Спорт жаңылыктары

Валерий Кичин Өзбекстандын "Локомотив" клубуна өттү

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын коргоочусу жана капитаны Валерий Кичин өткөн аптада Орусиянын "Енисей" футболдук клубунан кетип, Өзбекстандын "Локомтив" футболдук клубу менен келишим түздү. Коргоочу "Енисей" футболдук клубунун курамында 8 сезон ичинде 201 оюнга чыгып, 24 гол киргизген. Ал эми "Локомотив" 2023-жылы Өзбекстандын Про-лигасында 15 жолу жеңишке жетип, үч ирет тең чыгып, экөөнөн жеңилүү ызасын тартып, чемпион болгон.

32 жаштагы борбордук коргоочу Валерий Кичин улуттук курамада 47 беттеш өткөрүп, беш жолу гол киргизген.

"Азия балдары" оюндарында кыргызстандык спортчулар канча медаль тагынды?

Якутскта өткөн "Азия балдары-VIII" эл аралык спорт оюндары соңуна чыкты. Кыргызстандын спортчулары ар кайсы спорт түрү боюнча жалпы 33 медаль тагынып, 11-орунду ээлешти. Анын ичинен 6 алтын, 12 күмүш жана 15 коло байге топтолгон. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жарыяланды. 3 алтынды балбандар, 2 алтын мушкерлер жана бир алтын медалды масс-рестлингден утушту.

Турнир 26-июндан 7-июлга чейинки аралыкта өтүп, 24 спорттун түрү боюнча беттештер уюштурулду. Жалпы 239 комплект медаль ойнотулган.

Командалык эсепте алдынкы үчтүктү Өзбекстан (жалпы 88 медаль: 36 алтын, 31 күмүш, 21 коло), Орусиянын Сибирь федералдык округу (жалпы 94: 31 алтын, 31 күмүш, 32 коло) жана Беларусь (жалпы 78: 27 алтын, 21 күмүш, 30 коло) ээледи.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1127, 11-17-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан