Кой
(21.03–20.04)
Жетекчилик менен сүйлөшүүдө белгилүү бир натыйжага жетип, кызматтан жогорулап же айлык акыңыз көтөрүлүшү мүмкүн. Документ иштерин бүтүрүүдө жеңилдиктер болот. Кесиптештериңиз менен түшүнбөстүктөр болсо, баарын ачык диалог, сүйлөшүү жолу менен бүтүрүп алыңыз. Абдан ишенчээк болсоңуз, көп ката кетирип аласыз. Алдамчылык, каржылык жоготуулардын ыктымалдыгы жогору. Агрессиясыз, чыр-чатаксыз өз позицияңызды коргоого мүмкүн болбойт.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Милдеттенмелер бузулуп, чыр-чатактар узакка созулган соттук процесстерге жетиши мүмкүн. Күмөн ойлор жаралса дароо токтотконго аракет кылыңыз. Жаңы таанышуулар, кездешүүлөр үчүн жагымдуу мезгил. Кайсы бир адамдан таасирленип, суктанып, ал сезимдериңиз бара-бара сүйүүгө айланат. Ал адамдын жылуу мамилесине, камкордугуна жипсиз байланасыз. Ушул аптада жашооңузда пайда болгон адамдар көпкө сиздин жаныңызда болушат.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Капиталдык салымдарды жана ири сатып алууларды жасоонун кереги жок. Материалдык маселелерди чечүүдө жакын адамдарыңыз менен түшүнбөстүктөр жаралат. Аптада сөзүңүз менен ишиңиз дал келиши шарт. Адамдарды ынандыруу жөндөмүңүз, жалындуу сөздөрүңүз башкаларды өзүнө тартат. Жаңы идеялар жана долбоорлор колдоого алынат. Сизге ишенген адамдардын үмүтүн актоо үчүн талыкпай эмгектенүүгө туура келет.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Кайсы бир маселеде экинчи тарап менен келишүүдө бут тосуулар болот. Өзүңүздү сабырдуу кармаганга аракет кылыңыз. Шашылыш чечим чыгарганга туура келиши мүмкүн, эгер абал сизден ылдамдыкты талап кылып жатса, чечкиндүү болуңуз. Айымдар үчүн таарынычтарды жана эмоцияларды ооздуктоо кыйын болот. Жылдыздар сизге чыр-чатактарга, интригаларга аралашпоону сунушташат, бирок каалооңуздан тыш аралашып калышыңыз ыктымал.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Кыймылсыз мүлккө байланышкан бардык маселелерди, сатуу, сатып алуу, оңдоп-түзөө, эмеректерге буюртма берүү, ири сатып алууларды жасоо сыяктуу иштерди чечип алсаңыз болот. Жакын адамдар менен болгон мамиледе майда-чүйдө нерселерден кынтык издебеңиз. Баары сизге каршы болуп жаткандай сезилсе да, багынбаганга аракет кылыңыз. Убактылуу, эч кандай милдеттенмеси жок романтикалык мамилелерин куруу үчүн ыңгайлуу.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Көптөн бери сактап жүргөн купуя сырларыңыз ачыкталат. Мындан улам кандайдыр бир жеңилдикти сезесиз. Бардык кыйынчылыктар менен жеткен ийгиликтердин жемиши таттуу болорун унутпаңыз. Эгер азыр баары татаал, түйшүктүү сезилип жатса, кол куушуруп отуруп калбай аракет кыла бериңиз. Сүйүүдө куру иллюзиялардын курмандыгы болбоңуз, реалдуулук такыр башка, сүйүктүүңүз кандай болсо ошондой кабыл алууга убакыт келди. Аны өзгөртүү аракетиңизден майнап чыкпайт.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Чыр-чатактын себептерин түшүнбөй туруп кайсы бир тараптын позициясын кармануудан оолак болуңуз. Үй-бүлөлүк салттарды, адаттарды сактоого аракет кылышыңыз керек, ашыкча эркиндикке умтулганыңызды айрымдар жеңил ойлуулук катары кабыл алышы мүмкүн. Тараза айымдар спорт менен машыгып, сулуулук салондоруна барып өң-келбетине кам көргөнү туура. Өзүңүздүн келбетиңизге канаттануу сезими сизге болуп көрбөгөндөй аялдык энергия тартуулайт.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Жумушуңузду алмаштыруу, жаңы киреше булактарын издөө чечимдерин чыгарасыз. Келечекте сизге жардам берип, жол көрсөтө турган адамдар менен таанышасыз. Саякатка чыгуу, иш-чараларга чакыруулар болсо баш тартпаңыз. Каталарыңызды моюндап, башкалар менен тил табышууга ылайыктуу мезгил. Чаян айымдар кызыкчылык кагылышына тушугушу мүмкүн. Эгер түгөйүңүз менен ушул жаатта талашып-тартышып жүрсөңүз, чечимди мезгил таразасына коюңуз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жумуштан тыныгуу алып эс алууга, көңүл ачууга өзүңүзгө уруксат бериңиз. Эс алуу сизге кайсы бир көйгөйлөрүңүздү сырттан кароого, чечүү жолдорун табууга жардам берет. Каржыңызды туура башкарыңыз, керексиз чыгымдар сизди каржылык кризиске кептеши мүмкүн. Азыр сизге туруктуу каржы булагы зарыл болуп турган учур, андыктан кандай иш баштабаңыз, анын келечектүүлүгүн караңыз. Сүйүүдө “сүйбөгөнгө сүйкөнбө” деген пирнципти кармануу зарыл.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Көпкө чейин кийинкиге жылдырып келе жаткан маселеңизди ушул аптада чечип алсаңыз болот. Жетекчиликке көп нерсеге жөндөмдүү экениңизди көрсөтүүгө убакыт келди. Кошумча иштерди алып, аны өз убагында бүтүрүп, натыйжаларды көрсөтүңүз, ошондо жамаат ичинде сизге ишеним артат. Айтор, мыктылыгыңызды башкаларга далилдөөгө ыңгайлуу мезгил. Тажрыйба ката кетирүүлөрдүн артынан келет, андыктан балаңызга жаңылууга уруксат бериңиз.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Ишкердик баштоо үчүн жакшы мезгил эмес. Документ иштерине кылдат мамиле кылыңыз, кичине эле катачылык үчүн көп убаракерчилик тартып каласыз. Алган билимиңиз карьераңызды түптөөдө жакшы жардам берип ийгиликке жетесиз. Жаңы таанышуулар абдан пайдалуу болуп, түзүлгөн келишимдер жакшы киреше алып келет. Сүйүүдө түгөйүңүздүн ар бир кадамын көзөмөлдөө, баскан-турганына кийлигишүү сыяктуу адаттарыңыздан арылышыңыз керек.
Балык
(20.02–20.03)
Келечекте жасай турган ишиңиздин баарын эч кимге айтпай жасай бериңиз, купуялуулук – бул ийгиликтин жартысы. Сезимталдыгыңызды пайдаланып айрым көрө албастар талуу жериңизди айтып, келекелеп, шылдың кылышы мүмкүн. Эч кандай чыр-чатакка барбаңыз. Турак жай куруу үчүн жер тилкесин сатып аласыз. Курулуш иштерине баштан-аяк өзүңүз катышканыңыз туура. Бойдоктордо виртуалдык таанышуудан кийинки реалдуу жолугушуу ойдогудай болбой калышы мүмкүн.