Досуңду көрсөт – ким экениңди айтайын

“Ким менен тыгыз байланышта болсоң – сен да ошондой адамсың” деген сөз бар психологияда. А сиз ким менен байланыштасыз? Досторуңуз кандай адамдар? Алардан кандай энергия аласыз? Айланаңыздагы адамдар сиздин жашооңузга таасир этеби же жокпу? Ушундай суроолорду берип көрдүңүз беле өзүңүзгө? Келгиле, бул суроолорго жооп издеп көрөлү...

Жашооңуз кимдер менен өтүп жатат?

1-топ

Айланаңызда айласыз сүйлөшкөн, мисалы, жумуш боюнча же айылдаш, тууган, классташ, группалаш жана башка адамдар бар. Аларга “жок!” деп кесе айтканга мүнөзүңүз, тарбияңыз жол бербейт. Бирок ортодогу байланыштан эч кандай пайда, ырахат ала албайсыз.

2-топ 

Мисалы, бир адам менен 10-15 жылдан бери доссуз. Ошол жылдар аралыгында ортоңуздарда кандай пайдубал турду, суроо жаратат. Жолугасыздар, ар ким өзүнүн маселесин айтат, оору-сыркоосу менен бөлүшөт, анан тарап кетишет. Мындай байланыш жаман дегенден алыспыз. Ошентсе да достукту кээде сынап турган ашыкча болбойт. Адамдын колунан эч нерсе келбей калганда, өзү эч кимге жардам бере албагыдай абалга келгенде достук сыналат. Ким кол сунса, материалдык же моралдык жактан, ким жаныңда акырына чейин турса, дос тандоодон жаңылган жоксуз. Ал эми колуна ашыкча акча же бийлик келгенде адам кандай өзгөрүлөрүн билесиз да, бул фактор менен да жакын адамдар жакшы иргелет.

3-топ

Эми жалпылап, сизде оң жана терс эмоция жараткан адамдарды эстеп көрүңүз. Туугандар, достор, тааныш, кесиптеш, классташ, группалаш, айтор, жаныңызда жүргөн адамдарды үч топко бөлүңүз. Кимиси менен сүйлөшкөндө оң энергия, эргүү, позитив, жаңы багыт, жаңы идея аласыз да, ким менен сүйлөшкөндө тескерисинче энергияңыз кетип, алсырап, эмоционалдык чайпалууга туш болосуз? Кээ бирлерин 1-топко да, 2-топко да кошулбай, ортодо илең-салаң болуп жүргөндөр деп 3-топко бөлүңүз. Керек болсо блокнотко жазып чыгыңыз адамдардын аттарын, анан 3 топко бөлүңүз. Кайсынысы көбүрөөк болду: оң эмоция жараткандарбы, терс же илең-салаңдар?

Иретке келтирүү

Кантип? Ушунча жылдан бери чогуу жүргөн жакындарымды кет деп айтмак белем дейбиз. Кет дебей эле коюңуз, бирок жакындарыңызды бир аз иретке келтириңиз. Өзгөчө 2-топко (терс эмоция) кирген адамдардан алыстоо керек, алардан кол жуусам эмне болот, эл эмне дейт деп коркпоңуз. Башкалардын сиз жөнүндө эмне ойлонуп жатканын анализдеп күн көргөн туура эмес, анткени адам баласы жакшы болсо да, жаман болсо да өмүр бою артынан сөз ээрчий берет. Жакпайбы, сизге дискомфорт жаратып жаткан кандай учур болбосун “жок!” деп айтканды үйрөнүңүз! Алгачкы кадамдарды жасап көрүңүз, анан шыпылдап улантып кетесиз. Сыйлуу орун бош турбайт демекчи, бош орунду татыктуу адамдар менен толтуруу керек.

Тандоо

Байкасаңыз, окшош адамдар бир топко биригип жүрүшөт. Тамеки чеккендердин жанында сөзсүз тамеки чеккен, арак ичкендин досу да арак ичет, спорт менен машыккандардын айланасында сөзсүз өзүнө окшош спортчу, тамак сүйүүчүнүн жанында да өзүнө окшош гурмандар топтолгон. Мындай мисалдар көп, чынбы? Андыктан жогоруда бош калган орундарга ийгиликтүү, акылдуу, эмгекчил, жаман сапаттардан алыс адамдарды кошуңуз, таанышыңыз. Ошол адамдар биздин жашоодогу баалуулуктардын түптөлүшүнө, дүйнө таанымыбызга, алдыга койгон максаттарга, адаттарга түздөн-түз таасир этишет. Жашооңузду жакшы нукка бура турган, жакшы өзгөрүүлөрдү алып келе турган адамдарды тартыңыз, тартылыңыз. Өзүңүз да башкаларга үлгү болгудай болуңуз. Ал үчүн ар тармактан билим алуу, көп китеп окуу, саякаттоо, акыл жөндөмүңүздү максимумга жеткирүү, күнүгө жаңы нерсе үйрөнүү, оң жана терс дегенди ажырата билүү аракетин канча жашка келсе да токтотпоо керек.

Чемпион

Сиз чемпионсуз! Бул жашоого келгендин өзү жеңиш экенин биле жүрүңүз. Бардык эле адам кыялында идеалдуу жашоону элестетет. Кыялдагыдай жашоо ар кимде ар кандай болушу мүмкүн. Бири заңгыраган ак сарайда жашасам деп кыялданат, бири ушундай жумушта иштесем дейт, дагы бири чоң үй-бүлө курсам, ар кайсы мамлекетке саякаттап эле жүрө берсем, илимде жетишкендикке жетсем, ачылыш жасасам дегендер да бар. Сиздин кыялыңыздагы жашоо кандай? Алма быш, оозума түш деп отура бергенде эле биз элестеткен нерсе өзү келип калса кана?! Кыялга жетиш үчүн адам туура максат коё билиши кажет. Эң алгачкысы – өзүн сыйлоо, өзүн сүйүү, өзүн өнүктүрүү, айтор, өзүн биринчи планга чыгарышы керек. Өзүнүн суроо-талабын, өзүнүн керектөөлөрүн канааттандырганда, толтурганда гана келечекке болгон максаты так болот. Эгер өзүн биринчи планга койбосо, жанындагылардын кыялы, алардын максаты үчүн гана жашаган көлөкөгө айланат.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1128, 18-24-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан