Синоптиктер “жамгыр жаайт” же “күн ысыйт” деп эскертишсе, демек, даярдана жүрүш керек. Буга өлкөдөгү сел каптоолор, оор жоготуулар мисал. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология кызматынын башкы адиси Айжанат Бактыбекова кесиби, анын өзгөчөлүгү, августта күтүлүп жаткан аба ырайы жана башкалар тууралуу айтып берди.
– Айжанат айым, Кыргызстанда аба ырайын алдын ала божомолдоп билүү иши качан башталган?
– Алгачкы жолу 1856-жылы Ысык-Көлдүн Ак-суу айылына орус саякатчысы Николай Северцов тарабынан метеорологиялык станция ачылган. Ал жерде жаан-чачын, абанын температурасы, атмосфералык кубулуштарга байкоо жүрүзүлүп турган. Кийин акырындап Каракол, Гүлчө, Токмок, Пишпек жана башка метеостанциялар курулуп, 1926-жылы 18-июлда метеорологиялык бюро түзүлгөн. Аталган дата ошондон бери Кыргызстандын гидрометеорология кызматынын күнү катары белгиленип келет. Учурда өлкөдө синоптиктер иштеген 35 метеостанция бар. Алардагы байкоочу синоптиктер ар үч саат сайын учурдагы аба ырайы жана метеорологиялык кооптуу кубулуштарга байкоо жүргүзүшөт. Ошондой эле автоматтык түрдө иштеген 92 метеостанция бар.
– Аба ырайын канча күн мурда жана кантип аныктайсыздар?
– Кыргызстан 1994-жылдан бери Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун курамында. Ошондой эле уюмга дүйнөдөгү БУУнун курамында болгон өлкөлөр кирет. Уюмдун мүчөсү катары ар бир мамлекет өзүнүн аймагындагы аба ырайы тууралуу маалыматтарды берип турууга милдеттүү, ошол эле учурда маалыматтарды алууга да укуктуу. Ал маалыматтар атайын метеорологиялык борборлордо иштелип чыгып, математикалык сандык моделдөөлөр аркылуу күтүлүп жаткан аба ырайы жөнүндө маалыматтарды чыгарышат. Атайын спутниктер атмосферанын стратосфера катмарындагы аба ырайынын жалпы көрүнүшү тууралуу маалыматтарды берет. Ал эми синоптиктер ал маалыматтарга анализ жүргүзүп, ар бир аймактын климаттык өзгөчөлүгүн эске алуу менен аба ырайынын болжолдоолору түзүлөт. Анан жыйынтыкта 7 күнгө кыска мөөнөттүү, 8-9 күнгө орто мөөнөттүү, 1 айга узак мөөнөттүү аба ырайынын божомолун чыгарып турабыз.
– Мисалы, Москвада катуу суук болсо, ал суук 3 күндөн кийин Кыргызстанга келет деп айтылып жүрөт, чындыгы барбы?
– Бул циклон (куюн түрүндөгү аба массасы) жана антициклондун пайда болгон жеринен жана траекториясынан көз каранды. Мисалы, бизге батыш таратпан циклон келе жатат дейли, ошол эле кезде түндүк тараптан антициклон пайда болсо, ал циклондун траекториясын өзгөртүп салышы мүмкүн. Мындай учурда Москвадагы сиз айткан суук бизге келбей калат. Эгер антициклон болбосо келиши ыктымал.
– Мезгилдик аба ырайын алдын ала божомолдоого мүмкүнчүлүк жокпу?
– Мүмкүнчүлүк жок, ал үчүн бизге заманбап техникалык каражаттар, илимий борборлор жетишпейт.
– Аба ырайы боюнча божомолуңар дал келбей калган учурлар болобу?
– Чанда болот. Жогоруда айткандай, батыштан келе жаткан циклондун агымын антициклон башка жакка буруп салганда божомолубуз так чыкпай калышы мүмкүн.
– Кыска мөөнөттүү божомол канча пайыз туура чыгат?
– Божомолдор 80 пайыз туура чыкса, жакшы деп бааланат. Биз 7 күнгө алдын ала божомол бердик дейли. 1-сутка үчүн берген божомолубуз 95 пайыз, 2-3-суткадагылары 93 пайыз, 4-5 суткага бергенибиз 91 пайыз, 6-7-суткадагылары 88 пайыз так чыгат.
– Метеорология менен синоптиканын айырмасы эмнеде?
– Метеорология – атмосфера жана анын түзүлүшү, анда болуп жаткан процесстерди изилдей турган илим. Синоптика – метеорологиянын бөлүмү, аба ырайын аныктайт.
– Өлкөбүздө быйыл жамгыр көп жаап, сел каптоолор көп болууда. Август айына божомол кандай?
– Август айы боюнча болжолдуу маалымат даярдалган. 7 облуста тең абанын айлык орточо температурасы, жаан-чачын климаттык нормага жакын болушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү 11-19 миллиметр, тоо этектеринде 30-32 миллиметрди түзөт.
1 миллиметрлик жаан-чачын – бул 1 чарчы метр аянтка салмагы 1 килограммдык жамгыр жаады деген сөз. 30 миллиметр болсо, демек, 1 чарчы метр жерге 1 айда 3 чака жамгыр жаайт. Чүйдө күндүз ысык +37 градуска чейин жетип, түндө +22 градуска чейин түшөт. Талас жана Ысык-Көлдө күндүз +32 градуска чейин жетип, түндө +18 градуска чейин ылдыйлайт. Ош, Жалал-Абад, Баткенде күндүз +38 градуска чейин жетери, түндө +25 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. Нарында күндүз күндүн табы +31 градуска чейин жетип, түнкүсүн +15ке чейин азайышы болжолдонууда.
– Жакшы. Адис катары айтсаңыз, селдин себептери эмнелер болууда?
– Нөшөрлөп жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн болгондо биз шашылыш билдирүү таратабыз. Кайсы жерлерде нөшөрлөп жаан жаайт жана сел жүрөт? Абасы абдан ысыган жана нымдуулук көбөйгөн аймакта. Өтө ысыкта аба жылыйт, көл, көлмөлөрдөгү суунун бети бууланат. Табигый процесс уланып, жыйынтыгында жамгыр жаашы күтүлөт. Демек, кайсы жерде күн абдан ысып, суулар көп бууланса, ошол жерде көп жамгыр жаап, сел жүрөт. Эгер ысык аба менен нымдын өлчөмү көп, абанын агымы күчтүү болсо кара булут 10 чакырым бийиктикке чейин жетип, нөшөрлөгөн жамгырды пайда кылат. Мындай жаан бир нече мүнөттөн тартып 3 саатка чейин созулушу мүмкүн.
Канымжан Усупбекова