Ош, Баткен аймактарын байырлайт
Шнайдердин тартагай кескелдириги өлкөбүздө сейрек кездешет, ошондуктан Кызыл китепке киргизилген. Баткендеги Тохтабуз (Тохтабоз) тоо тилкелерин, Лейлек жана Сох дарыяларынын төмөн жагын, Араван айылына жакын жайгашкан Кеклик-Тоо кыркаларын байырлайт. Денесинин узундугу 16 сантиметрге, салмагы 90 граммга чейин жетет. Денеси өтө ийкемдүү, чапчаң, шамдагай кыймылдайт. Көзү курч, сак кулак. Бардык сойлоп жүрүүчүлөрдөй эле денесинде туруктуу температура болбойт. Айлана-чөйрөнүн температурасына жараша өзгөрүп турат. Ошондуктан түндө муздап калган денесин эртең менен күнгө кактанып жылытат.
Июль, август айларында жумурткалайт
Көбүнчө тоонун дарак, бадалдар сейрек өскөн таштуу, кумдуу этектеринде, чополуу жерлерде, суулардын кургап калган нуктарында, айрым учурларда бадал-камыш аралаш өскөн көл, суу жээктеринде, жүзүмзарларда кездешет. Узундугу 2 метрге, тереңдиги 60 сантиметрге жетерлик ийин казууга жөндөмдүү. Бирок көбүнчө жерге уя салчу куштардын уяларын, кемирүүчүлөрдүн, таш бакалардын ээн калган ийиндеринде жашап алат. Жемин күндүз издейт. Чегиртке, чымын, саратан, аары, чаян, коңуз сыяктуу курт-кумурскалар менен тамактанат.
Ургаачысы июль-августта 6-8 жумуртка тууп, басып чыгарат. Балдары өздөрү жарыкка келген уя же ийинди кыштап чыгат же дайыма жашоо үчүн колдонушат.
Жашаган аймагы тарып баратат
Санынын кескин азайып жатышынын себептер – жаңы жерлердин өздөштүрүлүшү, адамдардын кол салышы, малдын саны көбөйүп алар байырлаган аймактарга чейин жайылышы. Жырткыч куш, чоң жыландар, сасык күсөн, чөл түлкүлөрүнө көп жем болуудан да саны азаюда дешет адистер. Демек, алар байырлаган аймактар коргоого муктаж.