“КҮЗГҮНҮН ЭФФЕКТИ” же өз кемчилигиңди башкалар аркылуу көр

Психологияда “күзгүнүн эффекти” деген түшүнүк бар. Бул – жаныңыздагы жакын адамыңыз сиздин ички дүйнөнүздү чагылдырып жатат дегенди билдирет. Күзгү кандай иштейт? Адамдар аны колдонуу менен өз кемчилигин, түпкү аң-сезимде жаткан эмоцияларын кантип билип алышса болот? Психолог Барчынай Кадырбекова менен бирге жооп издейли. 

Психологияда “күзгү” деген эмне?

– Психологияда “күзгүнүн эффекти” деген түшүнүк бар. Бул адамзат өздөштүрө турган терең методика. Күзгүнү түшүнүү менен адам  чыныгы өзү менен таанышат. Бала кезден берки травмаларын, өзү билбеген кемчиликтерин, түпкү аң-сезимде катылып жаткан коркууларын айланасындагы адамдар ачык-айкын айтып беришет. Күзгү кантип иштей турганын түшүнгөндөн кийин адамга жашоо жеңил болуп калат. Ичибизде абдан чоң күч бар экенин, ал күч айланага, керек болсо ааламга таасир эте ала турганын күзгү тастыктап турат. Бул кечээ эле пайда болгон түшүнүк эмес, алмустактан бери келе жаткан нерсе. 

Күзгү кантип иштейт?

– Кадимки эле күзгүдөй иштейт. Мисалы, айнек күзгүдөн биз өзүбүз көрө албай жаткан жерибизди карап оңдонобуз, туурабы? Бетибизде турган такты же кийимдерибиздин бырышын, жарашыктуубу же башкабы күзгүдөн карап билебиз да. Ал эми психологиядагы күзгү – ички дүйнөбүздөгү өзүбүз байкабаган, сезбеген, көңүл бурбаган же билсек да “игнор” кылып жүргөн эмоцияларыбызды башка адамдар аркылуу чагылдырып берет. Мисалы, аял күйөөсүнө  таарына берет дейли, “мунун башка сүйгөнү бар, мага көңүл бурбайт” деп. Күйөө - аялдын өзүндөгү кемчилигин гана чагылдырып берип жатат. Демек, күнөөлөп жаткан аял өз сезимдерине көңүл бурбайт, кайдыгер, эбак эле каалоосуна, сырткы, ички абалына, алтургай аялдыгына кол шилтеп койгон. Анын бул кемчилигин күйөөсү чагылдырып берип жатат. Кантип? Кайдыгер мамилеси, сыйлабастыгы, белек-бечкек бербегени менен аялга “өзүңө көңүл бур” деген сигнал кетирип жатат. Демек, аял күйөөсүн күнөөлөй бербей, акыл калчап “жашоомдо эмнеге  мындай болуп жатат?” деп ички дүйнөсүнө баш бакса сөзсүз жооп табат. 

Чечкиндүү, кыйын аял жана абдан эле жүүнү бош күйөө... Бул абалда күзгү кандай иштеп жатат?

– Жакшы мисал, учурдун актуалдуу темасы десек да болот. Табиятында тиги күчтүү аял деле чечкинсиз эле. Тартынчаак да болгон болушу мүмкүн. Бирок ал сапатын кабыл алган эмес. Тагдырдын бир соккусунан кийин, балким, тажрыйба аркылуу ал аялга чечкиндүүлүк келген. Анын түпкү аң-сезиминде табигый чечкинсиздиги калып кетпедиби. Ошол эмоция жашынып тура берет. Качан гана аял ошол сапатын моюнуна алып, ага ыраазычылык менен карап, психикалык “пророботкадан” өткөндө күйөөсүнүн   чечкинсиздиги жоголуп кетет же жакшы жакка иштей баштайт. 

Адамдар “жаман” же “жакшы” сапат деп бөлүп, кыйнала беребиз, негизи андай түшүнүк жок. Мисалы, чечкинсиздикти жакшы жакка да, жаман жакка да колдонсо болот. Жакшы жагы – чечкинсиз адамдар көпкө ойлонот, миң жолу өлчөп, бир жолу кесет. Кээ бир учурларда бул абдан керек сапат.

Жоош келин жана тажаал кайнене. Булардын абалын күзгү эмне деп түшүндүрөт? 

– Биз жоош болсо эле жакшы адам деп ойлойбуз. Кээде андайлардын ичине ит өлүп калары менен ишибиз жок. Жоош адамдын бет кабын кийип алып, ичтен былгыткандар көп. Кайнене жөн жерден ажаан болбойт, демек, аны кыйкырта турган абал тиги келиндин ичинде болуп жатат. Жөндөн-жөн эле асылбайт, жоош келиндин ичинде жаткан ыплас ойлорду сезет. Же жоош көрүнгөнү менен келиндин ичинде так ошол ажаан кайнененикиндей агрессия жатат. Муну башкалар сезбейт, бир гана кайнене сезип жатат, анткени аялдардын ички туюму абдан жакшы иштейт. Келин ажаан кайненеден кутулуш үчүн ичинен ага сүйүү бериши керек. “Ыраазымын, менин ичимдеги каршылыкты, жаман ойлорду чагылдырып берип жатасыз” деп ага ыраазы болуу менен абалды коё берсе, экөөнүн мамилеси туура жолго түшөт.

Адам күзгүнүн табиятын түшүндү, эми кантип өзгөрүшү керек?

– Мурун “мен укмуш адаммын” деп ойлогон, бирок чыныгы жүзүн айланасындагы адамдар, туш болгон кырдаалдар чагылдырып берет. Маселе өзүндө экенин адам кабыл алышы керек. Жек көргөн адамыңызды сындай бербей, “мен киммин, адамдарды жаман же жакшы деп бөлгүдөй сот белем” деген абалга жетсеңиз, түйүн өзү чечилет. Адамдарды сындап, жамандап, кабыл албай түртө берсек эч нерсе өзгөрбөйт. Бирөөгө сиздин мамилеңиз, оюңуз өзгөргөндө гана ал оңоло баштайт. 

Нуржамал Жийдебаева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Akyljan12
2025-03-10 15:39:00
Мен ушул маңыздагы, тагыраагы өзүмдү таануу тууралуу нерселерди көбүрөөк мазмунда окугум келет, ал үчүн кайсы китептер жардамга келе алат? Орусча деле боло берет
0
№ 1129, 25-31-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан