Бегимай Канкелдиева, Швецияда жашаган мекендеш: “Шведдер бекерчилерди жаман көрүшөт”

Швеция – Түндүк Европада жайгашкан Скандинавия өлкөлөрүнүн бири. Элинин билим деңгээли, бардар жашоосу, таза экологиясы жана кылмыштуулуктун аздыгы менен белгилүү. Швеция дүйнөгө айтылуу “Нобелди”, Volvo унааларын, “Abba” жана “Roxette” топторун жана башкаларды берген. Каарманыбыз Бегимай Канкелдиева 4 жылдан бери аталган өлкөдө жашайт. “Бул жакта балдарга мамиле өзгөчө. Баланы урушуп, кагып-силккениң үчүн да жаза бар. Биринчи орунда балдар, экинчиде аялдар, үчүнчүдө жаныбарлар, төртүнчү орунда эркектер турат”,- дейт Бегимай.

“Испанияга барсакпы дегенбиз, бирок Швеция жагып туруп алды”

– Аты-жөнүм Бегимай Канкелдиева, 1991-жылы Жалал-Абад шаарында төрөлгөм. Ал жакта №4 мектепти аяктап, Жалал-Абад эл аралык университетинде программист-экономист кесибине ээ болгом. Өз кесибим боюнча такыр иштеген жокмун. Алгач уюлдук компаниялардын биринде иштедим. Кийин сулуулук салонунда визажист болуп иштеп жүрүп, өзүм салон ачканга жетиштим. Турмушка чыккандан кийин жолдошум экөөбүз Орусияга иштегени кеттик. Кыргызстандан үй-жай камдап, кайра мекенибизге кайттык. Бирок менин да, жолдошумдун да максаты чет өлкөдө жашоо эле. АКШ же Европада жашасак деп кыялданчубуз. Балдардын сапаттуу билим алышына ыңгайлуу, жашоо шарты түзүк өлкөнү издедик. Башында вариант катары Испанияны карап жатканбыз, бирок бизге негедир Швеция жагып туруп алды. Бала-чака менен барып жашаганга ыңгайлуу өлкө деп кеңеш беришти тааныштар, чын эле ошондой экен. Айрыкча балдарга болгон мамиле өзгөчө. Эч бир тааныш-билиши жок, туристтик виза менен эле 2020-жылы 2 уулубуз менен келе бергенбиз. Бул жактан баарын нөлдөн баштап бутка турдук.

“Балдар мектепте бекер окушат, өгөйлөнбөйт”

– Швециянын борбору Стокгольм шаарында турабыз. Табияты кооз, тегерегин чакан көлдөр курчап турат. Мектептерде балдарды сууда сүзүүгө үйрөткөн сабактар бар, кокусунан көлгө түшүп кетсе сүзүп чыкканды ар бир бала билиши керек. Биз көчүп келгенде жолдошум курулуш тармагына жумушка орношуп, компаниядагыларга күйөөмдүн иштегени жагып калып, бат эле документтерибизди жасап беришкен. Болбосо бул жакта мигранттарга оңою менен документ жасатууга уруксат беришпейт. Балдарыбыз мектепте бекер окушат, окуу куралдары менен мамлекет камсыздайт. Мен күндө балдарымдын сумкасына жакшы көргөн жер-жемишин, анан которуп кийүүчү бир сыйра кийимин гана салып жөнөтөм. Орусияда да жашаганбыз, ал жактагы мектептерде мигранттардын балдары көп кодуланышат. Бул жакта баарына бирдей мамиле, улутуна, динине, расасына карап бөлүү деген түшүнүк жок. Мен Стокгольмдогу мейманканага бөлмөлөрдү жууп-тазалоочу кызматкер болуп ишке орношком. Бул жакта мигрант аялдардын көбү мендей “горничная” же товар таңгактоочу болуп иштешет. Өз кесибим менен иштейин десем, жумушчу визам жок.

“Мен төрөгөндө күйөөмдү кошо декреттик өргүүгө чыгарышты”

– Шведдердин балдарга жакшы мамилесин мындан билиңиз, Кыргызстанда ар бир экинчи кадамда кафе, тойкана, соода түйүндөрү болсо, бул жакта кадам сайын балдар ойноочу сейил бактар. Мен 3-баламды ушул жактан төрөп, учурда декреттик өргүүдөмүн. Аялдарга кошо күйөөлөрүн да декреттик өргүүгө чыгарып, аларга айлыгынын 60-70 пайызын төлөп беришет. Анткени аял жаңы төрөгөндө күйөөсүнүн жардамына муктаж деп эсептешет. Бизге да ошондой шарт түзүп беришти. Акчага зарыкпайсың, иштебей бекер жатам деп өзүңдү жебейсиң, кенен жашайсың балдарың менен. Бул жакта швед айымдары декрет убагында балдарын күйөөлөрүнө таштап, өздөрү саякатка чыгып кетип калышат экен. Таң калганым - Стокгольмдон унаасынын сигналын баскылап, кыйкырып, сөгүнгөн бир дагы айдоочу көрбөдүм. Жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп баратып токтоп туруп калсаң, айдоочулар канча болбосун күтүп тура беришет. Шведдер кечиккенди, бекерчилерди, анан билимсиздерди жаман көрүшөт. Кечигип жатсаң жок дегенде “мен ушунча мүнөт кечигип барам, кечирип коюңуз” деп жазып коюш керек. Эмгекчил адамдарды абдан баалашат, дени соо адам ажаткана жууп болсо да иштеши керек дешет.

“Айлыгыбыздын 35 пайызын салыкка төлөйбүз”

– Жолдошум айлыгынын 33 пайызын салыкка төлөйт, мен 35 пайызын төлөчүмүн. Бирок биз буга нааразы эмеспиз, анткени балдарыбыз бекер окуп, 16 жашка чейин бекер медициналык кызмат алышат. Мен мейманканада 2 ай иштегенде эле Украинада согуш башталып, качкындар келе башташты. Швед бийлиги качкындарды жумуш орду менен камсыз кылган бардык компанияларга жеңилдиктерди берди. Украиндер көбү орус тилинде сүйлөшөт эмеспи, мени орусча билесиң деп эки айдан кийин эле бөлмөлөрдү жууп-тазалаган кыздардын бригадири кылып коюшкан. Швеция жашыл өлкө, шаары таптаза, эч бир жерден таштанды көрбөйсүң. Таштанды сорттогон заводдордун саны боюнча дүйнөдө алдынкы орунда турат. Жай мезгили кыска болот, климаты нымдуу. Швецияга келгенден бери менде баш оору, чарчоо, сасык тумоолоп калуу дегендер жоголду. Билбейм, балким, бул климаттандыр. 

“Келечегибизди Кыргызстандан көрөбүз”

– Европада түбөлүк жашап калуу ниетибиз жок, кайсы бир күнү сөзсүз кетебиз. Швециянын жакшы гана жактарын Кыргызстанга алып кеткибиз келет. Бул жакта эне тилиңерде сүйлөбөгүлө деген тыюу дагы жок. Шведдер, тескерисинче, “балдарыңар менен өз мекени тууралуу кенен сүйлөшкүлө, тарыхын айтып бергиле, болбосо биз мектептен аларды үйрөтө албайбыз” дешет. Үйдө кыргызча эле сүйлөшөбүз. Балдар да “Кыргызстанга качан кетебиз, сагындык” деп турушат. Швециянын жарандыгын алганга документ тапшырып койгонбуз, буюрса, жылда Кыргызстанга барып эс алып келгенге шарт түзүлөт.

Швеция тууралуу кызыктар:

• Көпчүлүгү электромобиль айдайт, ошол үчүн да абасы таза болсо керек

• Ар бир адамда кол телефон болгондой эле, ар бир шведдин велосипеди бар. Велосипед популярдуу транспорт каражаты

• Саат 21:00дөн кийин көчөгө дээрлик чыгышпайт. Балдарын 20:30да эле уктатып башташат, 22:00дө көчөгө чыксаң жымжырт болот

• Стокгольм шаарын “Европанын музей борбору” деп аташат. 80 музей бар, ал жакка жылына 9 миллиондон ашык турист барат

• 1979-жылдан бери Швецияда балдарды күч колдонуп жазалоого тыюу салынган. Көчөдө баланы жулкулдатып же урушуп сөөмөй кезесең жазага тартылып калышың толук мүмкүн

• Швецияда таштанды табылбай, аны Норвегиядан ташып келип заводдорун иштеткен учурлар болот

• 12 жашка чейинки балдарды жарнама ишине аралаштырууга тыюу салынган

• Улуу Британия, Швеция жана Финляндия берген паспорттор дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнө визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн берет

• Швецияда калктын 89 пайызы англис тилинде сүйлөйт. 

Лунара Бекиева

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1129, 25-31-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан