Жейден Смит: “Атам – көпчүлүк үлгү алчу адам”

Канчалык таланттуу болбосун, аны дайыма атактуу атасына салыштырышат. “Ата-эненин атактуу, бай болгонунун кемчилиги ушунда. Балдары канчалык аракет кылбасын, алардын эмгегин, ийгилигин ата-энесинин атына байлап коюшат”,- дейт Жейден Смит. Көпчүлүк сүйгөн Голливуд актёру Уилл Смиттин уулу, ар тараптуу талант Жейден макалабыздын башкы каарманы.

Толук аты-жөнү: Жейден Кристофер Сайер Смит

Туулган жери: АКШ, Малибу

Туулган жылы: 1998-жыл, 8-июль

Жылдыз белгиси: бөйөн

Бою: 174 сантиметр

Инстаграмдагы катталуучуларынын саны: 29,5 миллион

Кесиби: актёр, рэпер, бийчи, сүрөтчү

Тартылган белгилүү тасмалары: “Каратэ -өспүрүм”, “Бактылуулукка умтулуу”, “Биздин замандан кийин”, “Жер токтогон күн”, “Бир жылдык жашоо” жана башка

Алма сабагынан алыстаган жок

“Кара кийимчен адамдар”, “Мен – легенда” жана башка көптөгөн тасмалардын жылдызы, актёр, режиссёр, ырчы, музыкант, продюсер Уилл Смитти ким билбейт.Анын жубайы да актриса, ырчы, продюсер, ишкер Жада Пинкет-Смит (учурда чогуу жашашпайт). Эки чыгармачыл адамдын чакан мамлекетинин мүчөлөрү эки уул, бир кыз да чыгармачылык жолду тандашкан. Жубайлардын ортончу баласы Жейден Смиттин камера алдындагы дебюту апасынын курсагында кезинде эле башталган. Уилл Смиттин «Just the Two of Us» ырынын клибинде Жаданын кош бойлуу учуру тартылган. Андан кийин 4 жашында кайрадан атасынын “Кара кийимчен адамдар-2” тасмасына жазылган саундтрегинин клибинде экранга чыккан.

Уилл баласын өзү тартылган тасмаларда эпизоддук ролдорго тартып, алдыдагы жеке ийгилигине таптап келген десек болот. 2008-жыл. “Бактылуулукка умтулуу” (“В погоне за счастьем”) биографиялык драмасы жарыкка чыкты. Анда Жейден менен Уилл өз бактысын, жакшы жашоону издеген ата-баланын ролунда болчу. Ошол учурда 8 жаштагы Жейдендин тасмадагы каарманы 5 жашта болчу. Көрөрмандарга да, кино сынчыларга Жейдендин актёрдук чеберчилиги жагып, атасына караганда уулу 3 абройлуу кино сыйлыкка татыган.

“Каратэ-өспүрүм”

8 жаштагы Жейден ошол эле жылы “Матрицанын” жылдызы Киану Ривз менен биргеликте “Жер токтогон күн” фантастикалык тасмасына тартылат. Мындан эки жыл өткөндөн кийин улуулардын да, жаштардын да купулуна толгон “Каратэ-өспүрүм” жарыкка чыккан. Жеки Чандан кунг-фу үйрөнүп, өзүн келекелеген балдарга каршы чыккан өспүрүмдүн образы. Тасманы Жейдендин ата-энеси жана актёр Жеки Чан каржылаган, 2010-жылы прокатка чыккан тасма ошол жылдагы эң көп киреше алып келген тасмалардын катарына кошулат. Жейден 1 жылга жакын каратэ өнөрүн үйрөнүп, биринчи жолу кыз өпкөн. Анан да биринчи жолу ырдап чыккан. Тагыраагы, тасмада жаңырган “Эч качан эч качан деп айтпа” саундтрегин ырчы Жастин Бибер менен Жейден Смит аткарышкан. Кызыгы, тасманын саундтреги музыкалык чарттарда көпкө чейин лидерлик саптан түшкөн эмес. Дал ушул “Каратэ-өспүрүм” Жейденге дүйнөлүк атактуулук алып келди.

Атанын уулу

Кайрадан атасы менен бирге чыкты экранга. Анда Жейден чоңоюп (15 жаш) калган эле. 2013-жылы илимий-фантастикалык “Биздин замандан кийин” киносунда Уилл менен Жейден кайрадан ата-баланын образында тартылышкан. Негизи фантастикалык жанрдагы тасмаларды көпчүлүк чочулоо менен кабыл алышат эмеспи. Бул жолу Жейденге мактоо сөздөрүнө караганда сын сөздөр, өзгөчө “таланты жок, атасынын арты менен тартылып жүрөт” сыяктуу кептер айтылган. Мындан улам жаш актёр карьерасында тыныгуу алат. 2016-2017-жылы гана “Нетфликсте” Смит башкы ролдордун бирине тартылган “Күйдүрүү” сериалы чыгып, бул ирет көрөрмандардын жогорку баасына арзыган. Арты-артынан тасмаларга тартылбайт, бирок көңүлүнө жаккан роль болсо баш тартпайт. “Актёрлукта атаңдын деңгээлине жетем деген ой барбы?” деген суроого: “Атамдын деңгээлине жетүү мүмкүн эмес. Анткени ал ушунчалык улуу адам. Кесибинде болобу, жашоодобу, атамдан көпчүлүк үлгү гана алса болот. Ушундай жөнөкөй, жакшы адамдын баласы болгонума сыймыктанам”,- дейт атасы тууралуу баласы.

Козголоңчу

Айрыкча батышта Жейден Смитти рэпер катары да жакшы таанышат. Ырчылык дебюту Жастин Бибер менен болгон дебедикпи. Андан бери Смит музыкалык жаатта да өстү. Азыр ал өзү ыр жазат, музыка чыгарат. Бир нече альбомдун ээси. Киного караганда ырларынын саны бир нече эсеге көп.

Модель жана модельер. Жейден карындашы менен биргеликте MSFTSrep кийимдер брендин иштеп чыккан. Бул бренддин продукциясы аялдардыкы же эркектердики деп бөлүнбөйт. Анткени актёр кимге кандай, эмне кийим жакса ошону кийиши керек деген пикирде. 2016-жылы Louis Vuitton компаниясынын көргөзмөсүндө юбка кийип чыккан Жейден коомчулуктун сынына кабылган. Компания биринчи жолу айымдардын кийимин жарнамалоо максатында эркек моделди подиумга чыгарган эле. Жейден бул кадамын коомчулуктагы шылдыңдоолорго каршы чыкканы менен түшүндүргөн: “5 жылдан кийин юбка же башка аялдардын кийимин кийген бала шылдыңга калбасын деп мен азыр чыгып жатам”. Азыр деле Смит мода жаатында “козголоңчулардын” катарында. Кыздардын кийимин эркектердики менен ыңгайлаштырып көп эле кийип алат, негизгиси өзүнө ыңгайлуу болсо болду.

Вегетариан. Мобилдик ресторан ачкан. Ал ресторан улам орун которуштуруп, үйү жок селсаяктарга веган тамактарын таратат.

Атактуу ата-эненин атактуу уулу болгондуктан мектепте ашыкча көңүл буруу болуп, үйдөн окууга өткөн. Азыркыга чейин мектепте окуу бекер убакыт коротуу экенин, үйдөн окуу көп убакытты үнөмдөөрүн айтып келет.

Тапкан каражатынын көп бөлүгүн кайрымдуулук иштерине жумшайт.

Сүйүү фронтунда...

Сүйүү фронтунда Жейденди “бабник” десе жарашса керек. Мындай пикирге анын тизмесиндеги кыздардын саны себеп, коомчулукка билингендериники эле. Актрисалар Мэдисон Петтис, Амандла Стенберг, Одесса Эдлон, Кара Делевинь, ырчы Стелла Хаженс, моделдер Софиа Ричи, Кайли Женнер, Сара Снайдер, Сабрина Зада... Айтор, сүйүүнүн жетишсиздигине даттанбаса керек.

 

Асыл Орозбекова 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1127, 11-17-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан