Кой
(21.03–20.04)
Убактыңызды толугу менен үй-бүлөңүзгө арнап, үй ичинде жагымдуу атмосфера түзсөңүз болот. Жакындарыңызга жагымдуу күн тартуулоо менен өзүңүз да кубанычты, гармонияны сезесиз. Бойдоктор, мамиле курууда ою түз эмес адамга жолугуп калышы мүмкүн. Андыктан сокур сезимдин тузагына түшпөйүн десеңиз, ал адамды алгач ар тараптан изилдегенге аракет кылып көрүңүз. Акчага байланыштуу бардык маселелерди өз пайдаңызга чечип аласыз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Жаңы иш баштоо үчүн ыңгайлуу учур эмес. Тагдырдын бурулушун күтпөй, ал бурулушту өзүңүз жасаңыз, эрктүү, тайманбас, тобокелчил букачарлардын көбү ушул аптада жеңишке жетишет. Ыраазы болгонду, кенедей нерседен да позитив көргөндү үйрөнүңүз. Маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңы келишимдерге кол койбой туруңуз. Айымдар тажрыйбасы жана билими жетпеген иштерде акылмандыгын салып, абалдан чыгып кетишсе болот.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Сизден күчтүү таянычты көрүп калган адамдар алсыздыгыңызды кабыл ала албай алыстап кетиши мүмкүн. Буга капа болбоңуз, жаныңызда жалаң тандалгандар калышат. Эгер бизнесте жолуңуз болбой жатса, анын башка багытын өздөштүргөнгө аракет кылып көрүңүз. Сүйүүдө эски жараңызды козгогон жагдайлар орун алышы мүмкүн. Бойдок айымдар сулуулугу, өзгөчө аялдык энергиясы менен көп мырзалардын көзүнө түшүп, кымбат белектерди алышат.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Таасирдүү тааныштарыңызга жардам сурап кайрылып, маанилүү ишиңизди бүтүрөсүз. Бизнес баштаңыз, капиталыңызды кирешелүү тармакка салыңыз. Жан дүйнөңүз менен акылыңыз согушкан абал жаралат, кайгыруу, кубануу сезимдери аркылуу тажрыйба топтойсуз. Ал эми акыл бардык сезимдериңизди талдап, тыянак чыгарып берет. Акыл тарапка ыктасаңыз адашпайсыз. Мырзалар бул аптада эмоциясын башкарышы керек, агрессияга жол беришсе, бардык пландарын таш кабат.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Энергияңыз ашып-ташып, тоону томкорчу күчкө ээ болосуз. Мындай учурда эч бир маселе сизге көйгөй жаратпашы бышык. Өнөктөштөр менен келишим түзүүдө өзүңүздүн кызыкчылыктар менен кошо өнөктөштөрүңүздүкүн да унутпаганыңыз жакшы. Өткөнгө саресеп салып, байкоо, талдоо менен көп ийгиликтерге жетсеңиз болот. Айланаңыздагылар туура эмес кеңеш берип адаштырганга аракет кылышы мүмкүн, андыктан өзүңүздүн туюу сезимиңизге гана ишениңиз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Өткөнүңүздүн туткуну болбоңуз, сиз аны өмүр бою эстей берчү жаза эмес. Башкаларга да өткөнүңүздү айттырып өзүңүздү айыптоого жол бербеңиз. Физикалык кыймылды талап кылган бардык жумуштарыңыз өз убагында бүтөт. Каржылык абалыңыз жакшырат, анын артынан чакан саякатка чыгып келсеңиз да болот. Бул мезгилде ишиңизде ката кетирбөөгө жана жетекчиликтин, кесиптештердин сынына кабылбоого аракет кылыңыз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Апта сиз үчүн жай жана бир нукта өтөт. Өзүңүздү позитивдүү энергия менен кубатташыңыз керек, болбосо узак мөөнөттүү депрессияга түшүп калуу коркунучу бар. Жаңы жолугушууларды уюштуруп, таанышуулар үчүн эшик ачсаңыз болот. Талыкпаган активдүүлүк, бир нерсеге болгон туруктуу кызыгуу сизди тобокелчиликке барууга мажбурлайт. Эгер ишти алкоо, мактоо сөздөрүн угуп, абройлуу болуп баштап жатсаңыз ийгилик сиз тарапта болбойт.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Кандай гана иш болбосун туруктуу эмоционалдык абалыңызды сакташыңыз керек. Ошондо гана бардык баштаган ишиңиз өз нугу, багыты менен кетет. Ички карама-каршылыкка туруштук беришиңиз зарыл, кээде энергияңыз толкуп-ташса, кээде жалкоолугуңуз кармап калат, ушундай учурда тең салмакты сактап калганыңыз жакшы. Бойдоктор сүйүүдө реалдуу көз карашка ээ болгону жакшы. Азыр күйүп жанган сезимдер кайсы бир күнү өчүшү мүмкүн, баарына убакыт тараза.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жолуңузда көйгөйлөр менен беттешпөөгө канчалык аракет кылганыңыз менен, ал аракетиңиз ишке ашпайт. Өз позицияңызды коргоп, адамдар менен конфликтке барууга туура келет. Бирок сүйлөшүү, түшүндүрүү жолунан кайтпаңыз, эмоцияңызды колдоном десеңиз ал сизге карама-каршы иштейт. Жакындарыңызды кубантуу үчүн аларга белектерди алып, ири чыгымга учурашыңыз мүмкүн. Сизге тиешеси жок чагымчылдыкка аралашып калуу ыктымалдыгы жогору.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Жумушта олуттуу өзгөрүүлөр күтүлөт, ал сизге жакпай, жумуш ордун которуу ою келиши мүмкүн. Ден соолугуңузга аяр мамиле жасаңыз, эгер организмиңиз кандайдыр бир белгилерди берип жатса, эртерээк чара көрүшүңүз абзел. Кыйынчылыктар коштогон узак сапар күтүп турат, жакшысы ушул аптага пландалган сапарларды кийинкиге жылдырып турганыңыз оң. Негизсиз тынчсыздануу сезими да энергия ресурсуңузду кетирет, туура ойлонуудан энергияңызды үнөмдөйсүз.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Ашыкча ишенчээктигиңиз, чөйрөңүздөгүлөрдүн кайдыгерлиги чыр-чатактарга, кырсыктарга, үй-бүлөдөгү түшүнбөстүктөргө алып келиши мүмкүн. Табияттан энергия алчу убактасыз, тоого чыгып, жөө басып саламаттыгыңызды жакшыртыңыз. Турмуш-тиричилик шаймандары менен иштөөдө жана транспорт каражаттарын айдоодо этият болуңуз. Жеке мамиледе жылдыздар сизге туруктуу сүйүүнү убада кылышат. Кокусунан уюшулган жолугушуу сиз үчүн тагдыр чечүүчү болуп калышы мүмкүн.
Балык
(20.02–20.03)
Сизди сындаган, кемчилигиңизди издеп, ошол нерсеге гана басым жасаган адамдардан өзүңүздү оолак кармаңыз. Бул нерсе сиздин психикалык саламаттыгыңызга терс таасирин тийгизет. Тырышчаак, сабырдуу балыктарды жылдыздар чоң ийгиликтер менен сыйлайт. Баштап, бирок бүтүрө албай жүргөн бардык иштериңизди аягына чыгарасыз. Айланаңызда ушак-айың кептер болот, сиздин ийгилигиңизге, кимдир бирөөлөр көрө албастык кылышы мүмкүн.