ыкмалар эскиргенин эскерте кетели. Эмчекке “зелёнка” сүртүп коркутуу, чоң ата, чоң энесине 2-3 күнгө таштап салуу азыр актуалдуу эмес. Мындай ыкмадан бала травма алат. Эмчектен ажыраганы аз келгенсип, көнгөн апасы жок бала стресс абалда калат.

• Эмчектен чыгып жаткан учурда балага  эмчекти көрсөтпөө керек, жакасы жабык кийим кийген жакшы. Баланын жанында чечинип ага провокация кылбоо кажет. Көбүрөөк убакыт бөлүп, кучактап, өөп,  чогуу ойноп, сейилдөөгө чыгарып мурункудан да жакын экенин балага сездирүү жакшы натыйжа берет. Ошондо бала үчүн эмчектен чыгуу этабы  травмасыз аяктайт.

“Таанышып ал, бул сенин “горшогуң”

– Учурдун актуалдуу көйгөйү – балдардын өз алдынча “дааратканага” барышынын кечеңдеши. Анткени такма жалаяк колдонуудан улам балада “бул процессти өз алдымча аткарышым керек” деген ой болбойт. Такма жалаяк энелер үчүн ыңгайлуу болгону менен, баланын табигый өсүүсүн кечеңдетүүдө. Учурда төрт жашка чыгып калса да “горшокко” отура элек балдар бар. Эмнеге? Такма жалаякка көнгөн бала жалкоо боло баштайт. Баланын “горшокко” отура турган убактысы келгенин кантип билүү керек?

• Бала “Көзүң кана? Чачыңды көрсөтчү?” деген суроолорго жооп кылып, жаңсап көрсөтүп калса, демек, “горшокко” отуруу убагы келди.

• Такма жалаягы 1-2 саат кургак жүрө баштаса. Бала чоңойгон сайын тез-тез заара кылбай, режимге түшүп баштайт.

• Бала шымын өзү чечип, кайра кийгенге аракет кылып калган курагы болушу керек.

Эскертүү! Ар бир баладагы жөндөм индивидуалдуу, андыктан жаш куракка бекем таянуу маанилүү эмес. 1 жашар бала түшүнгөн нерсени кээде эки жашар бала түшүнбөшү мүмкүн.

Кантип көндүрүү керек?

• Такма жалаяк менен коштошуу үчүн жылуу мезгилди күткөн жакшы. Бала канча убакта бир шымына сие турганын байкаңыз. Бала суу болгон шым ыңгайсыз болорун сезет, белги берет же чеч деп айтканга аракет кылат.

• Балага “горшокко” отуруу керек экенин түшүндүрүү керек. Мисалы, куурчак же оюнчук мамалакты отургузуп ичине суу куюп көрсөтсөңүз болот. Үйдө андан чоңураак бала болсо, анын мисалында да үйрөтүүгө мүмкүн.

• Уктап турганда же суусундук ичкенде “горшокко” отурганды сунуштаңыз. “Горшокту” бала көрө турган, колу жете турган жерге коюңуз.

• Баланы “горшокко” үйрөтүү сабырды талап кылат. Эч качан баланын күч менен, ыйлатып отургузбаңыз, “ишиңди кылып бүтмөйүнчө турбайсың” деп жазалабаңыз. Анда ого бетер көнүшү кечеңдейт. Тез эле үйрөнө кала турган процесс болбогондуктан, бир топ убакытты коротконго даяр болуңуз. Тажап кетип “болбойт экен” деп кайра такма жалаякка өтүп албаңыз.

Тилдин чыгуусу үчүн эмне кылуу керек?

– Азыркы жашоону телефонсуз элестетүү кыйын болуп калды. Элестетсеңиз, эми тили чыгайын деп жаткан бала айланасын караса, үйдөгүлөрдүн баары телефон чукулап отурушат. Ал сүйлөө зарылдыгы бар экенин кантип билет? Мурун балдар 2 жашында сүйлөп калса, азыр айрымдардын 4 жашка чейин тили чыкпай жатат. Бул – азыркы замандын оорусу. Баланы тилинин эрте чыгышына ал төрөлгөндөн тартып кам көрүү керек. Ата-эне бала менен ымыркай кезинен эле сүйлөшүүсү керек. Жөн эле эмес, эмоция менен баарлашуу зарыл. Бала 1 жарым жашында он чакты кыска сөздү билип калышы зарыл. Мисалы, “ата, апа, нана, бер, мяу, кет” деген сыяктуу  сөздөрдү кайталап айта берүү керек. Баланын тили эрте чыгышы үчүн буларды кылыңыз.

• 6-7 айынан баштап сүрөттүү китептерди сатып берип, көрсөтүңүз.  Мисалы, “бул топ, бул кыз, бул ат” деп айтып берүү керек. Предметтер кандай аталарын билгенден кийин гана бала ошонун атын айтып сурай баштайт.

• Тон, сүйлөө дикциясы, апасынын жини келип жатабы, кубанып жатабы, мунун баарын бала аңдап турат. Ошондуктан болушунча кооз, эмоция менен, түшүндүрүп сүйлөө керек. Азыр эмне кылып жатканыңызды, дагы эмне кыларыңызды айтып бере бериңиз. Мисалы, “азыр кийимиңди киели, анан сейилдеп келебиз. Күндү көрдүңбү? Бүгүн жылуу ээ?” деген сыяктуу.

• Китеп окуп бериңиз. Үн кубултуп, карышкырдын, түлкүнүн үнү менен сүйлөсөңүз, бала кызыгып баштайт. Чоң адамдай эле “аны алып келчи, мага жардам берчи” деген сыяктуу иштерди айта бериңиз.

• Тили чыга электе телефон бербеңиз! Телевизорду бир сааттан ашык көрсөтпөө керек. Эгерде баланын тили эрте чыгышын кааласаңыз, аны менен көбүрөөк убакыт өткөрүп, ойноп, сүйлөшүңүз.

• Эгерде сүйлөөсү кечигип жатса сөзсүз түрдө логопед, невропатолог сыяктуу адистерге алып барыңыз.

 Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1125, 27-июнь-3-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан