Адам өмүрүнө кескин коркунуч жаратуучу дарттардын бири – күрөө тамырдын аневризмасы. Анын жаралуу себептери, дарылоо жолдору тууралуу Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургиясынын жетекчиси Талайбек Байсакеев айтып берет.
Күрөө тамыр чоюлуп, ичкерген жеринен жарылат
Адамда организмди кан менен жабдый турган артериялык, веналык жана капиллярдык кан тамырлар бар. Эң чоң артериалдык кан тамыр “аорта” (күрөө тамыр) деп аталат. Аорта аркылуу жүрөктөн чыккан кан башка органдардын баарына тарайт. Медицинада артериялык кан тамырдын кайсы бир бөлүгүнүн диаметринин кеңейип, жооноюп, керилип кетип, ал жерге кандын толуп калышы “аневризма” делинет. Дарт незинен мээдеги артерияда, андан тышкары аортанын ар кайсы бөлүктөрүндө кездешет. Башка артерияларда сейрек кездешет.
Аневризманын кан толгон жери көрүнүшүнө жараша төмөнкүчө бөлүнөт:
• Мүшөкчө сымал
• Ийик сымал
• Жарым ийик сымал
• Буралган
• Цилиндр көрүнүштө
• Катмарлуу жана башка
Аневризма чоңоюп, чоюла берген сайын кан тамырдын керегеси да жукарып отурат. Каалаган күнү ошол жукарган жерине күч келгенде жарылып, кан агуу башталат. Жарылганда дароо медициналык жардам көрсөтүлбөсө, адам мерт болуп калышы толук ыктымал. Кан тамыр чоңойгон сайын айланасындагы клеткаларды кысып, алардын иштөөсүн да бузат.
Баш мээдеги аневризма боюнча мурун маалымат берилген. Андыктан аортада кездешчү аневризма боюнча сөздү улантабыз.
Дартты уюган кан, атеросклероз да жаратат
Чоң кишилерде калыптагы аортанын диаметри 1,5-3,2 сантиметр, башка артериялардын диаметри 0,5-10 миллиметр тегерегинде болот. Дартта диаметрлери 2-10 эсеге чейин чоңоюп кетет. Ошого жараша мындайча ажыратылат:
• Кичине аневризма – диаметринин 3-5 сантиметрге чейин кеңейиши
• Орточо – 5-7 сантиметрге
• Чоң – 7-8 сантиметрге
• Гигант – 8-10 сантиметрге чейин кеңейиши.
Оорунун тубаса жана кийин пайда болгон түрлөрү бар. Тубаса түрү түйүлдүк кезде аортанын патологиясынан, башкача айтканда, туура эмес түзүлүшүнөн, тукум куучулуктан, кан тамырга серпилгичтик берип турчу эластин затынын жетишсиздигинен жаралат.
Кийин пайда болгон түрүн артериянын (аортанын) инфекция, жаракаттан же уюган кандан, атеросклероздон улам сезгениши, айрым оорулардын терс таасири пайда кылат. Артериянын ичкерип кеткен жерине стенттин коюлушунан жана башкалардан да келип чыгуусу мүмкүн.
Кийин пайда болгон аневризма каалаган артерияда жолугушу мүмкүн. Бирок көбүнчө төмөнкү формалары кездешет:
• Аортанын көкүрөк бөлүгүндө
• Аортанын курсак бөлүгүндө
• Аортанын жамбаш туштан эки бутка ажыраган бөлүгүндө
Кол-буттагы жана ийиндеги артерияда, моюндагы уйку артерияда аневризма өтө аз жолугат.
Жайгашкан жерине карата түрлөрү
1. Аортанын көкүрөк бөлүгүндөгү аневризмасы
Аортанын көкүрөк жана курсак көңдөйүн бөлүп турган булчуңдун үстү жагындагы бөлүгүнүн аневризмасын атеросклероз, узак жылдарга созулган гипертония дарты, рак, уюган кан, остеомиелит, дислипидемия (кандын курамында липиддердин өлчөмүнүн көптүгү), тамеки чегүү, аортит (кан тамырдын инфекция жана аллергиядан улам сезгениши) жаратат. Аортит айрыкча сифилис, сепсис, кургак учук, кызыл жүгүрүк оорулары менен ооругандарда кездешет. Тутумдаштыргыч ткандардын оорулары болгон Марфан жана Элерс-Данлос синдромдору айрымдарда аортанын керегелеринин катмарланып жукарып кетүүсүнө жеткирет.
Оорунун белгилерине көкүрөктөгү кескин оорутуу, оорутуунун далы ийинге чейин берилиши, жүрөктүн бат-баттан кагышы, жөтөл, аба жетпей демигүү, үндүн кырылдашы, моюн жана беттин шишиши, шок абалга түшүү кирет.
2. Аортанын курсак бөлүгүндөгү аневризмасы
Бул улгайгандан улам аортанын серпилгичтигинин төмөндөшү, кан тамырдын жаракатка учурашы, гипертония, тукум куучулук, оорулардын жана башкалардын терс таасирлеринен келип чыгат. Аортанын жарылышынан курсак көңдөйгө кан толот, катуу оорутуу күтүлөт, адам эсин жоготот. Аорта жарылганда кеңейип кеткен жердеги тромбдун кан менен барып кайсы бир органга такалып, кандын жолун бүтөп калуусу менен коркунучтуу. Кан жетпей баштаган органдын иштөөсү бузулат жана ткандары акырындап өлө баштайт. Мисалы, кол же буттагы артерияны бүтөп калса, кол же бут иштебей баштайт. Тезинен ооруканага алып барылбаса, адам колунан же бутунан айрылып калуусу ыктымал.
3. Аортанын жамбаштан экиге бөлүнгөн бөлүгүндөгү аневризмасы
Мунун себептери деле атеросклероз, гипертония, жаракат, ашказан же ичегиден кан агуу жана башкалар болушу мүмкүн. Оору белгилерине кан басымдын түшүшү, жүрөктүн жай согуп калышы, кан кусуу, курсактагы оорутуу, оорутуунун жука чурай, белге чейин берилиши жана булчуңдардын алсыз тартышы, буттун ысык-суукту сезбей башташы кирет.
Консервативдүү жана операция ыкмасы менен дарылоо
Аортанын кайсы бөлүгүнүн аневризмасы болбосун диагноз үчүн магниттик-резонанстык ангиография, эхокардиограмма, рентген, трансторакалдык эхокардиография, УЗИ жана башкалар керектелет.
Дартты кан тамыр хирургдары дарылайт. Дарылоонун бир канча ыкмалары бар. Аневризманын өлчөмү 4-5 сантиметрге чейинкилерин консервативдүү дарылап, врачтар байкоого алып турат. Бейтап ар 6 ай сайын УЗИге түшүп турат.
Өлчөмү 5 сантиметрден ашса, операция талап кылынат. Анткени жарылып кетүү коркунучу жогору. Негизи дарттын өлчөмү 1 жылда 1 сантиметрге чоңоюп жаткан болсо, анда дароо эле операция жасатуу сунушталат.
Эгер операция жасатуу керек болуп, бирок жасатпай калганда эмне болот? Аневризмага инфаркт же инсульт, бут же колдон айрылып калуу, ичегилердин ишемиясы, бөйрөк жана башка органдардын иштебей калышы кошулат. Операция үчүн оорунун түрүнө жараша ыкмалардын бири тандалып алынат.
Мисалы, аларга стент-граф (торчолуу каркас), жарылган жерге жасалма кан тамырды коюп, жамоо сыяктуулар кирет. Ооруканадан чыккандан кийин врач жазып берген дарыларды ичүү, убак-убагы менен врачка барып текшерилүү керектелет.
Эскертип кетчү нерсе, оорунун алдын алуу үчүн кан тамырларды 1 жылда бир УЗИден өткөртүп туруу кажет. Андан тышкары рентген же компьютердик томографиядан аневризма бар экени байкалса, дароо врачка кайрылып, анын жарылышына жеткирбей дарылануу зарыл.
Канымжан Усупбекова